Айбат » Кекеч

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Кекеч

КекечБул автобиографиялык тасманын өзөгү 1980-жылы автордун түшүнө аян болуп келген. 1994-жылы мындай абалды «пьяный провинциал» сценарийине айланткан. 2000-жылдары ушундай өзөктү түзгөн тасмалар голливуддун студияларынан пайда боло баштайт. Ошого карабастан автор өзүнүн оюн акыры иш жүзүнө ашырып ушул тасманы сиздерге тартуулайт.

Мындан тышкары, автор жаш кезинде кекеч болгон, окуусуна, достор менен пикир алышууда кекечтиги тоскоол болгон.  «кекеч» тасмасынан – автордун бир гана жаштыгы эмес. Тасма автордун ички дүйнөсүн,  аял затына болгон көз карашын көрөбүз. Тасмада эрнест абдыжапаровдун фольклер, рок, джаз, классика  жанрындагы музыкасы жаңырат.

Кекеч 01 Кекеч 02

 

Тасмасмасынын синопсиси

Саксофонист Нурак бийчи Аянага ашык. Бирок өзүнүн  ички  сырларын бөлүшкөндөн сестенет. Аракет кылып көрсө, өзүнүн кекечтигинен шылдыңга кабылат, кызды чочутуп өзүнөн оолактатат. Жан дүйнөсүндөгү уйгу туйгулары кыял-түштөрү менен коштолот. Көздөгөнүнө жетиш үчүн болгон сезим кудуретин, армандуу музыкасын, сырдуу аракетин  пайдаланат.  Бактысына акыры жеттиби же бул дагы кезектеги кыялдуу тушубу?

Кекеч

• Жанр: Романтикалык, музыкалык, мистикалык, комедиялык, автобиографиялык драма.

• Слоган: Түш көрдүм, түшүмдө сулуу кыз көрдүм

• Тасманын бет ачаары 12 феврялда

• Съемочная группа:

• Сценарий жана режиссер Эрнест Абдыжапаров

• Экинчи режиссер Перизат Эрнест кызы

• Камера  Санжар Абдыжапаров

• Кийим жана келбет стили Замира Молдошева

• Көркөм сүрөтчү Улан Азиев

• Курак Айзаада Омуралиева

• Композитор Мурзали Жеенбаев

• Добуш Александр Бисли

• Продюсер Суйумкан Сулайманова

• Актердук состав: Нурак Омурбеков, Рахат Божокоева, Жаныш Майрамбек уулу, Алиша Диа, Айнура Чанчарбаева, Кайрат Мусаев

Айбат гезити №113



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru