Айбат » Кызыктуу фактылар кыскача

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Кызыктуу фактылар кыскача

 

Сиз жашсызбы же карысызбы, бул дүйнөдө абдан кызыктуу нерселер бар жана ал кызыктын бардыгын билүү мүмкүн эмес. Кантсе да биз бүгүн сиздерге кызыктуулардын кыскача фактыларын жазып өтөлү.

 

  1. Жер жүзүндө жарымынан көп адам өмүрүндө карды өңүндө көргөн эмес.
  2. Эйфель мунарасын 7 жылда бир сырдап турушат.
  3. Кытайда мугалим окуучуларды жакшы окушсун деп, класс ичинде 20 мүнөт уктаганга уруксаат берет.
  4. Осакодо (Япония) кеңсенин имараты аркылуу өткөн жол бар.
  5. Адамдардын бештен экиси биринчи сүйүүсү менен баш кошот  экен.
  6. Илимий изилденген – эгер бир нерсени 21 күн катары менен кыла берсе, ал адатка айланат.
  7. Рейкьявикте кыштын күнү жаан же кар муз болуп тоңуп калбашы үчүн, жылыткычы бар тратуарларды салышат.
  8. Актриса Ширли Хендерсон “Гарри Поттерде” 13 жашаар ыйлак окуучу кыз Миртлдын ролун ойногон. Кино тартылып жатканда Ширли кыртарга чыгып калган актриса эле.
  9. Чарли Чаплинге окшоштордун сынагында Чарли Чаплин өзү үчүнчү орунду алган.
  10. Коала суткасына 18ден 22 саатка чейин уктайт.
  11. Плутон Россиядан кичинекей.
  12. Рубик кубиги – дүйнөдө эң көп сатылган товар.
  13. Наристелер 1ден 3 айга чейин жашы жок ыйлашат.
  14. Асманда жылдыздар жердеги кумга караганда бир топ көп.
  15. Колибри – артка уча алган жалгыз чымчык.
  16. Рокфеллер Джон Дэвисон 100 миң доллар тапсам жана 100гө чейин жашасам деп кыялданчу. Ал 192 миллион тапкан, бирок 97ге чыгып өлдү. Кыялдардын бардыгы орундала бербейт…
  17. Токиодо зоопарктагы жаныбарларды көрүүчүлөрдөн эс алдырыш үчүн, зоопаркты жыл сайын 2 айга жабышат.
  18. Россия менен АКШны болгону 4 километр бөлүп турат.
  19. Болжол менен кичинекей балдар күнүнө 400 жолу күлүшөт. Ал эми чоң кишилер болжол менен 15 жолу.
  20. Александр Грейам Белл телефонду ойлоп тапкан, бирок апасына жана аялына бир да жолу чалган эмес. Ал экөө тең дүлөй эле.
  21. Ливермол шарында 110 жылдан бери күйүп кете элек лампочка бар.
  22. Москвадагы батирлерден арзан турган ак сарайлар бар.

Кызыктуу фактылар кыскача

Бетти даярдап, жазаган: Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №114

 




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru