Айбат » Дүйнөнүн эң кооз шаарлары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Дүйнөнүн эң кооз шаарлары

FORBES журналы жыл сайын жарыялап келген жыйынтык боюнча, Лондон жана Париж шаарлары адаттагыдай эле эң алдыңкы саптан оорун алган. Ал эми, калган шаарлар, жыл сайын бул рейтингде оорун алмаштырып өзгөрүп турат. Төмөндө “forbes” журналынын дүйнөнүн эң кооз шаары деп эсептелген, 10 шаарды сунуштайбыз.

 

1-оорунда Париж

Париж шаары Франциянын борбор калаасы. Көптөгөн жаш сүйүшкөндөрдүн кыялындагы шаар болуп эсептелинет. Париж шаары өзүнүн кучагына көптөгөн атактуу инсандарды камтыган жана башка чет өлкөнүн актёрлордун да кызуусун арттырган. Бул шаар жөнүндө көптөгөн кинолор тартылган. Чындыгында Париж аябай кооз шаарлардын бири жана кооз шаарлардын алдыңкы сабында туруп келет. Бул кереметтүү  романтикалык шаар, бүткүл дүйнөлүк коомчулук тарабынан “дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири деп табылган.

Париждин атагын чыгарган бир гана  Эйфел мунарасы менен Лувр музейи гана эмес. Бул кереметтүү шаардын  көптөгөн тарыхый имараттары, парктар, дүкөндөр жана башкалары менен сыймыкта алышат. Ал эми, Парижге барган ар бир турист, сөзсүз түрдө Мона Лизаны көрүү үчүн Лувр музейине баш бакпаса болбос.

Париж

 

2-Оорунда Лондон

Лондон, бул шаарды кимдер гана билбейт жана бул шаар тууралу уккан адам, дароо эле Лондонго байланыштуу ар кандай нерселерди элестетет. Кимдир Биг-Бен жана Тауэр жөнүндө, кимдир бирөө эки кабаттуу автобустар  жөнүндө, кимдир Лондондогу тумандар жана жамгырларды элестетет. Ал эми кино сүйүүчүлөрү алгач эле Шерлок Холмсду элестетсе керек.

Лондондун абасы таң калтыраарлык таптаза аба, бул албетте Улуу Британиянын борборуна биринчи жолу келип жаткандарды таң калтырбай койбойт. Ошондой эле,  Лондондо Европадагы эң бийик имарат, Лондон Көзү имараты жайгашкан.

 

3-Оорун Рио-Де-Жанейро

Футболдун дүйнөлүк борбору жана карнавалдын мекени деп да саналган жана  2014-жылы дүйнөлүк футбол боюнча чемпионаттыкты өз кучагына алып  жакшы маанайды тартуулаган Бразилиянын борбор шаары Рио-Де-Жанейро 3 орунду ээлейт. Бул шаар башкалардан өзгөчөлүгү  Исус Христостун символу, бийиктиги 36 метр болгон статуясы эсептелет. Шаар Бразилиянын маданий, экономикалык борборлорунун бири.  Айрыкча Рио де Жанейрого көпчүлүк туристтер, белгилүү Бразилия карнавалын өткөрүү убагында келип көрүп кетүүнү самашат…

Рио-Де-Жанейро

 

4-Оорунда Токио

Азыркы учурда Кытайдын Шанхай шаары, калкынын саны боюнча дүйнөнүн эң чоң шаары болсо, ал эми Токио жеринин аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң шаар болуп саналат. Токио шаары өзүнүн заманбап

Токио дүйнөлүк экономикалык, финансылык борборлордун бири. Заманбап шаарлардын катарында.

Токио

 

5-Оорунда Дубаи

Дубай жаңыдан гана өнүгүп келе жаткан шаарлардын бири. Ошентсе да Дубай азыркы учурда ири соода экономикалык борборго айланды.

1996-жылы Дубайда нефть табылгандан баштап өтө тез темп менен өнүгө баштады. Дубайда көптөгөн фирмалардын офистери, магазиндер, асман тиреген курулуштар, отельдер жана башкалар  жайгашкан. Дубайда ошондой эле дүйнөдөгү эң чоң ырдоочу музыкалык фонтан оорун алган жана ошону менен бирге дүйнөдөгү эң бийик имаратты менен мактаныша алышат…

Дубаи

 

6-Оорун Нью-Йорк

Бул шаарды  “Дүйнөнүн борбору” деп аташат.  Нью-Йорк Америка Кошмо Штаттарынын эң чоң жана саясий, маданий, экономикалык мааниси бар шаарларынын бири. Борбордук парк, эркиндик статуясы, Манхеттен сыяктуу аталыштарды укканда, көптөгөн туристтерди кызыктырат.

Нью-Йорк

 

7-Оорунда Кейптаун

Кейптаун Туштук Африка республикасынын ири шаары. Спорттун “серфинг” (суу лыжасы) түрү боюнча, дүйнөлүк борбор деп да аташат. Кейптаунда жагымдуу аба ырайы, экзотикалык климат, пляждар жана башка ушундай жерлерине   туристтер агылып келчүү жерлери көп.

Кейптаун

 

8-Оорунда Каир

Каир Египет араб республикасынын (Мисир) борбор шаары. Көптөгөн кылымдык тарыхка ээ болгон байыркы шаар. Мечиттер, Пирамидалар оорун алган. Пирамидалардын ичинен Хеопс пирамидасы дүйнөнүн жети кереметинин бири болуп саналат. Көптөгөн ири базарлар, тарыхый эски имараттар, жана заманбап көк мелжиген үйлөр жайгашып, Каир кайталангыс кооз шаарлардын катарында 8 орунда турат.

Каир

 

9-Оорунда Стамбул

Стамбул Европанын жана Турциянын эң ири шаары болуп эсептелет. Европа жана Азияны ажыратып турган Босфор кысыгынан оорун алган шаар. Байыркы шаарлардын бири, мурдакы аталышы Константинопол. Азыркы учурда Стамбул чыгыш менен батыштын маданиятын айкалыштырган, заманбап шаарлардын бири.

Стамбул

 

10-Оорун Сидней

Австралиянын борбору болгон Сидней  дүйнөнүн эң кооз шаарларынын 10 орунун камсыз кылып турат.  Сидней шаарында көзгө толумдуу кооз жерлери,  кооз имараттар, кызыктуу эстеликтер көптөгөн туристтердин кызыгуусун арттырып келет.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №114




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru