Айбат » Кыргыз оппозициясынын АКШга сапары, АКШдан Кыргызстанга барган жеринен революция, башаламандык жасаган Ричард Майлздин келиши жөн эле дал келүүбү, же?..

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кыргыз оппозициясынын АКШга сапары, АКШдан Кыргызстанга барган жеринен революция, башаламандык жасаган Ричард Майлздин келиши жөн эле дал келүүбү, же?..

Кыргызстандагы АКШнын мурдагы элчиси Памела Спратлен коңшулаш Өзбекстанга кызмат ордун которгондон кийин анын ордуна Шейла Гуолтнинин келиши күтүлүп аткан болчу. Эске сала кетсек, өткөн жылдын августь айларында Америка президенти Борак Обама өзү аны тажрыйбалуу дипломат катары Бишкекке жөнөтүү керек экендигин сенаторлорго сунуштаганын билебиз. Бирок, акыркы айларда Вашингтон мындай оюнан кайтып, Кыргызстанга убактылуу элчи катары 78 жаштагы Ричард Майлзди жөнөтүүнү чечти. Албетте, мындай кадрлык бурулушту анчейин деле көңүлгө албай койсок болмок. Бирок, сексен жашты этектеп барып калган Ричард мырзанын өмүр таржымалы көп нерселерди ойго салып коюуда. Анын дипломатиялык багыттагы ишмердүүлүгү менен учурдагы дүйнөлүк деңгээлдеги саясый процесстер, анын ичинде Кыргызстандын ичиндеги кырдаалдар кандайдыр бир көшөгө артындагы оюндарды каңкуулап тургансыйт. Оюбузду так жеткирүү үчүн адегенде Америкадан келиши күтүлүп аткан Ричард Майлздин дипломатиялык багыттагы өмүр таржымалына кыскача сересеп салалы. Ал 1967-жылдан тарта дипломатиялык кызматтарды аркалап келет.

БОК АКШда

Москвада, Белградда дипломатиялык кызматтарда иштеген. Ленинградда башкы консул, Берлинде АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө кызмат өтөгөн. Азербайжанда, Болгарияда элчилик кызматты аркалаган. АКШнын мамлекеттик департаментинде СССР, Чыгыш Европа жана Югославия маселелери боюнча жана аскердик-саясый маселелер боюнча иштеген. 2002-жылдан 2005-жылга чейин Грузияда АКШнын элчилигин жетектеген. Мына ушул жылдар аралыгында Грузияда эмне болгонун дүйнө коомчулугу жакшы билет. Михаил Саакашвили башында турган демократиялык топ «Роза революциясы» аркылуу мамлекет бийлигин колго алышкан. Бул революциянын автору жана сценаристи катары дал ушул Ричард Майлздын аты аталып жүрөт. Ошол убакта кадыр-барктуу америкалык жана грузиндик басылмалар Тбилисидеги бийликтин алмашуусу үчүн Ричард мырзанын кепилдиги менен АКШ казынасынан 1,2 миллиард доллар бөлүнгөндүгүн жазып чыгышкан. Мына ушундайча өз сценарийин жүзөгө ашырган соң Ричард Майлз кызматын өткөрүп берип, Вашингтонго кайтып барып, пенсияга чыгат. Бирок, Грузия жетекчилигине кандайча «туура саясат» жүргүзүү керектеги тууралуу АКШ мамдепартаменти менен макулдашылган кеп-кеңештерин тындырбастан берип турган.

Грузин-абхаз карама-каршылыгынын «жумшак» сценарийин дагы пландаган дипломат экендигин айтып жүрүшөт. Мындай кызматтары үчүн Майлз көптөгөн сыйлыктар, грамоталар менен сыйланган. 2004-жылы АКШ Мамдепи тарабынан берилчү «Конфликти тынчтык жолу менен чечкени үчүн» сыйлыктын ээси болот. Кайсы конфликти, кандай тынчтык жолу менен чечкени үчүн? Түшүнүктүүсү, Грузияда революция жасаганы үчүн бул сыйлыкты алганы болууда. Ошентип 2005-жылы пенсияга чыккан Ричард мырзаны 2008-жылы кайрадан дипломатиялык кызматка тартышат. Тактап айтканда АКШнын Түркмөнстандагы убактылуу элчиси болот. Бир жылдан соң кайрадан Вашингтонго кайтып барып, экинчи жолу пенсияга чыгат. Мына ошентип арадан 6 жыл өткөндөн кийин аны кайрадан дипломатиялык кызматка тартып отурушат. Бул жолу анын шыбагасына Кыргызстандагы АКШ элчилигин жетектөө тийди. Түстүү революциялардын авторлорунун бири болгон Ричард мырзанын Кыргызстанга келиши кандай максатта болушу мүмкүн? Эмнеге буга чейин айтылып, сунушталып келген Шейла Гуолтни келбестен, Майлз келе турган болуп калды? КР ТИМ экс-министри Эднан Карабаев Ричард Майлздин келиши жөн жеринен эмес экендигин маалымат булактарынын бирине билдирет. Дипломаттын айтымында азыркы тапта Россия Федерациясына тартылып турган өлкөлөрдө стабилдүүлүктүн чайпалып турган көрүнүшү түзүлүүдө. Андай зонада Кыргызстан да бар. «Америка биздин мамлекетти «колдон чыгаргысы» келбей турат.

Бирок мамлекет жетекчилиги узак убакыттан бери биринчи жолу акыры сырткы саясый курсун аныктады. Ал курс Россия менен жакындашуу болду. Май айында Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушунун жыйынтыктоочу этапы  жана Евразиялык экономикалык аймакка кошулуусу болот. Мындай абал АКШнын Борбор Азиядагы геосаясый кызыкчылыгына каршы келет» дейт Эднан Карабаев. Ошондой эле ал Кыргызстанда «кайыкты чайпалтууга» жетишээрлик негиздерди тапса боло тургандыгын белгилейт. Мисалы, чек ара көйгөйлөрү, өлкөбүздүн түштүк аймагындагы улуттар аралык мамиле, экономиканын алсыздыгы жана саясый элита өкүлдөрүнүн соодалашууга «жөндөмдүүлүгү».

Мына ушундай негиздерди Америка пайдаланып, Кыргызстанды колунан чыгарбай кармап турууга аракетин жасашы күтүлөт. Американын мындай максатын Кыргызстандагы бийликке жутунган оппозиция дагы колдоого алып, жардамын бериши толук мүмкүн. Маселен, кече жакында эле АКШга оппозиция өкүлдөрүнүн жоон тобу жөнөп кетишкен. Алар ачык эле Кыргызстандын Россия менен жакындашуусун сынга алышып, Батыштын ырын ырдап отурушат. Учурдагы оппозиция лидери Равшан Жээнбеков Америкага эч кандай акча каражаты үчүн сапар алышпагандыгын кайра-кайра кайталаган. Бирок, эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу инсандар, коомдук ишмерлер, саясат таануучулар оппозициянын бул сапарын кезектеги революциянын камы катары сыпатташкан. Демек, ар кандай революцияга акча каражаты керек. Анын үстүнө алдыда парламенттик шайлоонун шаңы жакындап келүүдө. Оппозиция үчүн бул шайлоо дагв өтө маанилүү. Мына ушул жерден кызыкчылыктар шайкеш келүүдө. Биринчиден, АКШ менен Россиянын ортосундагы ачыкка чыгып калган тиреште Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине киргизбей калуу кызыкчылыгы Америкада бар. Ал эми алдыдагы парламенттик шайлоодо парламентке келүү максаты оппозицияда бар. Керек болсо ага чейин деле бийликке келип калууну көздөшөт. Ошентип кыргыз оппозиционерлеринин маанайын Вашингтондон жакшы баамдашкан америкалыктар Кыргызстанга жөнөтүүнү пландап атышкан элчини алмаштырып, ордуна экинчи жолу пенсияга чыккан, революция жасоодо тажрыйбасы бар Ричард мырзаны жөнөтүп атышкандай…

Акинай Айдарова

Айбат гезити №115




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru