Айбат » Башкы прокуратура депутат Келдибековду камакка алууну cоттон өтүндү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Башкы прокуратура депутат Келдибековду камакка алууну cоттон өтүндү

Акматбек КелдибековБашкы прокуратура коррупцияга шектелген Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековду Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алууну өтүнөт. Расмий кат бүгүн Биринчи Май райондук сотуна жолдонгонун башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматынан кабарлашты. Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго каршы козголгон кылмыш иштин оордугун жана айрым күбөлөргө басым көрсөтүшү мүмкүн экенин эске алып, соттон аны камакка алууну суранууда. Биринчи Май райондук соту прокуратуранын арызын качан карары маалымдала элек.

Маалыматка ылайык, Келдибеков Германиядан дарылоо курсун өтүп, Кыргызстанга 10-февралда келген. Адвокат Татьяна Чильникина Келдибеков сотко катышууга даяр экенин билдирип, бүгүн кылмыш ишти кароону жандантуу арызын жазган.

Башкы прокуратура Акматбек Келдибековго Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча айып коюп, мамлекетке 35 млн. сомдон ашуун зыян келтирген деген кине койгон. Келдибеков аны толугу менен четке кагып, кылмыш иштин артында саясат жатканын билдирип келатат.

Булак: «Азаттык» радиосу

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru