Айбат » АКШнын Украинага жасаган “жардамынын” Кыргызстанга кереги барбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » АКШнын Украинага жасаган “жардамынын” Кыргызстанга кереги барбы?

Жээнбеков РавшанРавшан Жээнбеков башында турган оппозициялык топ: “Кимиңер болсоңор дагы бизге жардам кылып, бийликти алып бергиле, автократсыңарбы же демократсыңарбы, бизге айырмасы жок” деген принцип менен иш алып баштаганы билинип калды. Анын үстүнө парламенттик шайлоо жакындап калганы экинчи депутаттык креслонун дагы жүзүн көрбөй кала тургандыгынан коопсуна баштагандай. Себеби бир дагы партияда азырынча мүчө эмес. Туруксуз позициясынан улам аны эми беделдүү партиялар катарына кошушу дагы күмөн. Парламентке келе албай калса, демек эч кандай бийликтин бутагына дагы илине албайт. Андыктан ал азыркы тапта бийликти колго алуунун бир гана жолун көрүп тургансыйт. Ал жол – сырткы күчтөрдүн колдоосу менен бийликти күчкө салып тартып алуу. Мындай максатын жүзөгө ашыруу үчүн ага азыр ким кол сунса дагы “макул” деп ээрчип кетүүнүн алдында турат.

Равшан Бабырбекович жетектеген БОК (Бириккен оппозициялык кыймыл) өткөн жылдын күз айларынын соңунда коңшулаш Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин башчыларына кайрылуу жасап, “Биздин президентибиз силерди аябай шыбап атат, бирок биз силер мененбиз” дегендей тымызын кошоматын жасаган. Алардын мындай кайрылуусуна Эгемендик күнү президенттин сүйлөгөн сөзү башкы курал болуп берген. Алар президенттин сүйлөгөн сөзүн атайылап бурмалап, коңшулаш өлкөлөрдүн бизге карата мамилесин бузууну көздөшкөн болчу. “Силер жардам кылсаңар, биз силерди жамандап аткан бийликти алеки саатта эле “алып түшөбүз” дегендей ишааратын жасашкандары бешиктеги балага деле белгилүү эле. Бирок алардын мындай сасыткы оюнуна коңшуларыбыз көңүл дагы буруп коюшкан жок.

Анан аргалары кеткен оппозиция адегенде Кыргызстанда башаламандык жасоо үчүн электр энергиясынын тарифин курал катары алып чыгып, элди көтөрүүгө аракет жасашты. Ал аракеттеринен майнап чыкпаган соң, кечээ жакында эле дүңүнөн: “Кайдасың Америка?” деген боюнча океандын ары жагына кетишкен. “Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат” демекчи АКШдан эле аларды жогорку даражалуу саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер кабыл алышкан жок. Бирок, кимдир-бирөөлөрү менен жолугушумуш этип жүрүштү. Бул иш сапарга карманган шылтоолору “Биз Кыргызстанды өнүктүрүүнү альтернативалык программасын иштеп чыкканбыз, ошого кеңеш сурайлы деп кетип атабыз” деген “сүйлөмдөр” болгон. Биринчиден, ал программасын ошол Америкага сапар алардын алдында маалымат булактарына чыгарышты. Бирок, эч кандай жаңы нерсе жок. “Баягы, баягы, Баялынын таягы” дегендей эле программа экен. Кыязы, акыркы 20 жылдан бери жазылып келаткан түрдүү программалардын ар биринен экиден, үчтөн пункттарын уурдап отурушуп, жалаяктай Программа түзүп чыгышса керек. Макул анысына деле эч ким капа эмес. Жок дегенде көчүрүп жазышып эмгек кылышты дейли. Бирок, аны менен Американын экономикасын, жашоо-шартын оңдобогондон кийин адегенде Кыргызстандын ичинде кеңири талкуулап, элдин пикирин угуп, анан башка мамлекеттерге көрсөтүү үчүн кетишсе эмне болмок?

Ошентип океандын ары жагынан кайтышкан оппозиция түз эле Түркия мамлекетине өтүп кетишкени дагы таң калычтуу болду. Социалдык түйүндөрдө алардын Түркиядагы “кимдир-бирөөлөр” менен кафелерде сайрандап, сырадан кере жутуп отурган сүрөттөрү чыкты. Эч кандай мамлекеттик маселени чечүү аракеттери байкалбайт. Сыра үстүндө сайрандоо, майрамдоо, талкалоо сыяктуу гана маселелер чечилбесе, элдин жүгүн жеңилдете турган маселелер чечилерин деги эле көрө элекпиз. Ошентип сөзүбүздүн башында айтып өткөндөй БОКчулар Кыргызстанда кезектеги төңкөрүш жасоо үчүн кимдин болсо дагы этегине “намаз” окуганга даяр турушат. Демократсыңбы, автократсыңбы, айырмасы жок болуп туру. Иши кылса каражат жагын чечип берсе болду. Алардын мындай позициясы мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, тынчтыгына доо кетире тургандыгы ойлондурган жок окшойт. Равшан Жээнбеков АКШга кетердин алдында “Америка Украинага жардам берип атпайбы…” дегендей кыйытма пикирин калтырып кеткенин айтып жүргөндөр бар. Бирок, кеп Американын жардамы менен азыр Украинанын абалы кандай болуп турганы тууралуу болушу керек. Демек, Украинага жасаган жардамын Америка Кыргызтанга деле жасай алат да дегендей көмүскөдө ой камтылып жаткан жокпу? Андай жардамдын бизге кереги барбы? Албетте кереги жок. Баса, айта кетүүчү дагы бир нерсе, оппозиция ар дайым бийликти «Президент алаканын жайып көрүнгөн мамлекеттен жардам сурап жүрөт, качан биз өзүбүз башкалардан жардам албай жашай алабыз» деген сынды айтып келишкен. Мындай пикирлерин бир айтып, бир койбой, эки айтып, эки койбой эле отурушчу. Эми болсо өздөрү алакандарын созгон боюнча түшүрбөй, бир мамлекеттен экинчи мамлекетке өтө качып жүрүшөт. Эми баамдап көрбөйлүбү, президенттин чет мамлекеттерден сураган жардамы Кыргызстандын кызыкчылыгында болуп атабы, же оппозициянынбы? Жооп бардыгына белгилүү. Албетте, президент алып келген жардамдар өлкө экономикасы үчүн, элибиздин жашоо-шартынын оңолушу үчүн жумшалып атат. Ал эми оппозициянын алып келчү «жардамдары» Кыргызстанда башаламандык, ызы-чуу, кайгы-муң, көз жаш агыза турган гана «жардам» болчудай…

Айбат гезити №114




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru