Айбат » Бишкекте Орусиядагы кыргызстандык сулуулар аныкталат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Бишкекте Орусиядагы кыргызстандык сулуулар аныкталат

кыргыз сулууКуудул, сатирик Борончу Кудайбергеновдун уюштуруусу менен Орусияда жашаган кыргызстандык бийкечтер үчүн «Ала-Тоо периси – 2013» деп аталган сулуулар сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Б.Кудайбергенов бүгүн, 22-апрелде АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, сынакка Орусиянын эң чоң 15 шаарынан 10-15тен кыз келип катышып, калыстар тобунун чечими менен ар бир шаардан бирден сулуу тандалып алынды.

Сынактын катышуучуларына биринчиден өңү-түсүнө басым жасоо шарт болчу, бирок калыстар тобунун мүчөлөрү кыздардын талантына жана интеллектуалдык деңгээлине дагы маани берүү менен тандашты.

«Бул иш-чаранын максаты – Орусияда туулуп-өскөн жана убактылуу иштеп, жашап жүргөн мекендештерибиздин кыргыз тилин, каада-салтын, маданиятын жана өзгөчөлүктөрүн унутпай, пайдалана жүрүүсүнө өбөлгө түзүү жана жайылтуу болуп саналат», – дейт Б.Кудайбергенов.

Ал белгилегендей, кыргыз жарандары кайсы өлкөдө жүрсө, ошол мамлекеттин тилинде сүйлөп, ой жүгүртүп жана ошол элдин маданиятына өтүп кетип жатышат. «Ошондуктан, биз кыргыз элинин баалуулугун, улуулугун, өзгөчөлөгүн даңазало менен, мекендештерибиздин улуту, тили, жери, ата-бабасы кыргыз экенин таанытууну максат кылдык», – деп билдирет куудул.

Ал маалымдагандай, сынактын финалдык туру Бишкектеги спорт ордосунда 28-апрелде өтөт. Анда Орусиянын 15 шаарынан тандалып келген сулуулардын жеңүүчүлөрү аныкталат. 1-орунга «Мерседес» унаасы, 2-орунга Дубайга жолдомо жана калган орундарга баалуу белектер тапшырылат.

Б.Кудайбергенов кошумчалагандай, бул долбоорду ишке ашырууга Орусиядагы кыргыздардын «Замандаш» ассоциациясы башкы демөөрчүлүк кылып, жалпы жонунан 2 млн сом акча жаратын бөлдү.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru