Айбат » Адам максаты менен бааланат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Адам максаты менен бааланат

Men pray to mark Eid al-Fitr in central BishkekАдам койгон максатынын деўгелиндеги баалуулукка ээ. Єз напсисинин, кара-курсагынын, денесинин алкагында максат койгон болсо, адамдардын арасында дагы бул нерселердин дегелинде гана бааланат.

Чоў чептерди жалгыз адам ала албайт. Бул иштерге кээде бир улут, кээде бир мамлекеттин эли катышат. Ал чептерди багындыргандардын арасында багындырган жерлердин бактылуулугун ойлогондор болот, ошол эле учурда кара-курсагы їчїн ниет кылгандар да бар болушу мїмкїн. Аллах Таала адамдын ниетине жараша ага укум-тукумду жана башка мїмкїнчїлїктєрдї берет делет.

Улуу максаттар улуу чыгаша-курбандыктарды талап кылат. Кээде максат малды сурайт, кээде мансапты, кээде болсо жанды сурайт. Мындай максатка аракет кылган элдин жарандары, ар кимиси эмнеге ээлик кылса ошонусун бериши керек болот.

Берген да кыйын, берген соў “бердим” дебеген андан дагы зор маселе. Бул абийир, ар жана намыс сыяктуу баасыз баалуулуктарды талап кылган эрдик. Улуу максатка короткон тырмактай нерсенин эстетиш менен адам баласы баа жеткиз баалуулуктардан кол жууп калышы мїмкїн. Анткени иштин ниети менен максаты эмне болсо колдонгон нерселер дагы ошол тїстї алат. Кылынган иш – кєрїнбєгєн баа жеткиз баалуулуктардын кєлєкєсї гана.

Элге, мамлекетке кызмат кылам деген адамдын жеке жашоосу їчїн гана дїйнєгє батуусу, дене жыргалчылыгы менен жашашы, айбандык сезимдер менен аракеттениши мїмкїн эмес.

акчаедДїнїйєкордук – тїгєнгїс кордук

Жалпысынан дїнїйє деп айтылган мал-мїлк, макам, комфорт жашоону сїйїї адам баласынын табиятында бар нерсе. Бирок молчулукка дагы, жакырлыкка да даяр эмес адамдын дїнїйє сыноосуна туруштук бериши кыйын. Сыноо болсо табияттын мыйзамы, ансыз єнїгїї, єсїї, жада калса бир орунда калуу дагы мїмкїн эмес. Жай-кыш, кїн-тїн сыяктуу эле адамдын же бир їй-бїлєєнїн санжырасына келчї нерсе.

Туура тарбиянын туура илим сыяктуу эле “санжырасы” болуш керек. Анткени турмуштун єйдє-ылдыйында, ачуу-таттуусунда адамкерчилигин сактап, башкалардын айбандыкка алдырып ийишине тоскоол болгон єрнєктїї бирин кездештирбеген адам, тигил же бул акыбал жана абалда єзїн жоготуп, єзїмчїлдїк сезимдерине алдырып жибериши мїмкїн.

Дїнїйєнїн бардарынан жокчулугуна, эркин куунак жашоодон кєз карандылыкка далай жолу урунган элибиз, кийинки муундарга бул тууралуу кєптєгєн алтын ой-насааттарын калтырган.

Їлгї санжырасы улуу болгон, ошол санжырага бекем байланып бийик жана кенен максаттарды алдына койгон, бул максаттарга жетїїдє адамдардын арасында адам катары жашаган инсанга башкаларга ачылбаган эшиктер ачылат. Мындай адам максат талап кылган учурда, бардык мїмкїнчїлїгїн кєз ирмебестен эли-жеринин єнїгїп-єсїшїнє жумшап, жупунулук киймин кийип калса дагы кылган кызматтары їчїн бир нерсе алуу сезими жїрєгїндє жылт этпеши керек. Дал ушундай адамдар элинин санжыра чынжырына алтындан да чиригис, болоттон дагы бекем шакекчелерди таккан болот.

Тетирисинче ар кылган жакшылыгын, ар адамга дайыма эскерткиси келген, ар бир сарптаган тыйынын алтын сом кылып кайтарганды эўсегендер бир кїнї болбосо экинчи кїнї абийири айрандай тєгїлїп, єзїн гана эмес бїтїндєй уругун, жашаган аймагын жер каратып салат. Жакынкы таарыхыбызда канчалаган жигиттер турмуш майданына Хаарун сымал чыгып, бирок Каарун сыяктуу кємєлєнїп тїштї.

Дїнїйєкордукка алдырып бараткан бир-тууганыбызды тарбиялоону максат кылган болсок, єзїбїз дїнїйєгє болгон мамилебизди теў салмактуулукка алып келишибиз керек, анткени бир дагы тарбия єрнєксїз ишке ашпайт. Єрнєк болуу їчїн адам туура адеп-ахлак жана жїрїм турумду табиятына сиўириши керек.

Кандай байлык болбосун – руханий, интеллектуалдык же материалдык, башкаларга жумшалмайынча адамдын жїрєгїнє тынчтык келбейт, анткени башкаларды бактылуу кылуудан рахат алуу сезими адамдын табиятында эў тереў жайгашкан сезимдердин бири.

Мїмкїнчїлктєрїн єзї їчїн гана пайдаланган адамдын жїрєгїндє болсо эртели-кеч коркуу сезими пайда болуп, ал сезим бара-бар тїрдїї паранояларга алып келет. Акырында адам єзїнїн макам жана мансабын коруш їчїн нормадан сырткаркы чыгымдарды жумшап, бїт материалдык, моралдык жана руханий ресурстарын жок кылат.

Фасыктын алдындагы туюк жол

 Фасык адам динге кызмат кылууга эў чоў мїмкїндїк берген сонун жерге келген болсо да єзїнє тиешелїї белгилїї їмїттєрї, кїтїїлєрї бар. Ал, “эмнеге мен сыяктуу адамга кєўїл бурушуп каалаган нерселеримди орундаткан жок?”, – деп сезим жана ойлорун бєлїшкєн досторунан турдїї шылтоолор менен айрылып, єз билгенин кылганга аракеттенет.

Албетте мындай айрылып кетиш, динден чыгуу дегендик эмес. Бирок Пайгамбарыбыз (САВ) сахабалары менен отурган халкага кирбестен кетип калган адам тууралу “Ал жїзїн буруп кетти,  Аллах да андан жїзїн бурду”, – деп маселенин олуттулугуна кєўїл бурдурган экен.

Бул сыяктуу фыск сыпаты адамды максатына каршы келген натыйжага алып барат. Ахиретте болсо “Эмнеге буйрулган жериўде турбастан, жем болуп калуучу жерге кеттиў?, – делип сєзсїз мунун эсеби суралаары белгилїї.

Мунусунан  сырткары эгер текеберликке алдырып, адамдарды бири-бирине салып, анын-мунун аркасынан ушак таратуусу менен бєлїнїп-жарылууга, каршылашууга жол ачса, динге пайда алып келїїчї жердеги адамдардын ыкластуу аракеттерине бут тоскон болот.

Мындай фитна чєйрєдє, адамдардын табиятына таандык макам жана мансап арзуусу, кызматкерлердин эў чоў сыноосуна айланат. Азыркы кезде мектептерге, айрыкча башкаруучу макамдарга жаштардын иштеши зарыл болууда. Тагдырдын буйругуна жараша кээ бир учурларда адамдан бир топ жаш же анын кєз-карашына тєп келбеген бири жоопкерчиликтїї ишке келиши мїмкїн.

Иштин башында турган адам албетте жаш, билим жана тажрыйбасы жогору адамдаргa кайрылып, алардын тажрыйбасы менен кенен пикирлеринен пайдаланып, кадыр-парасаттарына чаў жугузбашы зарыл. Бирок ылдыйкы даражадагы адамдар дагы салабаттуу жаш жана тажрыйбага ээ болбосун, иштин башындагы адамга кулак салышы керек.

Азирети Усама ибн Зайдды (РА) эстесек, Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) бул дїйнє менен кош айтышаардан мурун Византия империясына каршы кол топтоп, ал кезде он сегиз жашка келген Азрети Усаманы кол башчы катары дайындаган. Азрети Абу Бакр, Умар сыяктуу эў улуу сахабалар бул кошунда катардагы аскер болушкан.

Бирок жоокерлер Мадинадан кичине узап-узабастан Пайгамбарыбыздын (САВ) Уллу Досуна сапар тарткандыгы тууралу кабар келет. Усама бабабыз колду кайрып Мадинага кайтып келет.

Сахабалардын кеўешинен соў мусулман мамлекетинин башына келген Абу Бакр (РА) баласынын, балким небересин жашындагы Усамага келип, билегинен алып: “Мага жардамчы болуш їчїн Умарды жаныма калтырганга уруксан бересиўби”, – деген экен. Демек момун ушундай єзїн тарбиялоодо ушундай бийиктиктерге чыкканга аракет кылышы керек.

Пайгамбарыбыз (САВ) мындай адамдын табиятында бар болгон сезимдерди алдына алып:

اسْمَعُوا وَأَطِيعُوا وَإِنْ اسْتُعْمِلَ عَلَيْكُمْ عَبْدٌ حَبَشِيٌّ كَأَنَّ رَأْسَهُ زَبِيبَةٌ

“Силердин башыўарга башкаруучу болуп дайындалган адам, чачтары жїзїм сыяктуу тармал ынды кара кул болсо да аны угуп моюн сунгула”, –деген экен (Бухари, Ахкам 4).

кааба

Антпесе ар ким єз каалоо жана арзууларына жараша їмїттєргє кирип иштин терс кетип ойрон болушуна себеп болот. Ошондуктан адам фасыктык жана фасадга эшик ачпашы їчїн кєєдєнїндєгї макам жана мансап сїйїїсїнє согуш ачып, моюнуна жїктєлгєн иштин майын чыгарышы керек дейт аалымдар.

 

Маалымат интернет булактарынан алынды.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru