Айбат » АКШ Кыргызстанга элчи катары атайын «революциячыл» жана сексуалдык азчылыкты жактаган элчини жөнөттүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » АКШ Кыргызстанга элчи катары атайын «революциячыл» жана сексуалдык азчылыкты жактаган элчини жөнөттүбү?

Ричард МайлзКыргызстанда жаз айларында саясый кырдаалды курчутуп, керек болсо кезектеги революцияны жасап жиберүү аракеттери көрүлүп атканы тууралуу эл аралык деңгээлдеги коомдук ишмерлер дагы айтып чыгышты. Мындай божомолдорго жетишээрлик негиздер бар. Маселен, кече жакында кыргыз оппозициячылдары океандын ары жагына «оптом» барып келишти. Албетте, бул өзүнчө узун сөз. Эми болсо АКШ Кыргызстанга убактылуу элчи катары буга чейинки элчилик тажрыйбасында бир топ мамлекеттерде иштеп турган маалында ызы-чуу, революциялар жасалган Ричард Майлзды жөнөттү. Ал ушул апта аягына чейин келиши күтүлүүдө. Майлз элчи катары кызмат өтөгөн көптөгөн өлкөлөрдө ал иштеп турган убакта жана ал кызматын өткөрүп берээри менен башаламандыктар, бомба жардыруулар, революциялар болуп келгени белгилүү. Бир-эки мисалды келтире кетели. Майлз мурдагы советтер союзунун курамындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп АКШ элчиси катары Азербайжанга 1992-жылы барган. Ал иштеп турган эки жылга жетпеген убакыт аралыгында Абульфаз Эльчибе башында турган улуттук өкмөт шайлоодон Гейдар Алиевге уттуруп койгон. 1996-1999-жылдары ал Слободан Милошевичтин учурунда Югославвияда элчи болуп иштеген. Мына ушул убакытта Косоводо согуш башталган. Америкалык дипломаттын миссиясы натонун бомбалоосуна бир жыл калганда жыйынтыкталган. Югославиядан кийин Майлз 1999-2001-жылдар аралыгында Софиядагы АКШ элчиси болгон. Анан 2001-жылдын 24-июлунда ошол учурдагы премьер-министр Иван Костов батышчыл багыттагы Симеон Сакскобургготскго парламенттик шайлоодо утулган. Ал Грузияда дагы элчи болуп иштеген. Аны 2003-жылдагы Грузиядагы «роза революциясынын» башкы идеологу катары дагы атагандар бар. Биз айткандар анын кыскача гана таржымалы. Мына ушундай революция жасоо боюнча бай «тажрыйбасы» бар Майлз эми Кыргызстанга убактылуу элчи болуп келе жатканы дагы бир нерсени каңкуулабайбы? Ошол эле учурда АКШнын Кыргызстандагы туруктуу элчиси катары Шейла Гуолтни дайындалганы маалым. Ал сексуалдык азчылыктардын укугун жан дили менен жата калып коргоп жүргөнү менен маалым. Эске сала кетсек, ал Россияда дагы элчи болуп иштеп жүрүп, кийин «Россияда адам укугу корголбойт экен» деп чыккан. Көбүнесе ал сексуалдык азчылыктар тууралуу Россия Думасынын кабыл алган мыйзамына нааразычылыгын билдирген. Эми ошондой аракетин бизге келип жасашы толук мүмкүн. Бизге мындай элчилердин кереги барбы?..

Айбат гезити №114




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru