Айбат » Ардагер-энергетиктер: “Кыргызстандын энергетикасында көйгөйлөр бар, бирок алар акыркы жылдарда чечиле баштады”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Ардагер-энергетиктер: “Кыргызстандын энергетикасында көйгөйлөр бар, бирок алар акыркы жылдарда чечиле баштады”

Токтогул ГЭСи“Чындыгында бүгүнкү күндө Кыргызстандын энергетикасында көп маселелер бар, эч ким аны жок дей албайт.Бардыгы бул маселелерди эң жакшы билишет. Бул маселелер биз каалагандай тездик менен болбосо дагы чечилип атат. Акыркы жылдарда иш токтоп калган ордунан козголду”, – деп айтылат 5-февралда таркатылган ардагер-энергетиктердин билдирүүсүндө.

Кайрылуу профессор Карыпбек Алымкулов, СССР энергетика жана электрофикациянын отличниги Болот Иманалиев, профессор Суеркул Кадыркулов, профессор Валентина Касымова, КР энергетиктер ассоциациясынын вице-президенти Төлөмүш Кожомкулов, “Кыргызстандын улуттук электр түйүнү” ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Бекбо Маматбеков, профессор Калый Рахимовдордун атынан берилген.

Кайрылууда активист Расул Умбеталиевдин энергия алуунун альтернативдик булактарына өтүү, маселен Ысык-Көлдүн толкуну, шамалдын жана күндүн энергиясы сыяктуу сөздөрүнө комментарий берилген. “Чоң гидроэнергетикалык потенциал бар жерде энергия булактарын жаңыртуу кичи гидроэнергетикадан сырткары баа атаандаштыгына туруштук бере албайт. Эгерде шамал энергетикасы тууралуу айта турган болсок, электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн шамал установкасынын баасы өтө жогору. Ал эми андай установкалардын кызмат көрсөтүү мөөнөтү 25 жыл. Демек ага коротулган каражатты акташ үчүн, тариф кандай болушу керек? Бул тариф азыркы тапта биз Казакстандан алып жаткан электр энергиясынын тарифинен кыйла жогору болот. Андыктан коомчулукту мындайча жоопкерчиликсиз адашууга салууга болбойт”, деп айтылат кайрылууда. Эксперт Эрнест Карыбековдун “электр энергиясын ички керектөөнүн көлөмү 9,8 миллиард кВт-саат, ал эми генерация 15 миллиард кВт-саат” деп айтканына энергетиктер комментарий берип жатышып, “2008-жылы бул цифралар чындыкка туура келчү. Азыркы тапта электр энергиясын керектөө байкалаарлык өстү, ал эми ГЭСтердеги өндүрүш төмөндөгөнү ал эң сонун билет” деп айтышты.

Э. Карыбековдун билдирүүсүндөгү бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү активдүү жүргүзүлүп атат, ал эми жазында ал дагы-да күчөйт, себеби Токтогул суу сактагычындагы белги акыркы чегине жакындап баратат дегени бул фактыны көбүртүп-жабыртуу деп айтылат кайрылууда. “Ооба, локалдык авариялык өчүрүүлөр бар, андан качууга мүмкүн эмес. Ошол эле убакта анын саны жыл сайын төмөндөп баратат. Ал эми маал-маалы менен өчүрүүлөр бүгүнкү күндө республикабызда жок, бул туурасында бардыгы билишет”, деп айтылат кайрылууда.

“Түндүк электр” ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргымбаевдин энергосектордо коорупциялык көрүнүштөрдүн көбөйүп кеткени тууралуу айткан сөзүнө ардагерлер төмөндөгүчө комментарий беришет: “Мындай билдирүүнү укук коргоочу жасаса, анда логикалуу, ал эми бул туурасында энергокомпаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү айтып атса, анда ал толугу менен абсурд. Эгерде ал өзү жогорку жетекчиликте турган уюмда коррупция күчөп кеткендиги тууралуу айтып атса, анда бул шалаакы жетекчиликтин, анын ичинде өзүнүн дагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы. Биз бул адам чындыгында коррупция менен күрөшпөй эле, аны менен күрөшүп аткандай түр көрсөтүп атат деген гана тыянак чыгара алабыз. Ал кааласа фактыларды жана материалдарды бере турган укук коргоо органдары бар. Ким ага жолтоо болуп атат?”

 “Биз өкмөттүн жана энергетика жана өнөр-жай Министрлигинин жана энергосектордун жоопкерчиликтүү кызматкерлерин Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн тырышып иштеп жана кризистин алдындагы кырдаалдан татыктуу чыгып кетүүгө чакырганга укуктуубуз. Татыктуу иштей албай турган чиновниктер өздөрүнүн кызмат орундарын бошотуп бериши керек. Биз чиновниктерден эффективдүү иштөөсүн талап кылганга укуктуубуз. Эң башкысы – сезилээрлик жыйынтык жана жыйналып калган маселелерди чечүүдө байкалаарлык прогресс”, – деп айтылат кайрылууда.

Айбат гезити №114




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru