Айбат » Омар Хайям – акын, философ, астроном, математик

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Омар Хайям – акын, философ, астроном, математик

Омар ХаямОмар Хайямдын рубаилерин кимдер гана окуп анын маанисине кимдер гана таң бербеген. Азыркы тапта да анын рубаилерин колдонуп, жашоого болгон максаттарында ошол рубаилерден алгандарда, анын маанисинен таалим тарбия бергендер да аз эмес. Биз бүгүн силерге биз сүйүп, кызыгып окуган акын, философ, астроном, математик Омар Хайямдын өмүр таржымалын жана Рубаилерин менен тааныштырмакчыбыз.

Өмүр жолу:

Омар Хайям Хорасандын Нишапур шаарында жарык дүйнөгө келген (азыркы Иран).  Омар 8 жашынан математика, астрономия, философияга кызыгуусу артып баштаган. 12 жашында Нишапурдагы медреседе окуй баштайт. Мусулмандык укук жана медицина курсун эң мыкты аяктап хаким (врач) деген квалификация алат. Бирок, Омар  медицинага көп кызыкпайт.

Атактуу грек математиги Сабит ибн Куррынын матиматика жана астрономияга арналган дил баянын терең изилдей баштайт. Омар Хайямдын балалыгы абдан оор учурга туш болот. Анын балалыгында борбордук Азияны Сельджуктардын басып алуусуна туш болуп ал согушта көптөгөн адамдар, окумуштуулар каза болушат. 16 жашында жашоосундагы эң оор жоготууга учурайт. Эпидемиядан атасы  көз жумгандан кийин көп өтпөй апасы да көз жумат.  Омар атасынын үйүн жана  чеберлик канасын сатып Самарканда жөнөйт. Ал кезде  Самарканд Азиядагы   маданияттын жана окумуштуулардын борбору болуп саналчы. Самаркандка барганда жергиликтүү медреселердин биринде окуй баштайт. Бирок, бир нече жолугушууларда өзүнүн сөзү менен окутуучуларын таң калтырып аны бат эле насаатчы кылып дайындайт.

Омар башка окумуштуулардай бир шаарда кечке жүрбөстөн 4 жылдан кийин Самаркандан кетип Бухарага барат. Ал жерде китептерди сактоочу жайда иштей баштайт.  Бухарада 10 жыл жашап  математика боюнча төрт трактат (илимий темадагы чыгарма) жазат.

1074-жылы Санджар мамлекетинин борбору болгон Исфаханга Низам аль-Мулька вазирдин сунушу менен Султандын  руханий насаатчысы болуп дайындалат. Бул кызматка дайындалганда бир гана математикага салымын кошпостон астрономияга салым кошуп атагы алыска таанылат. Омар Хайям мындан тышкары дүйнөгө өзүнүн рубаилери менен кеңири таанымал. Анын рубаилеринин мааниси тереңдиги, таалим тарбиялыгы менен эл арасына бат тарап, элдин оозуна бат алына баштайт. Рубаилери көбүнчө дин, турмуш, адамдын жашоосу жөнүндө жазылган. Тарых барактарында анын рубаилери 5000ге жеткен деп жазылып калган. Бирок, кээ бир изилдөөчүлөр Омар Хайямга 300-500 рубаилер гана тийиштүү деген да божомолдор бар.  Көп убакытка Омар Хайямдын рубаилери унутта калат. Англиянын акыны Эдвард Фицджеральдага Омардын рубаилери жазылган дептери колуна тийип аны биринчи латын тилине андан кийин англис тилине которуп чыккан.

Омар Хайямдын эстеликтери  Душанбеде, Ашхабадда , Бухаресте  тургузулган. 1935-жылы Азербайжан жазуучусу Гусейин Джавит Омар Хайямга арналган “Хайям” аттуу пьеса жазат. Омар Хайям  “Оо кудай, кечир мени. Мен акылым жетишинче сени тааныганга аракет кылдым. Канчалык сени тааныган сайын мен ошончолук сага жакындадым” деп көз жумган экен.

Омар Хайямдын Рубаилери

РубаиЖелдей жортуп, батты бир күн дагы да,

Ал өмүрдөн кетти, келбес жагына.

Тирүү туруп, болгум келбейт кабатыр,

Кеткен түндүн, келээр күндүн баарына.

Кайдан келдик? Кайда бармай? Түшүнүү-

Кыйын болду. Неде жашоо үзүрү?

Күлгө айланды нечен асыл адамдар,

Кайда алардын күйгөндөгү түтүнү?

Оо теңири, сенде устаттык чебери,

Баш жаратып топурактан береги,

Идишиңден, тасмалына турмуштун,

Өрт жандырдың кумарланткан денени.

 

Бул ааламда мени кирпич санашса,

Алмашмакмын, аны жутум шарапка.

А эртеңчи? Сатам селде, чепкеним,

Умай эне тикпеген соң адатта.

 

Тоо турса да, шарап татсам, бийлеймин,

Кандай акмак аны ушактайт билбеймин.

Сен да айтасың алыс кач деп шараптан,

А мен аны, сыйкырчы күч жин деймин.

 

Ай, жадатты, сопу дечү немелер,

Эй сатуучу, шарабыңдан келе бер!

Селдем менен жайнамазым карыз ал,

Мен эмесмин сопуларга теңелер.

 

Кумарчы, мен өзүңө таң калам,

Ылай жууруп, алакан чаап сандаган-

Олтурасың. Неге оюңа албайсың,

Бир  кезекте болгондугун ал да адам?

 

Билсең, жерде, ар атомдун сыры бар,

Алар-бир кез, жашап өткөн сулуулар.

Чачын сылап байкап көрсөң чаңдарын,

Ошолордун кыпынынын жугу бар.

 

Бул дүйнөдө биз жашайбыз аз гана,

Шарап ичип, кыз сүйбөсөк наздана,

Күнөө болоор. Акыр кетер болгон соң,

Баарын талдап, баш оорутпа башкага.

 

Жүрөк алсыз, кечир мени жараткан,

Көөдөндү да күйүт басып жадаткан.

Иччү жайга сүйрөп көндү буттарым,

Колду кечир, бошобогон шараптан.

 

Мейли жаша эч жамандык көрбөстөн,

Мейли жаша эптеп-септеп өлбөстөн,

Мейли жыргап жүз жылдарды жашар көр,

Табарың не, айтчы курбум, көргөзсөң?

 

Кете турган жан экенбиз бир келген,

Акылмандан, ага маани ким берген?

Кайдан келдик? Баш, аягы жок дүйнөң,

Кай тарапка биз барабыз бул жерден?

 

Мейли жүз жыл, мейли миңге жашагын,

Бирок чындык, көр алдында жатарың.

Падыша бол, кайырчы бол, баары бир,

Өлүм үчүн бирдей сенин катарың.

 

Дүйнө катаал, берет, алат жандарды,

Кимге айтасың кайгың менен арманды?

Бул дүйнөгө аз жашаган бир жыргал,

Бактылуу дейм төрөлбөгөн балдарды.

 

Роза сүйлөйт: “Жоктур, чиркин, арманым,

Гүл аралап келе жатат жалжалым”.

Булбул айтат: “Көз ирмемге кубансаң,

Көрөрсүң сен, жылдап жашың тамганын”.

 

Каргыш тийгир, издеп жүрүп бактыңды,

Жаш көлдөттүң, кана, пайда таптыңбы?

Ич шараптан, күндөп, түндөп иче бер,

Жок болосуң сууга чөккөн таш сындуу.

 

Шыңгыр булак, чөптүн көрчү бүрдөшүн!

Тепсебегин, гүлдөй берсин гүлдөсүн.

Балким бул чөп, небак өлгөн сулуунун,

Турпагынан өсүп чыгып жүрбөсүн?

 

Мен иче албай жүрөалбаймын бул күндө,

Мына, куттуу орозонун түнүндө,

Селким менен кучакташып, чөйчөктөн,

Шарап ичип өткөн турам тирүүмдө.

 

Бул дүйнөдөн аз деп менин алганым,

Жыргал эңсеп, болбос баарын чанганым.

Куй шарапты, жуткан демди кайрадан,

Чыгарганга жетээр бекен дарманым.

 

Адал, арам, баатыр, коркок кээ бирөө;

Төрөлгөндөн кошо бүтөт денеңе.

Колдон келбейт артык болуш, кем болуш,

Алла-таала өлчөп койгон ченине.

 

Ар жакшылык же жамандык- асылган,

Баары биздин, тагдырларга жазылган.

Ар кадамың Көк Теңирден чийилүү,

Болбойт ага капаланып- басынган.

Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №114




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru