Айбат » 2014-жылы кылмыш иши козголгон энергокомпаниялардын кызматкерлери (фамилиялар)

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кылмыш » 2014-жылы кылмыш иши козголгон энергокомпаниялардын кызматкерлери (фамилиялар)

Дело2014-жылы мыйзамсыз иштерге барып, коррупциялык иштерге аралашканына байланыштуу энергокомпаниялардын кызматкерлерине 22 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 4-февралда Энергетика жана өнөр жай министринин статс-катчысы Батыркул Баетов кабарлады.

а) «Электрстанциялар» ААКсына байланыштуу 4 кылмыш иши ачылган:

1. коммерциялык директору К.Имановго – учурда иликтөө жүрүүдө;

2. ОЭМВР начальниги К.Нажимидиновага – иш сотко өттү;

3. С.Сүйүмбаева, А.Иманбердиева, Д.Шаимова, Н.Мусаева жана С.Алдашовага – иш соттун кароосунда;

4. Н.Курманова – иш соттун кароосунда.

б) «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына байланыштуу ачылган кылмыш иштери:

1. ишкананын башкы бухгалтери Ж.Өмүрзаковага;

2. ОМТСС начальниги А.Сатаровага;

3. «Кара-Кече» филиалынын директору Б.Саманчиевге;

Ысымы аталгандар жумуштан айдалып, иш соттун кароосунда турат.

в) «Түндүкэлектр» ААКсына байланыштуу 4 кылмыш иши козголгон:

1. ОППЭнин алдыңкы адиси А.Балбаевага – жасалма документ жасаганы үчүн 5000 сомдук айып пул төлөп, 243 миң 407 сомдук материалдык чыгым төлөп, жумуштан айдалган;

2. бухгалтер Б.Оморовага – мүлккө алдамчылык жол менен зыян келтиргенине байланыштуу козголгон кылмыш иши мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу токтотулуп, жумуштан четтетилген;

3. бухгалтер Н.Усупова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн – кылмыш мөөнөтү эскиргендиктен иш токтотулуп, жумуштан айдалган;

4. техникалык директордун орунбасары Ж.Болоталиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мүлктү өзүнө менчиктештирип же чыгымдаганы үчүн – кылмыш иши соттун кароосунда турат;

5. Аламүдүн РЭСинин башкы инженери К.Темирканов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мүлктү өзүнө менчиктештирип же чыгымдаганы үчүн – кылмыш иши соттун кароосунда турат;

6. КБО начальниги А.Көлчаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мүлктү өзүнө менчиктештирип же чыгымдаганы үчүн – кылмыш иши соттун кароосунда турат;

Мындан сыртканы дагы төрт кызматкер жумуштан айдалган:

– Султанов Д. —ЫРЭС начальнигинин орунбасары;

– Султанов К. — «СЭ» ААКсынын Таластагы филиалынын аткаруучу директорунун орунбасары;

– Шырдаков С. — Свердлов райондук сатып өткөрүү кызматынын инспектору;

– Мамыраев С. — Свердлов райондук сатып өткөрүү кызматынын инспектору.

г) «Ошэлектро» ААКсына байланыштуу козголгон кылмыш иштери:

1. Чоң-Алай РЭСинин начальниги К.Айтиев опузалап акча талап калганы үчүн – сот тарабынан 10 миң көрсөткүч өлчөмүндө айып пулга жыгылган;

2. Ош шаарынын энергосбытынын контролеру К.Раимжанов шылуундук үчүн – кылмыш иши токтотулуп, жумуштан айдалган;

3. Ош шаарынын Энергосбытынын начальник орунбасары У.Мамасадыков сыйлыкты мыйзамсыз алганы үчүн – соттон акталып, кызматтан төмөндөтүлгөн;

Кара-Суу РЭСинин айрым кызматкерлерине мыйзамсыз сыйлык алганы үчүн кылмыш иши козголгон:

1. контролер О.Умаров мыйзамсыз сыйлык алганы үчүн 2000 көрсөткүч өлчөмүндө айыпка жыгылып, жумуштан айдалган;

2. контролер Н.Ашпаизов мыйзамсыз сыйлык алганы үчүн 2500 көрсөткүч өлчөмүндө айыпка жыгылып, жумуштан айдалган;

3. контролера Токторали уулу Н. — оправдан судом;

3. контролер Токторали уулу Н. – соттон акталган;

4. инспектор Э.Оморкулов мыйзамсыз сыйлык алганы үчүн 3000 көрсөткүч өлчөмүндө айыпка жыгылып, жумуштан айдалган.

5. юрист К.Сулайманов – соттон акталган.

д) «Чыгышэлектр» ААКсына байланыштуу ишенимдеги мүлктү менчиктештирүү же коротууга байланыштуу кылмыш иши ачылган:

1. Чолпон-Ата РЭСинин кассири Н.Чалагызовага – материалдык чыгымды калыбына келтирүү чечими чыккан;

2. Григорьев УЭСинин инспектору Э.Ибраевге – кылмыш иши соттун кароосунда;

е) «Жалал-Абадэлектро» ААКсына байланыштуу Сузак районундагы энергосбыттын бир кызматкерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кылмыз иши козголгон – иш соттун кароосунда.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №114




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru