Айбат » Шыкмаматовдун отставкасы – “Ата-Мекен” партиясынын кезектеги “шах-мат” жүрүшүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Шыкмаматовдун отставкасы – “Ата-Мекен” партиясынын кезектеги “шах-мат” жүрүшүбү?

Шыкмаматов АлманбетКыргыз Республикасынын президентинин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев менен Юстиция министри Алманбет Шыкмаматовдун ортосундагы тирешүү министрдин отставкасы менен жыйынтыкталды. Бирок, ал маселе чындап эле жыйынтыкталдыбы, же эми башталып атабы деген кызык суроо бар. Кепти башынан баштайлы. «Аида Салянованын Башкы прокурорлук кызматтан кетишине Данияр Нарымбаевдин жүргүзгөн саясаты таасир берген болушу мүмкүн» деген божомолун байкоостон «Балп» эттирип алган Алманбет Шыкмаматов караманча кашайып, «мен антип айткан эмесмин» деген бир ооз сөзү менен гана кутулуп кеткиси келди. Бирок ага карата толтура суроолор бар болчу. «Эгерде антип айтпаган болсоңуз, анда «айттырып» койгон журналистти таап сотко берсеңиз болбойт беле?», болбосо «Ошол журналистти таап диктофонуна жаздырып алган аудио жазууну угууну сунуштасаңыз кандай болот эле?», же «андай сөздү айтпаганыңызды, ал журналисттин гана катачылыгы болуп калгандыгын журналист менен бетме-бет жолугуп тактасаңыз эмне болмок?» деген суроолор бар болчу. Мындай суроолордон Алманбет мырза айланып качып атканын көрдүк. Буга бир эле себеп бар. Ал себеп- Шыкмаматов андай сөздү айтып алган, ал журналисттин диктофонунда бар болушу толук мүмкүн. Мына ошондон улам ал журналисттин да атын атагысы келбей атат. Анан кайра «Эгерде ушундай гезитке чыккан ушак маалыматтардын бардыгына ишенип, териштире берсек, анда биз такыр иштебей эле териштирүү менен алек болуп калабыз» дейт. Ырас, азыркы басылмалардын басымдуу бөлүгү бөйрөктөн шыйрак чыгарганды жакшы көрөт. Эптеп сенсация кууйт. Бирок, андай маалыматтардын бардыгы конкреттүү бир адамдын оозу менен эмес, ошол журналист сөрөйдүн оозу менен гана айтылат эмеспи? Бул жерде бакыйган министрдин интервьюсу болуп атат. Мындай бакыйган чиновниктин божомолуна эч ким эч кандай реакция жасабаса, анда коомчулук «аа чын эле турбайбы?» деген ойдо калып калбайт деп ким айта алат? Унчукпаган адамдын үстүнөн жугунду куя бермей азыр абдан жакшы өнөкөт эмеспи? Бул маселе боюнча өзүнүн партиялашын канатына калкалап чыккан «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаев үтүр, чекитине чейин баптап коюп, китептен жаттап алгансып сүйлөгөнү менен чындыктан айланып качып атканын кантип байкабай калалы? Ал «Биз Индира Жолдубаеванын Башкы прокурор болуп каларын кайдан билдик» дегендей кылат. Ырас, ага чейин Аида Салянованын отставкасына «Ата-Мекен» фракциясы дээрлик каршы турушкан. Аталган фракция гана эмес, коомчулук дагы бул отставканы анчейин каалашкан жок. Бирок, Аида Жеңишбековнада башка жол жок эле. Анын күйөөсүн козголгон кылмыш иши турганда анын Башкы прокурорлук кызматты мыкчып турганы жакшы болбой калмак. Кылмыш ишин жөн эле жаап койгонго да болбойт болчу. Анда эле «ана өзүнүн күйөөсүнө кылмыш иши козголду эле, кызматтык абалынан пайдаланып жаап койду» деп чыгышмак. Муну «Ата-Мекен» фракциясы дагы абдан сонун түшүнүп турушкан. Бирок, анын отставкасына каршы добуш беришкен. Эмнеге? Чындыгында адегенде эч ким аны түшүнгөн эмес. Жөн гана Салянованын жакшы иштеп атканынан улам болсо керек деген түшүнүк калган. Көрсө, кеп башка жакта жаткан экен. Ошол кылмыш иши козголгон Аида Жңеишбековнанын күйөөсү Алманбет Шыкмаматовдун кеңешчиси болуп чыгып атпайбы? Бул биринчи себеп. Экинчиден, бошоп калган Башкы прокурорлук кызматка өзүнүн кадрын коюну кыязы Өмүрбек Чиркешович мээлеп аткан. Бирок, ал мээлегенче орун бош болбой калды. Бул дагы Данияр Ильич тууралуу Шыкмаматовдун божомолунун жаралышына себеп болушу мүмкүн. Айтор, божомолун конкреттүү түрдө жокко чыгарбастан, курулай гана актануу менен чектелген Алманбет мырза өзүнүн отставкага жасаган кадамы менен баатыр болуп көрүнгүсү келип туру. Аны колдоого алган Текебаев «Биз АША тууралуу эмнелерди гана айтып атабыз, жер силкинип алышы керек болчу» дейт. Кандайча жер силкиниши керек эле? Жалган маалыматтар, ушактар гезит беттеринде толтура. Бирок, алар дагы бир жолу айталы жалпы сөз менен жазылат. Бул жерде конкреттүү бир адамдын интервьюсу, болгондо министрдин интервьюсу болуп атат. Мына ушуну түшүнүп туруп түшүнбөгөндөй түр көрсөткөн «атамекенчилер» чындап эле «Кумтөр» маселеси боюнча жоопкерчиликтен качып аткандай болушууда.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №114



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru