Айбат » Токон Мамытов: “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр 90 пайызга аяктап калды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Экономика » Токон Мамытов: “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр 90 пайызга аяктап калды

Токон Мамытов“Кумтөр” маселесин канадалык инвесторлор менен февраль айынын башында Москва шаарында өткөн сүйлөшүүдө талаш тартышты жараткан маселердин 90 пайызы чечилип калды. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКнун төрагасы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, февраль айынынын башында Москва шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги этабы өткөн. “Белгилеп кетсем бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө көп маселе боюнча бир чечимге келдик. Ал эми бир аз суроолор боюнча талкуулар мындан ары уланат”, – дейт ал.

“Кыргызалтындын” жетекчиси белгилегендей, сүйлөшүүлөрдү эртерээк аяктоого кыргыз тарап да канадалык инвесторлор да кызыктар. ”Биз эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү тез арада аяктап келишимге кол коюуну максат кылып жатабыз. Бул иш сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин гана жүзөгө ашат. Канадалык инвесторлор да мунун тезиреек аякташына кызыктар”, – дейт Мамытов.

Ал белгилегендей, “Кумтөр” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү аягына чыгаруу ушул жаз айыларына пландалып жатат.

Белгилей кетсек, “Кумтөр” кени боюнча расмий сүйлөшүүлөр өткөн жылдын сентябрь айында башталган. Парламенттин токтомуна ылайык, канадалык инвесторлор менен кыргыз тарап 50/50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүүсү керек.

Айбат гезити №115




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru