Айбат » Пайдалуу кеңеш: Өчпөс гүл, самарканд өчпөс гүлү, бозунач, Топинамбур, жер алмурут, Пахта-гүлкайыр, Теңге гүл, календула, Сары чай чөп

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Пайдалуу кеңеш: Өчпөс гүл, самарканд өчпөс гүлү, бозунач, Топинамбур, жер алмурут, Пахта-гүлкайыр, Теңге гүл, календула, Сары чай чөп

АстраӨчпөс гүл, самарканд өчпөс гүлү, бозунач

Астра тукумундагы көп жылдык чөптүү өсүмдүк. Анын сабагы бир нече, бийиктиги 15-35 см, боз болот. Тамыры жакын, жалбырактары жумуртка сымал, узунча, сабагындагылар – түз, ланцеттей, сапсыз. Гүлдөрү ачык-сары, лимон-сары, башкы гүл сабагында каптал гүл саптардан бутактанган топ гүлдү пайда кылат.

Тамыры катуу, таралган, кара күрөң түстө. Өсүмдүк июнь- августа гүлдөйт. Уругу – кутуча, август-сентябрда бышат. Өчпөс гүл көбүнчө кумдуу топуракта өсөт. Биздин өлкөдө Өзгөн жана Чаткал тоолорунда көп болот.

Дары катарында өчпөс гүлдүн гүлдөрү толук ачылганга чейин жыйналат. Топ гүлдөрдү түбүнөн кайчы менен кесип алат. Сабагынын калдыгы 1-2 см ден көп болбош керек. Караңгы, жакшы желдетилген сарайларда кургатылат. Күн абдан ысыганда гүлдөрү ажырап кетет. Кургак сырье ачык сары түстө, жыты жагымдуу, даамы ачуу. Сактоо мөөнөтүү 3жыл. Өчпөс гүлдө флавоноиддер, эфир майлары, чайырлар, ачуу жана ийлөө заттар, микроэлементтер, стероиддер ж.б. бирикмелер бар. Өчпөс гүлдөн жасалган дарылар өт баштыкчасынын иштешин оңолтуп, өттү айдайт. Ашказан менен он эки эли ичегинин зилдерин бөлүп чыгарууга көмөк болот, артериялык кан басымды бир аз жогорулатат. Заара айдама, бактерияларга каршы да таасирге ээ.

Өчпөс гүл өт жолдорунун сезгенүү ооруларында, боор ооруларында колдонулат. Бирок, өт баштыкчасында таш пайда болуу оорусунда ал колдонулбайт. Себеби, өт айдалып чыкканда таштар өт жолдоруна тыгылып калышы мүмкүн. Заара жолдорунда майда таш менен кум пайда болсо, өчпөс гүл аны да айдайт.

Колдонуу ыкмасы: 10г өчпөс гүлдүн үстүнө 200мл (1 стакан) кайнак суу куюп, 30-40 минута термосто демдеп, чыпкалайт. Тамакка чейин 30 минута калганда 2 аш кашыктан 3 маал ичсе жарайт. Өчпөс гүлдү шкафка салып койсо, ал кийимди күбөдөн сактайт.

 

Топинамбур, жер алмурут

– татаал гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабагы күн карамага окшош келет. Сабагы түз, күчтүү, жогорку жагы бутактуу, узундугу 1,2-2,5 м, кээде 4 м –ге чейин. Жалбырактары кыска саптуу, жумуртка сымал, учу ичкерилген. Гүлдөрү күн караманыкындай майдаарак келет. Тамыр системасы абдан чоң жана терең жайгашат. Топурактагы өзгрүлгөн кыскарып, жоонойгон сабагы түймөк, андагы көзчөлөрү-бүчүрлөр. Түймөктөр ак, сары, көк кызгылт, кызыл түстө. Түймөк запас топтолуучу жана вегетативдик көбөйүү органы катарында кызмат кылат. Жер алмурут Түндүк Америкадан алып келинген культурадагы өсүмдүк. Ал жазында же күзүндө картофель өстүрүүчү машинанын жардамы менен айдалат. Картошканы түптөгөндөй эле түптөлөт. Жашыл массасы 1 га-дан 350-500 ц тоютту, түймөгү 200-250 ц түзөт. Түймөктөр топуракта жакшы сакталат, ошондуктан аны керек болгондо гана казып алат. Түймөктөрүндө сууда ээрүүчү полисахарид-инулин көп (16-18%), азот заттары, С витамини, В тобундагы витаминдер бар. Тамакка колдонулат, ошондой эле андан өнөр жайда спирт, фруктоза алынат.

Топинамбурдун түймөктөрү менен жашыл массасы сонун тоют. Аны көк бойдон же силостогон түрдө да берет. Түймөктөрүн 100 кг-да 1,5кг сиңирилүүчү протеин бар. Силос менен түймөктөрүн мал жакшы жейт. Куштар менен коёндорго да берсе жарайт, алар андан жакшы семирет.

 

Пахта-гүлкайырПахта-гүлкайыр

Гүлкайыр тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүгү. Республиканын түштүгүндө эгилет. Сабагы узун, жалбырактары узун саптуу, кезектүү, түп жагы жүрөк сымал, 3-5 айчыктуу. Гүлдүү сабагы узун, анда жалбырактын сабакка бекиген жериндеги сабагы менен сабактын ортосундагы аралыкта (колтугунда) гүлдөр жайгашкан. Гүлдөрдүн диаметри 6-7 см. Гүл жалбырактары 5, мала сары, кийин кызарат. Уругу 3-5 саадактуу кутуча, ал жетилгенде өзү ачылат. Уруктарынын сырты узун жана кыска буула менен капталган. Июль –ноябрда гүлдөйт.

Сырье катары тамырынын кыртышы, пахта бууласы (ал жетилген мөмөсүнөн үзүлүп алынат), ошондой эле түгү алынгандан кийинки уруктар пайдаланылат, андан май чыгарылат.

Тамырынын кыртышында госсипол аттуу бирикме, С витамини, эфир майлары бар. Уругунда –госсипол, өсүмдүк майы бар. Пахта майы –күрөн кызыл түстөгү май. Пахтанын майынын түсү андагы кызыл пигмент- госсипурин жана сары пигмент- госсипол менен байланыштуу. Тазалангандан кийин пахта майы медициналык максатта да колдонулат. Анда каныкпаган май кислоталарынын өлчөмү 45 ти түзөт. Тазаланган пахта бууласы таза целлюлозадан турат. Ал нымды өзүнө тарткандыктан жарааттарды тазалоодо кеңири колдонулат. Пахта бууласынын кан токтоотуучу касиети флавоноиддер, К витамини жана ийлөө заттары бар болгондугу менен байланыштуу. Уругунан чыгарылган өсүмдүк майында Е витамини көп. Ошондуктан пахта майы жыныс бездеринин функциясы бузулганда дарылык таасир берет. Пахтанын уруктарын кайнатып демдеп бала эмизгендерге ичирсе алардын сүтү көбөйөт экен.

 

Теңге гүл, календулаТеңге гүл, календула

Бийиктиги 30-60 см болгон татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы түз, же бутакталган. Жалбырактары кезектүү, овал сымал, кургак мезгилде өсүмдүк жабышкак, жыты балзамдай болот.

Гүлдөру алтын сары, ачык сары, диаметри 4-5см. Мөмөсү –кыйшайган урукча, куштардын тырмагына окшош. Июндан баштап октябрга чейин гүлдөйт. Июлда эле уругу пайда болот. Календула биздин республикада өстүрүлөт.

Гүлдөрдүн курамында каротиноиддер, ийлөө заттары, органикалык заттар, флавоноиддер, микроэлементтер ж.б. бар.

Дары катарында гүлдөр колдонулат. Календула гүлдөгөндө гүлдүн өзү жыйналат. Сезондо 15-20 жолу жыйнаса болот. Көлөко жайда же кургаткычта 40-45 градуста кургатылат. Жыты анча эмес, жагымдуу болот.

Теңге гүлдүн (календула) препараттарынын өт айдама таасири бар, жогорулатылган кан басымды төмөндөтөт, нерв системасына сеп алдырма таасир берет, уйку келтирет. Мындан тышкары, календуладан жасалган дарылар микробдорго каршы, сезгенүүгө да каршы таасир берет.    Ошондуктан календула күйүктө, үшүк алганда, сыздоок чыкканда колдонулат. Календуланын тундурмасы менен ангинада тамак сезгенгенде оозду чайкаса жакшы болот. Календула кошулган майларды теринин сезгенүү ооруларында сыйпаса жардам берет. Үй шартында 10 гр кургак жанчылган гүлдү 50 г вазелин менен кошуп, аябай аралаштырып жарага сыйпаса жарайт.

Өсүмдүктүн жаш жалбырактарын майдалап, шишиген жерге тартып койсо, шишик тарайт. Ошондой эле календуланын тундурмасын ваннага кошсо, тери оорууларында жардам берет. Өсүмдүктүн ширесин сыгып алып, мурунга тамызса да, чимкирик азыраак чыгат. Календулада боёгуч заттар көп болгондуктан, ал тамак аш өнөр жайында маргарин, май, сырды боёгонго жана жыт бергенге пайдаланылат.

 

Сары чай чөпСары чай чөп

Бийиктиги 30-100 см болгон көп жылдык чөп. Анын сабагы бир же бир нече, тыгыз, эки кырдууу. Жалбырактары майда, кезектүү, сабаксыз, сүйрү-овалдуу, жылма, көптөгөн эфир чыгаруучу майда жылчыктары бар. Гүлдөрү көп, сары алтындай, кара тилкелери бар, шыпыргыга окшогоп чогуган. Мөмөсү – үч уялуу көп уруктуу кутуча. Май-августта гүлдөйт. Уругу абдан майда, күрөң, сентябрда бышат. Ал бардык жерде өсө берет. Сары чай чөптүн түрү көп.

Дары катары сары чай чөптүн бир түрү гана жыйналат. Гүлдөгөн кезде 15-30 см сабагын кесип алат. Желдетилген, көлөкө жайда кургатат. Андан кийин гүлдөр менен жалбырактары катуу сабактардан ажыратылат. Кургаган сары чөптүн бльзамдуу жыты бар, ал 3 жыл бою сакталат.

Сары чай чөптө 10-12 ийлөө заттары, боёгуч заттар, рутин, С жана РР витаминдер, каротин, эфир майлары бар. Сары чай чөптүн микробдорго каршы, сезгенүүгө каршы, кан токтотуучу, өт айдама, сеп алдырма касиеттери бар.

Сары чөптү элдик медицинада тундурма түрүндө колдонулат. Ал үчун 1 аш кашык чөптүн үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 2 саат демдеп, чыпкалап 1/3 стакандан ичет. Сары чай чөптөн сонун май жасаса болот. Ал үчүн кургак чөптү майдалап, анын 1 бөлүгүнө 2 бөлүк жылытылган өсүмдүк майын куюп, 3 жума караңгы жерге коюп коёт. Арасынан чайкап, аралаштыруу зарыл. Андан кийин чыпкалап, өзүнчө бөтөлкөгө куюп коюп, ар кайсы жараларды дарыласа жарайт. Сары чай чөптөн туруктуу боёкторду (сары, жашыл) же ысык тундурмадан мала кызыл же кызыл түстөгү боёк алса болот.

Айбат гезити №114




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru