Айбат » Пайдалуу кеңеш: Кулмак, Мелисса, Мышык тамыр (Дары валерианасы), Күрөң чай, Мисте

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Пайдалуу кеңеш: Кулмак, Мелисса, Мышык тамыр (Дары валерианасы), Күрөң чай, Мисте

КулмакКулмак

кулмактыктар тукумундагы көп жылдык, эки үйлүү, оролуп өсмөө уруусундагы өсүмдүк. Сабагынын жөнөкөй узундугу 3-6 м-ге чейин жетет. Үйлөрдүн тегерегинде жакшы өсөт. Өстүрүлсө оролуп өсөт.

Жалбырагы сабагында тушташ жайгашкан, 3-5 айчыктуу (жалбырак пластинкасындагы оюктары анын туурасынын төрттөн бирине чейин жетет). Гүлдөрү майда, жашыл мала-саргыч. Энелик гүлү (20-40) тобурчак сымал топ гүлдү түзөт. Гүлдөгөндөн кийин гүл жан жалбырактары ургаачылчк машагында көбөйүп, бардык гүлдөрү биригип гүлдөн калыптанган топ мөмө пайда кылат.Үзгөндө да мөмөлөрү бириндеп үзүлбөстөн чогуу үзүлөт. Аны кулмактын тобурчагы дейт. Гүл жан жалбырактарынын ичинде көптөгөн сары безчелер болот. Анда чайыр жыттуу лупулин деген зат бар. Өсүмдүк июль-августа гүлдөйт. Тобурчактары саргыч-жашыл, кийин күрөң сымал болот. Сырье катары кулмактын тобурчагы быша электе үзүлөт. Аны тезинен желдетилген сарайда кагаздын үстүнө жука жайып кургатат. Кургак тобурчактар күрөңүрөөк түстө, жыты анча эмес, даамы ачуураак тобурчакты силкигенде безчелер тез эле бөлүнүп чыгат. Анын кургак сырьесу – лупулин бир жыл сакталат.

Кулмактын тобурчагында 2 эфир майлары, лупулин, фитонциддер, чайырлар,витаминдер (В1,В3,В6,Р,РР), гормондор, боёгуч заттар ж.б. бар. Кулмактын тобурчагындагы лупин сеп алдырмаа касиетке ээ. Витаминдер, гормондор ооруну басаңдатат, зат алмашуунун баардык процестерине оң таасир берет. Бактерияларга каршы, грибокторго да каршы таасир этет. Сезгенген жерге жалбырактарын майдалап жабыштырса болот. Дем алуу органдары сезгенгенде демдеп ичсе жакшы. Батыш Европада дарылоо максатында гүлдөрү пайдаланылат. Медицинада кулмактын тундурмасы колдонулат. Ал үчүн 10 г майдаланган кулмактын үстүнө бир стакан кайнак cуу куюп, 30 минута термосто демдейт. Күнүнө бир аш кашыктан тамакка 20-30 минута калганда үч маал ичсе адам сеп алып, уктайт, гипертония, невроздо колдонулат.

 

МелиссаМелисса

Мелисса, лимон жалбызы, эрин гүлдүүлөр тукумундагы лимон жыттанган көп жылдык чөп.

Тамыры жайылган, сабагы түз, бутактанган. Жалбырактары кезектүү, мутовкага чогулган. Жогорку жалбырактары ромб сымал же узунча, тегерек, кыры түктүү. Гүлдөрү жогорку жалбырактарынын колтугун 3-5тен болуп ээлейт. Гүл таажычасы ак-сары, ак, же мала кызыл түтүкчөдөй, эки эриндүү. Июль-сентябрьда гүлдөйт. Бактарда, огороддордо өстүрүлөт. Сырьесу – жалбырактары менен сабагынын башы. Анда 0.3 эфир майы бар. Курамын цитраль (60), гераниол түзөт. Ошондуктан жыты лимонго окшош болот. Негизги таасири: ооруну басаңдатат, сеп алдырат, ич көпкөндү басаңдатат. Жүрөк оорусу менен жабыркагандарын энтигүү, жүрөктүн тез-тез кагышы мелиссанын таасири менен жоголот, жүрөктүн тушунун ооруганы басаңдайт, жогорулаган артериялык кан басым төмөндөйт.

Элдик медицинада мелиссаны невроздо, кош бойлуулукта кусуп кыйналганда колдонот. Авиценна мелиссаны ич ооруганда, шакый кармаганда ооздон жаман жыт чыкканда, тиш ооруганда колдонгон. Терс таасири жок.

Колдонулушу: 2 аш кашык майдаланган мелиссанын үстүнө эки стакан кайнак cуу куюп, 30-40 минута термосто же чайнекти жылуу ороп, демдейт.Чыпкалангандан кийин ал тундурманы жарым стакандан 2-3 жолу ичсе болот.Териде ириңдүү жара же бут-кол урулуп, сыйрылып кетсе, мелиссаны жанчып, ооруган жерге тартса жакшы болот.

 

Мышык тамыр, даары валерианасы

Валериа на тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Анын түрлөрү абдан көп. Тамыры кыска,андан майда тамыр түптөр таралат. Сабагы түз, цилиндр сымал, тилинип кеткен жолдору бар. Сабагынын узундугу 0.7-1.5 м-ге жетет. Жалбырактары кезектүү, түгөйсүз канаттай татаал; жалпы жалбырак саптын учунда түгөйсүз. Тамырынан чыккан жалбырактар саптуу, жогоркусу-сапсыз. Гүлдөрү майда, жыттуу, сабагынын чокусунда зонтиктей болуп, чоң топ гүлдү пайда кылат. Май-июнда гүлдөйт. Уруктары майда. Cуунун жээгинде,саздарда өсөт. Мышык тамыр огороддордо да өстүрүлөт.

Сырье катары эки жылдык тамыры менен түп тамырлары жаз алдында же кечки күздө казып алынат. Топурагын силкип тезинен муздак cууга чайкап, желдетилген жерге илип коюп, андан кийин көлөкө сарайда же кургаткычта кургатылат. Сууга көп кармаганда тамырлар карарып кетет. Ошондуктан мүмкүн болушунча cууга чайкабай эле, калбырдан топурактан тазаласа жакшы болот.

Мышык тамырдын курамында эфир майлар 0.5-2-ти түзөт. Анын көпчүлүгү майда тамырларда болот.Негизги эфир май изовалериан кислотасы, андан тышкары курамына борнеол ,терпинеол, лимонен кирет.

Мышык тамырдын өзгөчө жыты жогоруда айтылган эфир майлары менен байланыштуу. Анын жытына мышыктар алыстан эле билип жетип келет. Мышык тамырдын организмге таасири ар кандай болот. Валериана нерв системасына сеп алдырма таасир берип, уктатат. Ич түйүлүп ооруганда аны жазат, ич көпкөндү токтотот, от айдама касиети да бар. Жүрөктүн иштешин борбордук нерв система аркылуу жөнгө салат. Жүрөк-кан тамырларынын куушурулушун жазат.

Климакста, калкан безинин функциясы бузулганда жардам берет. Ошондуктан майдаланган мышык тамырдан 1 аш кашык алып, үстүнө бир стакан (200 мл) суу куюп, 30 минута термосто же чайнекти жылуу ороп коюп демдеп, чыпкалап, күнүнө бир аш кашыктан 3-4 маал ичсе жакшы болот. Аптекада валериананын кургак экстракты драже, таблетка түрүндө сатылат. Мындан тышкары валерианадагы изовалериан кислотасы “корвалол”,”валокордин” деген дарылардын курамында бар.

 

Күрөң чайКүрөң чай

Эрин гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабактары төрт бурчтуу, бийиктиги 30-60 см. Тамыры жайылган. Жалбырактары кезектешкен, саптуу, узунчаа, учтуу, кыры түктүү, кара жылчыкчалары болот. Жалбырактардын үстүнкү бети кочкул-жашыл, астынкы бети мала-жашыл. Гүлдөрү сыя көк-мала кызыл,сабактын учунда шыпыргыдай чогулган. Күрөң чай чөп май-августа гүлдөйт. Мөмөсү – төрт жангакча, бозомук, же күрөң, жылма.

Күрөң чай чөп республиканын баардык аймактарында жолдун жээктеринде,бактарда,токойлордо,тоонун этектеринде өсөт.

Дары максатында күрөң чай чөптү жерден 15см жогору жагын гүлдөгөндө кургак мезгилде кайчы же орок менен кесип алат. Жакшы желдетилген, көлөкө жайда кургатылат. Кургагандан кийин гүлдөр менен жалбырактарын катуу сабактардан ажыратат. Күрөң чай чөптү башка өсүмдүктөр менен бирге сактоо болбойт. Сактоо мөөнөтү – 2 жыл.

Күрөң чай чөптө 1.2-ке чейин эфир майлары бар. Анын жыты абдан жагымдуу келет, мындан тышкары аскорбин кислотасы, флавоноиддер, микроэлементтер бар.

Күрөң чай чөптү демдеп,дем алуу органдарынын сезгенүү ооруларында, тамакка мейил тарттыруу,адам дүүлүккөңдө сеп алдыруу үчүн берилет.

Бүйлөөлөр сезгенгенде тундурмасы менен оозду чайкаганга болот. Безетки жана башка тери ооруларында арома-ваннага түшкөн жакшы. Күрөң чай чөптүн жыпар жыттуу гүлдөрү менен жалбырактарын шкафка салып койсо, күбөнү жоготот.

Күрөң чай чөптү салаттарга, жыттуу, даамдуу татымал катары тамака кошсо сонун (базилик менен кара мурч менен бирге).

МистеМисте

Мисте, фисташка – сумахтар тукумундагы жаңгак данектүүлөр уруусундагы бадал же дарак сымал өсүмдүк. Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлөт. Кадимки мистенин бийиктиги 5-10 м,көп сөңгөктүү дарак, кээде калың шактуу, тамыр системасы кубаттуу бадал, кургакчылыкка жана cуукка (-25С) байымдуу келет. Жалбырагы татаал, кабыктуу, жашыл, үчүлүк же канаттай.

Гүлү кош жыныстуу, чачы сымал топ гүл. Апрелде гүлдөйт. Мөмөсү жалгыз данектүү, кабыгы катуу.Чийки же кууруп желет.Мөмөсүнүн өлчөмү: узундугу 1-2 см, туурасы 0,5-1 см. Ядросу 47-49-ти түзөт. Анда 54-60 май, 18-25 белок, 16,17ке чейин азотсуз заттар бар. Кондитер өнөр жайында кеңири пайдаланылат.Фисташкадан (мистеден) абдан баалуу май чыгарылат.Аны менен ар кандай жараларды,карын жана он эки эли ичегинин жарасын дарыласа болот. Мистенин сөңгөгү жыгач устачылыкта бааланат. Чайыры лак менен сыр өнөр жайында колдонулат. Мистенин жалбырактарындагы галлыларда ийлөөчү жана боечу заттар бар. 8-10 жылдык фисташка 30-45 кг данды берет.

Айбат гезити №113

 



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru