Айбат » Гүлжигит Сатыбеков: “Чын жүрөгүмдөн жазылган ырды эл алдына тартуулабай коюш туура эмес болмок”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Гүлжигит Сатыбеков: “Чын жүрөгүмдөн жазылган ырды эл алдына тартуулабай коюш туура эмес болмок”

Гүлжигит Сатыбеков“Жылдын мыктысы-2014″ сыйлыгыбыздын ээси, 2000-жылдардан баштап, сахнага жол жазап келип, атактуулукка жетип, бир топ ийгиликтерди жаратып, бир топ наамдарды алган Гүлжигит Сатыбеков 2-3 февралда чоң концерт бергени турат. “Репетиция” аттуу концертинин алдында, “Бек Борбиевдин ордун баса турчу ырчы” деп эл кеп кылган ырчы мырза менен маек курдук.

- Саламатсызбы Гүлжигит мырза, ден-соолук, иштериңиз жакшыбы?

– Саламатчылык, рахмат, баары буйруса жакшы.

- Биринчи эле сурообуз, жан эргиткен ырларыңыздын текстин ким жазат?

– Ырларымдын сөзү, обону 100 өзүмө таандык.

- “Мен сенден кетейинчи” жана “Туулган күн” деген ырларыңыз сиздин тагдырыңызга тиешелүүбү же жөн эле көркөм чыгармабы?

– “Мен сенден кетейинчи” деген ырдын тексти бир ырчы кыздын суранычы менен жазылган. Бирок ал кыз турмушка чыгып кетип, “ырдай албайм” дегенинен чын жүрөгүмдөн жазылган ырды эл алдына тартуулабай коюш туура эмес болмок деп, өзүм ырдап чыктым. Ал эми “Туулган күн” деген ырымдын өзүмдүн тагдырыма байланышы жок, жөн гана көркөм чыгарма деп билсеңиздер болот.

- Бул жашоодо өкүнгөнүңүз жана кубанганыңыз эмнеде?

– Жашоодо өкүнгөнүм убакыттын ушунчалык тез өтүп жаткандыгы. Ал эми кубангандыгым ошо убакыт өтсө да, ар бир таңым атып, тиричилик кылып, эл менен аралашып жашоо көрүп жаткандыгымда.

- Чоң сахнага кантип келип калдыңыз?

– Чоң сахнага келиш оңой эмес, бирок мен жашымдан чоң сахнаны арзуу кылып, максат кылгам, ошо максаттарымдын бири орундалып жатат. Ушу сахнада ырдасам, өзүмдүн авторлук ырларымды элге жеткизсем деп ниет, тилек кылып, кыялданчумун жана ушу кыялымдын орундалып, максатыма жетиш үчүн бир топ жерде кара терим менен иштеп, эмгектендим.

Гүлжигит Сатыбеков- Бере турган концертиңизден кандай өзгөчөлүктү күтө алабыз?

– Концертте дайыма сапатына чоң көңүл буруп келгенбиз. Бул концертим дагы мурункуларынан өтө чоң айырмаланат жана жылыш албетте жакшы, оң жакты көздөй. Концертиме келген коноктор кайдыгерлик кылбай, буйурса үч жарым сааттык концерттик программам элге жагат жана көңүлдөрү көтөрүлүп, ыраазы болуп кетишет. Концерт майрамдай өтүп, бул күндөр эсте калаарлык болот деген чоң үмүт бар.

- Концертиңиздин аты эмне үчүн “Репетиция” ?

– Көп элдердин көңүлүн бура алдык, бирок бул тууралуу концертке келген конокторго кененирээк айтып берейин, ага чейин сыр болуп турсун.

- Чоң концертиңиз алдыдабы?

– Туура байкагансыз, чоң концерттер дагы алдыда. Ар бир концерт берген сайын, мага элим күч берип, дагы жогорку деңгээлге көтөрүлүүгө дем берет. Элим ырларымды кабыл алып, батасын берип турса, албетте ийгиликтер жаралып турат. Ар дайым жакшы ой-тилек кылсак, алар орундалат. Андыктан күйөрмандарыма терең ыраазычылык билдирем жана боло турган концертиме конок болуп, чыгармачылыгымды баамдап кетиңиздер деп чакырат элем.

- Маегиңизге чоң рахмат жана чыгармачылыкта дагы бир топ ийгилик жаратып, концертиңизди ийгиликтүү өткөзүп алууңуздарга тилектешмин!

– Сизге да рахмат жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы кыргыз элине салам айтып, аманчылык, токчулук, тынччылык тилеп кетет элем. Бар болуңуздар!

 


Гүлжигит Сатыбеков«Мен сенден кетейинчи»

Сөзү: Г.Сатыбековдуку

Обону: Г.Сатыбековдуку

Бак тиктик, дарактар да куурап калды,

Тамыры сууга жетпей кургап калды.

Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,

Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.

Кайырма:

Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,

Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.

Бактымды бир өзүңө байлаганча,

Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.

Мен сенден кетким келди, кетейинчи,

Баарын ал, каалаганың берейинчи.

Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,

Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.

Көңүлгө бир муздактык уюп алды,

Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.

Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,

Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.

Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,

Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.

Тумчугам кучагыңда түндөр узун,

Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

Айбат гезити №113



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru