Айбат » Жогорку Кеңештин депутаттары чет мамлекеттерге иш сапарга шопинг үчүн барышат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Жогорку Кеңештин депутаттары чет мамлекеттерге иш сапарга шопинг үчүн барышат

Шопинг

Чет өлкөлөргө жасала турган иш сапарларга башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен натыйжалуу иштеше турган гана депутаттар жөнөтүлүшү керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина парламент отурумунда шейшемби күнү билдирди.

«Эгерде иштегилери келбесе, депутаттар достук тобунун курамында баргылары келишет?» деген суроо салды И. Карамушкина кесиптештерине жана анын артынан түшүндүрмө берди.

Анын айтуусунда ал Португалия, Испания жана Франция менен кызматташкан достук тобунун жетекчиси.

«Акыркы жолу биз Франциянын элчисин чакырганыбызда аябай уялдым. Себеби топтун 43 мүчөсүнүн ордуна болгону үчөө гана катышты. Бирок качан иш сапарлар белгиленип калса, талаш-тартыштар жана таарынычтар башталат», – деп кошумчалады ал.

Депутат Турсунбай Бакир уулу достук тобунун мүчөсү болуп эсептелбеген депутаттар парламенттик делегацияга кошулуп калууга жулунган учурлары болгондугун да белгиледи жана чет мамлекеттерге жасала турган иш сапарларга депутаттардын тизмесин акыйкат бөлүштүрүүнү сунуштады.

«Мен өзүм эл аралык комитеттин башчысы болгом жана биз делегацияны акыйкат түзүүгө аракет кылганбыз. Башкача айтканда мурда баралектерди жөнөтүүгө аракет кылчубуз» дейт Турсунбай Бакир уулу.

«Андай иш сапарларга туристтик шопинг үчүн эмес, иштегендер барышсын», – деп сунуштады И. Карамушкина.

Айбат гезити №114




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru