Айбат » Кыргызстанда өлүм жазасын кайрадан киргизүү керекпи?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Кыргызстанда өлүм жазасын кайрадан киргизүү керекпи?

Акыркы окуялардан улам, коомчулук арасында кызуу талаш-тартыш жүрүп, кылмыштын айрым бир оор түрлөрүнө карата өлүм жазасын киргизүү демилгеси кайрадан жанданып жаткан чак. Демилгечилер тобу кол топтой баштады. Өлүм жазасынын кайра киргизилишине жол бербөө максатында, жаналакетке түшүп жаткандар да жок эмес. Алардын башкы жүйөсү: Кыргызстан жазаны гумандаштыруу багытын тандап алган соң, ал жолдон тайбоого тийиш! Чын эле ушундайбы?..

дарга асуу

Эсиңерде бар чыгар, 2005-жылдын соңунда өлүм жазасына мораторий жарыяланган. Ал эми 2007-жылдын июнь айында Кылмыш кодексиндеги өлүм жазасына байланыштуу беренелер өмүр бою камакта кармоо чарасы менен алмаштырылган. Ага улай, Башмыйзамга «ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ, эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес» деген жобо киргизилген.

Андан сырткары, 2009-жылы Кыргызстан «1989-жылдын 15-декабрында БУУ Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга Кыргыз Республикасынын кошулушу жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Ошону менен өлкөдө өлүм жазасына биротоло тыюу салынды да калды.

Ырас, биз эл аралык алакаларга аралашып жаткан соң, алган милдеттенмелерибизди аткарууга тийишпиз. Жаза жоболорун гумандаштыруу, ырайымдуулук кылуу, кечиримдүү болуу шарт, аны тана албайбыз. Бирок, мындай чечим эл аралык уюмдардын кысымы менен, батышчыл айрым күчтөрдүн колдоосу астында кабыл алынганын эстен чыгарсак, анда калыстыктан тайган болобуз. Башкаларга кылчактоо менен, өз жолубуздан чыгып, айрым күчтөрдүн жетегинде каларыбыз бышык.

Аргандай милдеттенмелерди ала берүүдөн мурда, анча-мынча ойлонуп көрүш керек эле да: анысы бизге туура келеби же келбейби? Же биз үчүн эл аралык эптекей кеңешчилер ойлонуп калганбы? Беш жылы катары менен беш ирет өлүм жазасына мораторий жарыяланды, 25 жыл аралыгында 19 жолу мунапыс кабыл алынды. Андан кылмыш кыскарып, абак менен камак жайларыбыздын абалы жакшырып деле кеткен жок. Алтургай, баштагысынан алдаганча оор кылмыш менен камакка кайра түшкөндөр алдаганча арбып барат.

Азыр Кыргызстандагы өмүр бою түрмөгө кесилгендердин саны үч жүзгө жакындан калды. «Жалпы коомчулукка коркунуч келтирген немелерди элдин эсебинен, тактап айтканда, жакындары өлүмгө дуушар болгон же алардын азабын тарткан жарандардын эсебинен өмүр бою баккысы келгендерге жол болсун», – дегендер четтен табылат. Анын ичинде эл өкүлдөрү да жок эмес.

Дегеле, өлүм жазасы тууралуу талаш азыр эле көтөрүлүп жаткан жери жок. Анын узак таржымалы бар. 2005-жылы Владимир Набоков башында турган Орусия Думасынын депутаттар тобу тарабынан өлүм жазасын алып салуу демилгеси көтөрүлгөн. Ошондон он жыл өткөндөн соң, ошол эле депутат андай ынанымдан баш тартып, өлүм жазасынын колдонулушу заман талабы экенин мойнуна алып атпайбы.

Азыркы Орусия деле өлүм жазасын алып салуудан 2006-жылы эле баш тарткан. Түрк боордоштор деле андан таптакыр баш тарткан жок, мамлекеттик чыккынчылык сындуу бир катар оор кылмыштарды караган мыйзам беренелери мурдагы бойдон кала берди. Алтургай, «демократия башаты» делген АКШнын өзүндө өлүм жазасынын үч түрү азырыкга чейин колдонулат. Ал эми айрым штаттардын мыйзамдарында кылмыштын башка түрлөрүнө өлүм жазасы каралган.

Ырас, буга чейин парламентте бачабаздарга химиялык кастрация жасоо демилгеси көтөрүлгөн. Бирок, адистер мындай чаранын жетишсиздигин айтууда. КР башкы урологу Акылбек Усупбаев хирургиялык кастрацияны жыл сайын кайталап туруу зарыл болгондуктан, ар кылмышкерге жылына 6 миң доллардан ашуун каражат сарыпталарын, андан көрө биротоло бычып салуу чарасын сунуштады. Ал эми академик Мамбет Мамакеев андай акмактарды жеке өзү эл көзүнчө бычууга даяр экенин жарыя кылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев КР Конституциясында өлүм жазасына тыюу салынганын айтат. «Мындай сунуш Батыштын эксперттери тарабынан берилсе керек. Өлүм жазасы алардын өзүндө деле колдонулуп келет. Муну азыртан биржаңсыл чечип алышыбыз керек. Менимче, аны балдарга жасалган сексуалдык зомбулук, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү, мамлекеттик чыккынчылык сындуу өтө оор кылмыштарга карата колдонсо болот», – дейт ал.

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева Ош обулусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын кыргыз парламентине өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү менен оор кылмыш жасагандарга өлүм жазасын киргизүү өтүнүчүн кабарлады. Ошондой эле, жер-жерлерде өлүм жазасын киргизүү демилгечилери кол топтоп жатканы да белгилүү болду.

Бизге өлүм жазасын колдонуу керекпи же колдонбоо керекпи? Азырынча бул талаштын аяк-башы көрүнбөйт. Муну эл өзү чечиши зарыл. Эмесе, Башмыйзамда аныкталгандай, бийликтин чыныгы ээси жана эгемендиктин бирденбир туткасы болгон эл өз оюн ачык айткыча, биз мыйзамдагы ынанымдар менен жашай туралы. Мыйзам бийлигинин үстөмдүүлүгү деген ушул!..

Айбат гезити №114



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru