Айбат » “Кумтөрдү” куруткан Дастан Сарыгулов “Элдик курултай” өткөргүсү келет

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Кумтөрдү” куруткан Дастан Сарыгулов “Элдик курултай” өткөргүсү келет

Дастан СарыгуловКадимки Дастан Сарыгулов агабыз «Кумтөр» алтын кенинин тегерегиндеги «омоктуу ойлорун» ортого салган, азыркы бийликти капталдан соккон макалаларды эркин басылмалардын бирине заказ кылып, 30 миң нускада тараттырганы туурасында кеп кетти. Түштөн кийин акылдуусунган Дастан мырза муну менен эле чектелбестен, кийинки айда «Элдик курултай» өткөрүп, ага жер-жерлерден 750 делегат чакырганынан кабардарбыз. Ушундай аксакалдар карыганын сезип, үйүндө тынч жатышпайбы дейсиң. Анын үстүнө, убагында «Кумтөрдүн» канадалыктарга итбекер кетишинин башында өзү турбады беле? Ошол кылыгы үчүн деле кичине уялып, шүк отурса жакшы болмок. Жакшы карыбаган адамга айла жок тура…

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru