Айбат » Зоотбекова Жийде: “Жолум ачык, ийгиликтер коштойт…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Зоотбекова Жийде: “Жолум ачык, ийгиликтер коштойт…”

Зоотбекова ЖийдеСыналгынын көркүн ачып, көптөгөн мырзалардын жүрөгүнө чок салып, алардын түн уйкусун урдап алып анан таң алды сын алгыдан өзүнүн ажары менен тозуп алган 5 каналдын  “Таңкы эс алуу” программасынын алып баруучусу Жийде айым бизде конокто.

- Cиз мурунку иштеген жериңизге таарынып кеткендигиңизди айтып жүрүшөт ошол чынбы?

– Эң биринчи жолу “ТЕЛЕВИДЕНИЕ” деген ааламга НБТ телеканалынын босогосунан аттаганмын. Ал жактан абдан чоң баалуу, керек болсо жогорку окуу жайда үйрөтпөгөн тажрыйбаларга ээ болдум. Эң кызыгы мен келген кезде 3 күндөн кийин эле эфирге чыгарып коюшкан. Башка кесиптештерим “Биздин арабыздан, эң кыска убакытта эфирге чыккан сен болдуң, биз бир жыл жүргөнбүз” деп айтып калган да учурлар кезикти. “Лидер КЖ” деген программанын алып баруучусу болуп карьерамды баштадым десем болот. Бул “Муз Канал” деген телеберүүнүн алкагында болгон. Жаман болгон жокмун, эң алгачкы күндөн баштап жетекчилик тараптан мактоого татып, төбөм көккө жеткен. Кесиптештер, болгондо да кыздар бар жерде эрегишүү деген да абдан жаман касиет адам баласында бар болгондуктан, кысым көрсөтүлүп, жетекчиликке туура эмес үгүттөрдү жүргүзгөн адамдардын артынан таарынып кеткем десем болот. Көп өтпөй эле, убагында мени түшүнбөй калган жетекчилик кайра чалып кайрылып келгенимди суранды, кайра келдим.

Зоотбекова ЖийдеБирок, жүрөгүм муздап калгандыктан өз ыктыярым менен ошол эле НБТ каналдын ичиндеги башка бөлүмгө “Теле Ворд” деген программанын алып баруучусу, продюсери болуп дайындалгандыктан , мурдагы “Муз Каналдын” жетекчилиги мага таарынып, бут тозуп, сени иштетпейм, эмнеге сен кетип каласың деген да сөздөр чыкты. Бирок, бир эле бузукулук эмес, айлык маселеси да болду десем болот, себеби 1 жылда бир жолу жол киреге жеткен акчаны мага берип, калган түшүп жаткан акчага үй, машине өзүнө алып жатканын укканда кеткеним туурабы дедим. Мен жаман болгон жокмун, менин жолум ошол жерден ачылды.

- 5 каналга кандайча тандалып калдыңыз?

– Ошентип НБТ каналында башчыбыздын жардамчысы, “Теле Ворд” “Аба-ырайынын” алып баруучусу болуп иштеп жүрдүм. Арадан убакыт өтүп Өкмөт алдындагы Бордук Аппаратта да иштеп калдым, ал жерде жумушум кагаздар менен иштөө менен байланыштуу болгондуктан билбейм, барып алып эле сыналгыны күйгүзүп алып, эл жок болгондо текст окуп, иши кылса телевидениени апамды сагынгандай сагынып кеттим, Фейсбукта бир күнү журналисттер керек деп жазылып туруптур, чалсам эле келиңиз дейт. Тапшырма беребиз аткар, көрөлү кандай иштейсиң дейт, “ии өтө кыйын экен” десем “жылдыздар төлгөсүн котор” дейт, ушул элеби деп текст котордум, анан “СТЕНДАП” менен сюжет жасадым, мени көпкө чейин ары калчап -бери калчап отуруп , акыры сындан өтүп бир жылга жакын журналист болуп иштеп, кийин алып баруучу редактор болуп иштеп калдым.

Дагы бир жыл өтпөй өзүмдүн авторлук долбоорумду “Таңкы Эс Алуу” деген программамды ачып кубанып отуруп калдым.

Зоотбекова Жийде- Сиз үчүн кайдыгерлик деген сөздүн мааниси?

– Мен үчүн кайдыгерлик деген сөздүн мааниси, бул жаныңдагы адам менен эмне болуп жатат ишиң жок болуп, кол шилтеп койгон болуш керек. Бирок, кече жакында отуруп алып ойлондум тууганың болобу, жакшы көргөн адамың болобу, адам баласы жакшы көргөн адамдардан гана жаман сөз укканда ыйлайт экен. Ал эми, сен үчүн бир тыйын кереги жок, кызыксыз адам болсо, ал башынан ылдый ылай жаап салса да кайдыгер карап аны жеңип коюуу мүмкүн экен. Туугандардын арасынан чыккан сөөл жыландар баарынан жаман деп айтып калат апам, анткени аларга канча кайдыгер болсоң да, кайрадан кайрылып келе бересиң деп.

- Кайсы макалды көп колдоносуз?

– Мен көп макалдарды колдоно берем, иши кылса үйдөн уккан макалдарды, бирок улуу адамдардын сөзүн угуп. “Сыналгыда мага чоң апа болуп калгансып макал айтып коёт жап-жаш болуп” деп, ошол үчүн эфирден макал колдонбогонго аракет кылам, себеби мени улуу жана кичүү курактагылар да көрүшөт да.

- Жашоодогу девизиңиз?

– Эмнеге экенин билбейм, мектепте окуп жүргөн кезде “Кыйынчылыкты баарын жеңем!” деген ураан коюп алып анан кыйналып ошолорду жеңем деп эле жүрчү экенмин, анан кийин кичине акыл кирип түшүндүм, адамдын мээси бул эң күчтүү курал экенин андай ураан менен жүрбөстөн “Жолум ачык болот, ийгиликтер коштойт ” деген ураанга өттүм.

- Кайсы китептерди баалайсыз?

– Психологтордун айткан кеңештери жагат “Ойлон да, бай бол” деген Напалеон Хиллдин китеби, Виктор Франкл деген инсандын китептери жагат, себеби анда кеңештер берилип ал кеңештер менен ийгиликти багынтуу болот деп эсептейм.

- Турмуш куруу сиз үчүн?

– Менимче биринчи жолуккан адамга турмушка чыгуу туура эмес деп эсептейм. Анан да “турмушка чыкканда эле жыргап кетем деп ойлобо” деп апам айткандай өзүң бутуңа турушуң керек го дейм. Азыр апам “Жийде, өзүң үчүн эмес же мен үчүн эмес, төрөлө элек балдарың үчүн жаша, ар бир жасап жаткан ишиң болочоктогу балдарыңдын келечектеги жашоосу ” деп айтат. Анан мен да ойлонуп калдым, туура деп ошол үчүн азыр биринчи өзүм да бутума туруп алайын деген ой. Турмушка чыкса күйөөң багат деп айтат, менимче күйөөгө мени баксын деп чыгуу туура эмес болуш керек. Тескерисинче өзүңдүн талантыңды колдонуп болочоктогу жолдошуңа жардам берип, күч бирдикте кылып чоң-чоң бир идеяларды жаратып коомдогу өзгөчө адам болууга жол ачылат деген ойдомун. Ошол үчүн, мен үчүн турмуш куруу эң маанилүү жана ал оюнчук болбогондуктан , апам айткандай “100 жолу өлчөп, бир жолу кесүү” туура деп ойлойм.

- Маегиңизге  чоң рахмат Жийде айым.

Маектешкен Рахатбек РЫСАЛИЕВ

Айбат гезити №114



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru