Айбат » Кыргызстан Бажы биримдигине кошулушу менен бажы жыйымдары 25 млрд. сомго көбөйөт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстан Бажы биримдигине кошулушу менен бажы жыйымдары 25 млрд. сомго көбөйөт

Адамкул ЖунусовМындай билдирүүнү бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов журналисттерге маалымдады. Анын айтымында, Кыргызстан Бажы биримдигине кошулушу менен бажы төлөмдөрү 25 млрд. сомго көбөйөт. «Биз Бажы биримдигине кирүүгө даярданып атабыз. Биз өткөрүү пунктарына жаңы техникалык жабдыктарды орнотобуз. Эгер каржылоо жакын арада болсо, биз орнотуп үлгүрөбүз. Жол картасына ылайык бул жаатта 115 млн. доллар каралган. Азырынча эч нерсе бөлүнө элек. Биз Кытай, Тажикстан, Өзбекстан менен чек араны бекемдейбиз. Бүгүнкү күндө көптөгөн өткөрүү пунктары жабык, алардын милдетин чек арачылар аткарууда. Биз жаңы өткөрүү пунктарын ачабыз, андыктан, штаттык кыскартуу болбойт. Өткөрмө бекеттеринде россиялык, казакстандык бажычылар иштебейт, биз өзүбүз иштейбиз. Алар келип иштин сапаттуулугун текшерип турушат» дейт ал.

Айбат гезити №115




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru