Айбат » Бооромбай жана анын доору

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Бооромбай жана анын доору

Бооромбай Бекмурат уулуКыргызстандын Улуттук китепканасында Боромбай Меңмурат уулунун 235 жылдыгына арналган китеп көргөзмө ачылды. 20-январда ошондой эле илимий конференция болуп бул инсандын кыргыз элинин турмушунда ойногон ролу жөнүндө баяндамалар окулду.

Боромбай Меңмурат уулу (эски адабиятта – Бекмурат уулу) – (Болжол менен 1789-ж. – 1858) – XIX кылымда Ысык-Көл, Каркыра жана Текес өрөөндөрүн жердеген бугу уруусунун белек уругунун манабы.

Боромбай 1843-жылы Жууку суусунун боюндагы Кызыл-Үңкүр деген жерге чеп курдуруп, аны ордо кылган. 1844-ж. ал бугу уруусунун атынан Батыш Сибирдеги орус падышалыгынын бийликтерине букаралыкка кабыл алуу өтүнүчү менен элчи жиберген. 1848-жылы дагы бир ирет орус бийликтерине кайрылган. Анын элчилери 1854-жылы сентябрда Омскиге келип, 1855-жылы 17-январда Сибирдеги бул шаарда Орусиянын букаралыгына өтүү жөнүндө бугу уруусунун атынан ант беришкен.

1855-жылы Боромбай орустун подполковник чинин алган. 1855-жылы бугу менен сарыбагыш уруулары чабышкан кезде улам артка чегинип, Текести жердеп калган. Боромбай бугу уруусун сактап калуу үчүн цин-манчжурдук Кытайдан да көмөк сураган, бирок, учурунда көмөк ала алган эмес. Ошондон кийин кайрадан падышалык орус бийликтерине өтүнүч менен кайрылган. 1856-жылы июнда орусиялык тыңчы жана саякатчы, теги казак Чокон Валиханов Боромбайдын Тулпар-Таш капчыгайындагы жайлоодогу айылында болуп, бийдин сүрөтүн тарткан.

Саякатчы Петр Петрович Семенов-Тян-Шанский болсо Боромбай менен 1856-57-жж. Теңир-Тоого саякаты маалында жолуккан. Боромбай ага Карахандар каганаты доорунда Ысык-Көлдү жердеген чигилдер кыргыздардын бабаларынын биринен экенин айткан. 2012-жылы Боромбай Меңмурат уулунун аты Каракол шаарынын мурдагы Октябрь көчөсүнө ыйгарылды.

Заманбап кыргыз тарыхнаамасында Боромбай Меңмурат уулу тууралуу ар тараптуу, калыс маалыматты чагылдыруу зарылчылыгы ал жөнүндөгү бир катар негизсиз же талаш-тартыштуу жоромолдорду тактоону, айрымдарын таптакыр четке кагууну талап кылат.

Tарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяз Молдокасымов “Боромбай жана анын доору жөнүндө” талкуу курушат.

Айбат гезити №113




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru