Айбат » Бабановдун «Б-6» маркасындагы «шпиону» ким?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бабановдун «Б-6» маркасындагы «шпиону» ким?

омурбек БабановПарламенттеги «Республика» фракциясынын депутаты Максат Сабировдун каймана аты «Б-6» экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал мындай «наамга» кожоюну Өмүрбек Бабановго катуу жагынып, айтканын эки кылбай аткарып жүргөнүнөн улам ыйгарылган. Узартылып айтылганда «Бабановдун шестеркасы» деп чечмеленет. Мына ушул эренибиз парламент отурумунда «азыркы өкмөттү таркатып, башка өкмөт түзүш керек, өкмөттү оппозицияга бериш керек» деп кыйкырып чыкты. Ал эми оппозиция ким? Оппозиция ошол Өмүрбек Бабанов башында турган «Республика» партиясы, анын парламенттеги фракциясы. Демек, өкмөт башчылыгын анча-мынча болсо да аркалап калган Өмүрбек Бабанов өзүнүн «шестеркасы» аркылуу көмүскөдөгү оюн кылтыйтып атат деп түшүнө берсек болобу? Кайрадан өкмөттү желкелеп мингиси келип туру экен го? Эске сала кетсек, Максат Сабиров мырзанын өзүнүн дагы арты таза эмес экендиги көп эле жолу айтылган, жазылган. Анын өзүнө караштуу эки курулуш компаниясы Ысык-Көл аймагында кайра-кайра тендерлерден ири обьектилерди утуп алып, бирок бир да ишти аягына чыгарбай, чыгарса да кечиктирип, тендерде көрсөтүлгөн баасынан ашырып түшүрүп бүтүрүп келгени маалым. Ал гана эмес кайсы бир обьектининин пайдубалын куруп баштаганда эле толтура кемчиликтер менен баштагандыктан, ал андан ары уланбай калган. Азыр ал жер курулуш таштандысына айланган. Тактап айтканда, ага коротулган миллиондор курулуш таштандысы болуп калып атпайбы? Анан ушундай кыңыр иштерин эми өкмөткө оппозицияны алып келип жапканы турубу?..

Айбат гезити №115




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru