Айбат » Келдибеков кайтып келди. Байлыктарын тизмектейбиз

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Келдибеков кайтып келди. Байлыктарын тизмектейбиз

Акматбек Келдибековдун мекенине кайтып келишин коомчулук ар кыл өңүттө талкуулоодо. Биз ага токтолуп отурбайлы. Өмүр бою мамлекеттик кызматты аркалаган А.Келдибеков менен анын жубайы Аида Токтоматова баштан ашкан байлык жыйнаганын убагында жарыялаган элек. Төмөндө гезитибиздин архивин аңтарып, окурман журтчулугунун эсине анын байлыктарын эске салып коелу дедик.Келдибеков

 

Келдибековго салыштырмалуу аялы бай

Акматбек Келдибековго караганда анын өмүрлүк жары Аида Токтоматова бай экен. Жалпысынан 31 имарат Аида айымга катталган. Төмөндө алардын айрымдарын тизмектейбиз.

 

Бишкек шаарында ага катталган мүлктөр:

• Табалдиева көчөсүндөгү үйдүн бир бөлүгү (2002-жылы сатылып алынган);

• Сагымбай Манасчы көчөсүндөгү жер участогу (2011-жылы сатылып алынган); • Табалдиева көчөсүндөгү турак үй (2001-жылы сатылып алынган);

• Геология көчөсүндөгү турак үй (2007-жылы сатылып алынган);

• Ахунбаева көчөсүндөгү үйдүн бир бөлүгү (2005-жылы сатылып алынган);

• «Жал-15» кичирайонундагы курулуп бүтө элек квартира (2008-жылы сатылып алынган);

• Тынчтык проспектисиндеги батир, Сухомлинова көчөсүндөгү квартира (экөө тең 2007-жылы үч ай айырмачылык менен сатылып алынган), Сухомлинова көчөсүндөгү гараж дагы ошол эле жылы сатылып алынган;

• Токтогул көчөсүндөгү квартира (2000-жылы курулган); Ош шаарындагы имараттары: • Кара-Суу районунун Кыргызчек айылындагы жер тилкеси жана талаа станы бар;

• Бир имарат 2007-жылдын сентябрь айында сатылып алынган.

Ысык-Көлдөгү мүлктөрү:

• Бостери курорттук айылындагы жалпы аянты 2,55 гектар болгон «Илбирс-Саадат» пансионаты;

• Көл жээгиндеги 14 коттедж (ар биринин баасы кеминде 100 миң доллар);

• Булан-Сөгөттү айылындагы «Парк Отель Ле Меридан» пансионатынын аймагындагы коттеджди Аида Токтоматова «Торговый Дом Кара-Балта» ишканасынан 2009-жылдын 15-апрелинде 450 миң сомго сатып алган;

• «Карвен четыре сезона» пансионатындагы батир;

 

Кымбат баалуу машинелери:

• 1994-жылы чыккан «Мерседес-Бенц Е 320»;

• «Тойота Лэндкрузер»;

• «Шевроле – Субурбан»; • «Тойота – Фортунер»;

• «Лексуз lx – 520»; Азырынча ушулар…

 

Жогоруда А.Келдибеков жана анын жубайы А. Токтоматовага тиешелүү делген мүлктөрдүн четин гана чыгардык. Алардын баарын кошо эсептегенде миллиондогон доллардын башы кылтыйып чыгат. “Өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп, айлыктан айлыкка жашаган Келдибеков мынча байлыкты кантип жыйнаган?” деген суроонун жандырмагы ошондон. Андан дагы кызыгы, А.Келдибеков “Кыргызгаз” ишканасынын тагдырына күйүмүш этип, “керек болсо аны 40 млн. долларга сатып алам” деп тар чөйрөдө күпүлдөгөнүн кулагыбыз чалды. Мындайда 40 млн. доллардын кайдан чогулганын айтып бериши керек эмеспи? Апрель окуясынан кийин ондогон күркүлдөр Дубайга жашырынып, ал жактан бизнес түптөгөнүн эркин гезиттер далай жазышты. Алардын арасында Акматбек Келдибеков да кошулуп, 10 млн. долларлык ишкана ачканы каңкуулаган. Бул дагы иликтөөнү талап кылчу нерсе… Жанатан бери санаган мүлктөрдү айрым чоң бизнесмендер дагы таба албашы аштан бышык. Андыктан А.Келдибеков мамлекеттик кызматтын убайын көрүп, миллиондорду жыйнаган деген …

(25.11.2013)

Тез баюунун амалын Келдибековдон үйрөнгүлө

Парламенттик башкаруу системасы саясат айдыңындагы мыкты чыкмалардын ар биринин ар бир кадамын алаканга салгандай көрсөтүп турууга шарт түзүп берди. Маселен, ЖКнын экс-спикери Акматбек Келдибековдун эсти тандырган байлыктары өткөн жылы кыргыз тилдүү басылмалардын бирине жарык көргөн. Бирок, бул маалыматты эл өкүлү ошол эле замат жокко чыгарып маалымат жыйынын өткөзгөн эле. Көп узабай эле Акматбек мырза ал байлыктарын кайра өзүнүн декларациясында ырастап чыккан.  Анын декларациясындагы байлыктарын чыпчыргасын коротпой дагы бир жолу кайталап коёлу.

Мамлекеттик кадр кызматынын берген маалыматы боюнча Акматбек Келдибеков өткөн жылы 1 миллион 188 миң 938 сом киреше тапкан. Ошол эле учурда ал 558,6 чарчы метр аянттагы үй, турак-жай үчүн эмес 605 чарчы метр аянттагы имарат, 5000 чарчы метр аянттагы жер тилкесине ээлик кылат. Мындан тышкары, «ВАЗ 21063» үлгүсүндөгү автоунаа жана Range Rover үлгүсүндөгү 2010-жылкы автоунаанын ээси. Мындан сырткары, Келдибековдун туугандарына таандык болгон мүлктөр: 13 коттедж (алардын алды 400 чарчы метрди чапчыса, арты 70 чарчы метр), 132 чарчы метр, 276,1 чарчы метр, 386 чарчы метр жана 911 чарчы метрлүү үйлөр, алды 257 чарчы метрге жеткен төрт батир, бири 5300 чарчы метр, бири 5500 чарчы метр болгон жер тилкелери жана «Lexus 570» үлгүсүндөгү автоунаа. Булар Келдибековдун декларациясында көрсөтүлгөн байлыктары. Бирок, дагы деле бул эл өкүлү өзүнүн байлыктарын элге толук ачыктагысы келбей туру. Анткени анын көмүскөдөгү «бизнестери» тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн эмес. Маселен, анын борбор шаарыбыздагы сауналары, «Кыял» бирикмесиндеги акциялары жана Подмосковьедеги 2 миллион долларга сатылып алынган хан сарайы али ачыкка чыккан эмес. Балким мунусун эл өкүлү өзү ачыктагысы келбесе, укук коргоо органдары ачыктап берер… Бул жагы ушундай. Бирок, бир жыл мурун эле эч кандай декларациясында көрсөтүлгөн байлыктарым жок деп танып жаткан Келдибеков жана анын туугандары бир жылдын ичинде эле кантип космостук ылдамдык менен байып кеткени али күнчө жоопсуз болуп келет. Же бир жылда эле ушунчалык деңгээлде байыганга мүмкүнбү? Андай болсо кантип, Акматбек Келдибекович?!

(25.11.2013)

 

Келдибековдун байлыгы түгөнбөйт окшойт…

Ушул жашка келгенге чейин жалаң мамлекеттик кызматтарды аркалап, ЖК төрагасы болгонго чейин жетишкен Жогорку Кеңештин депутаты, коррупцияга шектелип камалган Акматбек Келдибековдун байлыктары биринин артынан бири чууруп чыга берет окшоду. Кыязы, анын байлыктарынан документалдуу роман жазсаң да болчудай. Байлыктарынын ар бирин тизмектеп жазууга бир нече калемсаптын сыясы кетчүдөй. Ал эми алардын кандайча Келдибековго жана анын туугандарына таандык болуп калганы тууралуу жазсаң, кагаз бети түт келбейт.

Буга чейин эле анын катар-катар тизилген кымбат баалуу автоунаалары, гектарлаган жер тилкелери, Ысык-Көлдүн жээгиндеги 14 коттеджи (анын эң арзаны 100 миң доллар турат), борбор шаарыбыздагы элиталык көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлери, хан сарайлары, сауналары, түштүк жергесиндеги жер тилкелери тууралуу өтө эле көп жазылды. Кызыгы мына ушул байлыктардын бардыгын анын өмүрлүк жары Аида Токтоматова «Биз бардыгын өз эмгегибиз менен тапканбыз» деп чыккан. Эгерде эч кандай бизнеси жок туруп, мамлекеттик кызматта иштеп эле ушунча байлык топтоого мүмкүн болсо, анда калган карапайым эл жөн эле эшек такалап жүргөн турбайбы деген ойго келесиң. Анда неге «мамлекеттик кызматтарда айлык акы аз» деп ыйлактап жатабыз? Келдибековдой болуп «иштесек» жалаң айлык акы менен мультимиллионер болсо болот турбайбы?

Биз ушинтип мээ кагып отурганча Келдибековдун жакындарына тиешелүү дагы бир олчойгон байлыктын изи табылып отурат. «Дордой» соода комплексинин аймагында жайгашкан «Алтын-Тоо» деп аталган чарбалык товарларды жана автоунаалардын тетиктерин саткан базар бар. Мына ушул базарда эле 700гө чукул контейнер жайгашкан. Анын 200дөйү бир гана адамга таандык. Бирок, кимге таандык экендиги көмүскө. Ал эми «Алтын-Тоо» базарынын ээси «НААР» ЖЧКсы болуп эсептелет. Бул жоопкерчилиги чектелген коомдун түзүүчүлөрүнүн бири Акматбек Келдибековдун кайын атасы Нурмамбет Токтоматов болуп эсептелет экен. Эске сала кетсек Нурмамбет Токтоматов убагында Бакиевдин кеңешчиси болуп турган. Кийин Келдибеков спикер болуп турганда күйөө баласына да кеңешчи болуп турган. Кыязы, бул Келдибеков мамлекеттик кызматтарда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эмес, жалаң өзүнүн жакындарынын, туугандарынын, кайын журтунун кызыкчылыгы үчүн эле иштесе керек. Болбосо, мынчалык байлыкты башы менен жер казып иштеп жаткандар да таба албай келишет. Улам бир байлыгы чубалып чыгып жатканынан улам коомчулук «Келдибековдун дагы канча байлыгы көмүскөдө катылып жатат болду экен?» деген суроо менен түйшөлүп калды…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №115




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru