Айбат » Куловду “кидайтеткен” “Катани” Мырзакматовду ай талаага таштайбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Куловду “кидайтеткен” “Катани” Мырзакматовду ай талаага таштайбы?

Феликс Кулов«Аты улук, супурасы курук» КККнын (Каршылык көрсөтүү кыймылы) лидери Өмүрбек Суваналиев «Улуттар Биримдиги» баштаган партиялардын катышуусунда жаңы кыймыл түптөгөнү кабарланууда. Ишенимдүү булагыбыздын айтымында, бул кыймыл эмки жумадан тартып парламенттик шайлоого катуу камылга көрө баштайт экен. Өмүкенин планы боюнча, кыймылдын түндүк боюнча координаторлугун өзү аркаласа, түштүк чөлкөмүн Мелисбек Мырзакматов көзөмөлгө алышы керек. Ошондой эле кыймылга «Улуттар Биримдигинен» сырткары Мыктыбек Абдылдаевдин «Саясый күчтөрдүн альянсы», Артур Медетбеков төрагалык кылган НДПК, «Өнүгүү» жана «Мекен ынтымагы» партиясы кошулаары пландалып атыптыр. Шайлоолордон дайыма чаңга аралашып кала берген, ийгиликтерге жетүүгө ар дайым «көк чычканы» жолтоолук кылган Суваналиевдин “саясый өлүк” болуп калганына көп эле болуп калды. Эми жалгыз отурганча “карта чабышып”туралы деп дагы бир топ саясатчыларды “көк чычканы” менен саясат айдыңынан көмөлөтө койгону атат окшойт…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №114



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru