Айбат » Салянова президентке эмес, туугандары менен күйөөсүнө таарынса жарашат беле?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Салянова президентке эмес, туугандары менен күйөөсүнө таарынса жарашат беле?

Салянова АидаТөрт жылга жакын убакыт республикабыздын Башкы прокурорлук кызматын аркалаган Аида Салянованын отставкасы коомчулукта чындыгында резонанс жаратты. Анын жаңы жылдын алдында алган эмгек өргүүсүнөн тарта эле түрдүү имиш кептер чыгып, «Салянова андан ары отставкага кетет экен» деген божомолдор айтыла баштаган. Ал чындык болуп чыкты. Бирок анын отставкасы эмне менен байланыштуу экендиги жалпы коомчулук үчүн табышмак болуп келген. Табышмактын жандырмагы 11-февралда Аида айымдын борборубуздагы «Хаят» мейманканасынын залында өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болду.

«Мен акыркы учурларда мамлекет башчысы тараптан боло турган саясый колдоону сезе алган жокмун. Баш прокурор үчүн мындай колдоо абдан керек. Андай колдоо болбогондон кийин кызматтан кетүүгө туура келди» деп билдирди ал. Ырасында эле коррупцияга каршы айыгышкан күрөш жүрүп аткан маалда Башкы прокурор үчүн мамлекет башчысынын колдоосу керек экендигин көп эле коомдук ишмерлер билдирди. Демек, бул айтканында калет жок. Бирок, ошондой колдоону дагы актап, кандайдыр бир тууганчылык, же үй-бүлөлүк кызыкчылык менен байланыштырбаш керек эмеспи? Эгерде баам сала турган болсо, дээрлик төрт жыл бою президент Алмазбек Атамбаев экс-баш прокурор Аида Салянованын ишмердүүлүгүн кош колдоп колдоого алып келди. Муну бардыгы билишет. Бул туурасында президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов дагы айтат: «Көп убакыт бою Салянованын айланасындагы адамдардын прокуратуранын ишине кийлигишүүсү тууралуу маалымат тоголок кат, ушак-айың жана оозеки кеп түрүндө болуп келди. Президенттин мамилеси да ошого жараша болду. Бирок анык фактылар чыга баштаганда, менин билишимче, Аида Жеңишбековнага тиешелүү жыйынтык чыгаруу сунушу айтылган. Чындыгында, Салянова иштен кетүү тууралуу арызын президенттин “Ушундан кийин мен сизге кантип ишенем?” деген сөзүнөн кийин жазды» ,- дейт ал.

Фарид мырзанын айткан сөздөрүнүн төркүнүндө Аида Жеңишбековнанын айланасындагы адамдардын прокуратуранын ишине кийлигишүүсү боюнча анык фактылар билинген экен. Ал эми биз эки жолку революцияны эмне үчүн жасадык эле? Ошондой жогорку кызматтардагы адамдардын айланасындагылардын, бир туугандарынын, үй-бүлөсүнүн мамлекеттик маанилүү иштерге кийлигишүүсүн токтотуу максатында жасаганбыз. Ошону эң сонун билип туруп, жакындарын өзүнүн жумушуна башын салып, кийлигишүүсүнө жол берип койгон Саляновага жол болсун!.. Муну бир деп туралы. Экинчиден, Ниязовдун айтымында президент Алмазбек Атамбаев Саляновага карата мындай сөзүн аны отставкага кетип калсын деген ниетте айткан эмес. Балким аны бул катачылыктарын оңдойт деген ишенимде болгон үчүн айткан. Тилекке каршы мына ушул жерден Аида айым жеңил ойго алдырып, сынды көтөрө албастан, отставкага кетүү тууралуу чечимин кабыл алган. Демек, ал “чү” деген эле жерден «менин жакындарыма тийишпегиле, алар эмне кылышса өздөрү билет» дегендей тоң моюндук кылып жатканын түшүнсөк болот.

“Ар-намысчы” Феликс Кулов жергиликтүү агенттиктердин бирине курган маегинде президент Салянованы ар тараптан колдогонун, ага эркиндик бергенин жар салды. Феликс Шаршенбаевичтин пикиринде, Аида Салянованы Аида Салянова кылган – президент. «Президент Салянованы каарман катары жасады. Анын колдоосусуз чуулгандуу иштер ачылмак эмес. Ал эми Салянованын Атамбаев тууралуу айтканы – далыдан бычак урганга барабар» дейт ал. Анын бул кебинде калет жок. А.Атамбаев колдобосо Салянова мындай деңгээлге жетмек эмес.

Шаршембидеги маалымат жыйынында дагы ал «Мен үй-бүлөмдү коргоп калыш үчүн бардык мүмкүн болгон чараларга барам» деп билдирди. Кызык, кандай чараларга барышы мүмкүн? Кандай чараларды жасоого мүмкүн? Албетте, чымчык деле өз үй-бүлөсүн коргойт. Коргош керек. Бирок, кеп бул жерде мыйзамдуулук тууралуу болуп жатпайбы? Эгерде анын агасына, күйөөсүнө карата жүйөөлүү айыптар коюлуп атса, аны мыйзам алдында гана ак экендигин далилдеш керек. Муну Аида айым эң сонун билет. Болбосо, өзү кылмыш ишин козгогон саясатчылардын деле сот процесстери убагында туугандары көчөгө кыйкырып чыгып жүрдү. Ошол убакта Аида Салянованын пикири таптакыр башкача эле го? Ал бардыгын мыйзам алдында, сот алдында такташ керек деген принципте эмес беле? Бүгүн эмне болду? Же өзүнүн туугандарына келгенде мыйзам башкача иштеш керек беле? Муну үч дейли. Бакандай экс-баш прокурордун дагы бир чоң жаңылыштыгы ал маалымат жыйынында «Менин үй-бүлөмө ар кандай коркутуулар болуп атат. Керек болсо мен өлүм алдындагы акыркы катымды жазып, ишенимдүү жерге бекитип койгонго да бардым» деп айтты. Макул, ошондой коркутуулар болуп атса, анда неге ал укук коргоо органдарына кайрылган жок? Мындай кайрылуу болбогондугун кечээ Бишкек ШИИБнин маалымат кызматы билдирбедиби? Эгерде анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатса, үй-бүлө мүчөлөрүнө да коркунуч жасалып атса, анда Бишкек ШИИБи аларды кайтарып бере тургандыгын билдирди. Өзү юрист болсо, болгондо катардагы эмес, жогорку кызматтарды ээлеп келген тажрыйбалуу юрист болсо, ар кандай коркутуулар боюнча милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылыш керек экендигин билбейби? Билет болчу. Анда неге кайрылган эмес? Бир гана жооп болушу мүмкүн – эч кандай коркутуп-үркүтүүлөр болгон эмес. Андыктан муну Салянованын ызаага алдыргандан улам оюнан токуп чыккан билдирүүсү деп гана биле берсек болот. Экс-спикер Мукар Чолпонбаев Салянованын мындай оюндарынын артында «Ата-Мекен» партиясы турат деген оюн айтты. Толук түрдө логикага сыя турган боолголоо. Биринчиден, анын күйөөсү мурдагы Юстиция министринин кеңешчиси болуп иштеген экен. Ал эми мурдагы Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов болсо «Ата-Мекен» партиясынын өкүлү. Экинчиден, кечээги маалымат жыйынында Салянова алдыдагы парламенттик шайлоого аттана тургандыгын айтты. Өзүнүн айтуусу боюнча жаңы команда түзүп, жаңы партия ачат экен. Бирок, шайлоого аз гана убакыт калганын эске алганда ал азыр партия түзүп жетише алышы чоң күмөн. Андыктан буга чейин айтылып келген имиш кептердин чындыкка айланып, ал «Ата-Мекен» партиясынын катарында шайлоого барышы толук мүмкүн. Мындай дагы мүмкүнчүлүк болуп калышы мүмкүн экендигин ал өзү деле четке каккан жок. «Башка иштеп аткан партиялар менен шайлоого барам деген азырынча ой жок. Аны алдыдагы убакыт көрсөтөт» деп айткан ал. Анын аталган партия менен тыгыз байланышта болуп жатканын дагы бир факты далилдейт. Кечээги маалымат жыйынында ал «Ата-Мекен» партиясынын 2010-жылдагы мародерчулукка таптакыр тиешеси болгон эмес деп дагы бир жолу билдирди. Бирок коомчулукта анын тескерисинче пикир жаралып, күн санап күчөп келет. Иш терең иликтенбей жатканы ачык эле көрүнүп тургансыйт. Адам баласы өзүүн ишин, эмгегин ашыкча баалап, «Мен бардыгын кыйратып атам» деп калганда ушундай нерселер болуп кетет. Аида айым дагы коррупцияга каршы күрөштүн арты менен эбегейсиз чоң кадыр-барк күтүп, саясаттагы рейтингин дагы жогорулата алган. Бирок мунун бардыгы мамлекет башчысынын колдоосу менен болуп жатканын кыязы түшүнгөн жок окшойт. Анын ишмердүүлүгүн президент Алмазбек Атамбаев дагы туура баалап, «келечектеги президент Аида Саляновадай болсо жакшы болмок» дегендей кыйыткан. Бул өтө жогорку баа – саясаттагы. Андай баалоону Салянова айым көтөрө алган жок. Жалпы мамлекеттик кызыкчылыкты, жеке үй-бүлөлүк кызыкчылыкка алмаштырып жиберди. Ал эгерде мамлекетте бардыгы жакшы, акыйкат болсо, үй-бүлөдө да ошондой боло тургандыгын эстен чыгарды. Күйөөсү дагы, агасы дагы эгерде чындап ак болсо, анда мыйзам жолу менен акталып чыгышмак. Андыктан Аида айым бул жолу мыйзамдан аттап өтүп, үй-бүлөсүнө чаң жолотпой коргоп туруп алды. Муну менен бир гана президенттин эмес, жалпы элдин ишенимине суу септи.

Дагы бир ойлонто турган маселе – ал кайсы бир саясый күчтөрдүн колундагы куурчак болуп жаткансыйт. Азырынча кимдин куурчагы болуп жатканы белгисиз. Бирок, бардыгы жакында ачыкка чыгат деп ойлойм. Дагы бир жолу айтып коелу – өз ишин өтө жогору баалап, эч кандай сынды уккусу келбей калган адам ушундай катачылыкты жасайт. Эми жаңыдан баш прокурорлук кызматка отурган Индира Жолдубаева айым коррупцияга каршы ачылган күрөштү улантуу менен бирге айтылган сын-пикирди да туура кабыл ала жүрүшү керек. Ошондо гана Салянованын катачылыгын кайталабайт. Экинчиден, ал ара жолдо калтырган Аида айымдын ишин аягына чыгарып, майын чыгарса Салянова өзүнүн деңгээлин азыркыдай асманга алып чыкпай калса керек. Баса, ал коррупцияга каршы күрөштө жалгыз өзү гана күч үрөп келгендей түр жараткысы келет. Чындыгында андай эмес. Биринчиден, бул күрөш президент тарабынан демилгеленген. Анын демилгеси менен Антикоррупциялык кызмат түзүлгөн. ИИМ дагы, Финполиция дагы коррупцияга каршы күрөшүп келишет. Андыктан ал күрөштү жеке бир адамдын менчигиндеги күрөш деп айта албайбыз. Бул жалпы күрөш. Мамлекетти коррупциядан арылтып, гүлдөгөн өлкөгө айлантуу жалпыбыздын милдетибиз. Ал күрөштү элибиз дагы, мамлекет башчысы дагы колдоп келет. Демек, айтылган сынды көтөрө албай, баштаган ишин таштай коюп, отставкага кеткен Салянова ызаага алдырбастан терең ойлонушу зарыл. Анын саясый келечеги өзүнүн чечимдеринен гана көз каранды. Учурда бийликке далысын салып, курулай сындап келе жатышкан оппозиционерлер мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай Аида Жңеишбековнаны өздөрүнүн катарына кошууга аракет жасашаары айдан ачык. Анда эле ал өзүнүн саясый карьерасына чекит койгон болот. Себеби кечээ эле азыркы оппозиция тууралуу эмне деп айтып келгенин элдин баары билет. Экинчиден, буга чейин адатка айланган «Бийликке таарынгандардын бардыгы оппозицияга өтө качат» деген аныктаманын ичинде болуп калбашы керек. Бул туурасында Адахан Мадумаров таасын айткан «Кече кызматта отуруп, бүгүн кызматтан түшүп калса, эртең оппозициянын короосунда жүргөн болот» деп. Ушундай болбогонго Аида айымдын чамасы жетер бекен?..  Анан дагы ал азыркы абалы үчүн биринчи кезекте президентке эмес, өзүнүн күйөөсүнө, жакындарына таарынса жарашат эле.

Кандай болгон күндө да, Ф.Кулов билдиргендей, А.Салянованын мындан аркы тагдыры – өзүнүн колунда. Эгер эксперттер божомолдогондой, ал көшөгө артындагы кожоюндары: Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Эмилбек Каптагаевдин жетегине азгырылбай, өзүнүн акылы менен иш кылганы оң. Албетте жаркын келечегин ойлосо. Болбосо өзүнүн тагдырына өзү балта чаап алышы ыктымал…

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru