Айбат » Кыргызстанга популизм керекпи, же экономикабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Кыргызстанга популизм керекпи, же экономикабы?

KYRGYZSTAN/Кыргызстан менен “Кумтөрдүн” ортосунда 50/50 пайыздагы биргелешкен ишкана түзүү меморандуму өткөн жылы жетишилген. Тилекке каршы, арадан бир жыл өтсө да бул маселеге чекит коюла элек. Эксперттердин айтымында, макулдашуунун узак убакытка созулушу Кыргызстан үчүн гана пайдасыз. Тоо-кен тармагы боюнча адис Жоробек Халбаев Кыргызстанда “Кумтөр” боюнча биргелешкен ишкана түзүүдөн башка жол жок экендигин айтат. Ал белгилегендей, 50/50 пайыздык ишкананын бүгүнкү күнгө чейин түзүлбөй турушу кыргыз экономикасын миллиондогон пайдадан кур жалак калтырууда. “Мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөрдөгү” Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү жомок экендигин айткан. Ал киши да бир нерсени билбесе сүйлөбөсө керек. 50/50 пайыздык ишкана түзүү келишими парламент тарабынан колдоого алынгандан кийин аны тез арада ишке ашырыш керек болчу. Мисалы, 2013-жылы “Центерра” 145 млн. АКШ доллары өлчөмүндө таза киреше тапса, Кыргызстан андан болгону 11,4 млн. АКШ долларын алган. Муну да өкмөт мүчөлөрүнүн оозунан уккам.  2014-жылы деле ушундай көрүнүш кайталанса керек. Ошондуктан жогорудагы биргелешкен ишкананы тез арада ишке киргизүү зарыл. Эгер бул аракет ишке ашып калса Кыргызстандын кирешеси эки эсе артмак”, – дейт ал. Айрым депутаттар “Кумтөрдү” улутташтыруу маселесин көтөрүп келет. Саясатчылардын мындай кадамдарын да туура түшүнсө болот. Анткени, ушул жылдын күз айларында парламенттик шайлоо өтөт. Бул саясий жарышта ар бир саясатчы добуш топтоо үчүн сөзсүз түрдө популисттик билдирүүлөр менен чыгат. Мындай упай топтоо куралына “Кумтөр” кени башынан эле эң жакшы курал болуп келет. Бирок, тоо-кен тармагын жакындан билген адистер “Кумтөр” кенин улутташтыруу акылга сыйбаган көрүнүш экенин байма-бай эскертишүүдө. Мисалы, Кыргызстандагы №1 геолог, тоо-кен тармагын ийне-жибине чейин билген адис Орозбек Дүйшеев кенди улутташтыруу демилгеси акылсыздык экенин айтып, айрым саясатчылардын мындай аракети Кыргызстанды туңгуюкка алып келерин белгилейт. “Улутташтыруу демилгеси жеткен акылсыздык. Учурда «Кумтөрдү» улутташтырабыз дегендер Кыргызстанды туңгуюкка алып келет. Чындыгында, бул ишкана  Кыргызстандын бюджетин толтурган негизги ишкана болуп турат. Эгер улутташтыруу боло бурган болсо, дүйнөлүк сот башталат. «Кумтөрдүн» иши токтойт. Кыргызстандын кыйналып турган экономикасы мындан да эки эсе кыйналат”, – дейт ал. Учурда Кыргызстандын бюджети 3 млрд. долларга жетпегени аз келгенсип, жыл сайын 15-20 млрд сом жетишпестик менен кабыл алынат. Өлкөдө айлык-маяналардын аздыгы, баалардын тынымсыз кымбаттап жатышы карапайым элге бир топ эле залакасын тийгизүүдө. Ал эми “Кумтөр” сыяктуу ири салык төлөгөн ишканаларга бут тосуулар боло берсе, чет элден келе турган инвесторлор качып, казынаны толтуруучу булактар кескин кыскарат. Бакубат, күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн инвесторлор менен тил табышып, ири ишканаларды айрым саясатчылардын кызыкчылыгы эмес мамлекет үчүн иштетүү керек.

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru