Айбат » Бишкекте Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүсүнө каршы митинг өттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Негизги » Бишкекте Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүсүнө каршы митинг өттү

Жениш МолдокматовКР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын «Бир жыныстагы адамдардын сексуалдык карым-катышын пропагандалоого тыюу салуу» тууралуу мыйзам долбоорун даярдашканы Европарламенттин өкүлдөрүнө жакпай калганы белгилүү. Алар муну «адам укугун чектөө» катары сыпатташып, кыргыз парламентарийлерин ал мыйзамдан баш тартууга чакырышкан болчу. Ошол эле учурда Кыргызстандын ичиндеги чет мамлекеттерден каржыланган бейөкмөт уюмдардын басымдуу бөлүгү дагы аталган мыйзам долбооруна каршы аракеттерин жасап келишет. Алардын мындай аракетинен улам шамалдын кайдан согуп атканы айдан ачык көрүнүп турат. Демек, батыштан каржыланган уюмдар Кыргызстандын ички саясатына терең кийлигишүү менен ата-бабаларыбыздын нарк-насилине, үрп-адатына каршы келе турган жосунсуз жорукту жайылтууну колдоп жатышканын кантип танабыз? Мына ушундан улам 5-февралда борборубузда Ак үйдүн алдында Кыргызстандын ички саясатына Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын кийлигишүүсүнө каршы митинг өтүүдө. Митингдин дагы бир катышуучусу «Калыс» кыймылынын лидери Жеңиш Молдакматов митингге чыккандар жаш балдарды зордуктагандарга өлүм жазасын талап кылып жатышкандыгын билдирет. «Парламент педофилдер маселесин өз деңгээлинде карабай жатат. Эгерде карашса, үстүртөн гана карап, анын себептери менен күрөшпөй, тергөө менен күрөшүүдө. Биз депутаттар ушул маселени кароосун талап кылабыз. Конституция боюнча өлүм жазасына тартууга тыюу салынгандыгын туура түшүнөбүз. Бирок биз мындай өзгөртүүнү киргизүү үчүн референдум өткөрүүгө болот жана биз анын өтүшүн колдойбуз» дейт ал. Чындыгында эле бул көтөрүлгөн эки маселе тең орчундуу маселелер. Кыргыз элине жат көрүнүш болгон бир жыныстагы адамдардын сексуалдык карым-катышын пропаганда кылуу бул кайсы бир күчтөрдүн элибизди тукум курут кылууга жасап аткан атайын аракетиндей туюлат. Ошол эле учурда ыймандуулукка да шек келтирет. Ал эми жаш балдарды зордуктоо маселеси дагы өтө олуттуу, кооптуу маселе болуп турат.

Айбат гезити №114



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru