Айбат » Теңир тоонун баатыры…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Теңир тоонун баатыры…

Тайлак баатырКыргыз элинин эркиндигин камсыз кылыш үчүн эгемендүү келечегин көздөп, өзүнүн замандаштары болгон кыргыз кол башчыларын биримдикке чакырып, аларды бир нукка багыттоо аракетинде жүргөндө кутумчулуктун айынан курман болгон. Тайлак баатыр эң оболу кыргыз коомчулугуна даңкы чыккан тектүү ата-бабанын нарктуу жолун жолдогон кыргыз уулу – Улуу инсан. Ал эрте жетилип эл камын ойлонгон, элдин мүдөөсү менен жашап өмүрүн элдин келечегине, мамлекеттик биримдигин чыңдоого арнаган жаркын инсан жөнүндө баяндамакчыбыз.

Тайлак Рыскул уулу (болжол менен 1796 Нарын дайрасынын боюндагы Каргалык деген жер, азыркы Акталаа жана Тогузтороо райондорунун чеги – 1838, Куртка) – Он сегизинчи кылымдын акырында, тагыраак айтканда, 1796-жылдары жарык дүйнөгө келген Тайлак баатыр кадимки Жанболот баатырдын небереси. Жоокерчилик замандын көкжалдарынын бири катары бой тарткандан ата намысын сактоо үчүн аракет жасап, тоолук кыргыздардын эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн тобокелге баш байлап, бүгүнкү Тогузторо менен Акталаа райондорунун чегинде жашаган элине тутка болгон. XIX кылымдын башы чендеги кыргыз элинен чыккан эң эле атактуу баатырлардын бири катары Ак-Талаа менен Тогуз-Торо элинен чыкканТайлак баатырды атоого болот.

 

Эрдиги

XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири өкүлү. Нарын кыргыздарынын Кокондун эзүүсүнө каршы күрүшүнүн 1-этабы 1832-ж. Тайлак батыр жана бир тууганы Атантайдын жетекчилиги менен башталып, бирок ийгиликсиз аяктаган. Кокондун 7 миң аскери аз кыргыз колун жеңип алып, элди салык төлөөгө мажбурлаган. Нарын кыргыздарынын Коконго каршы күрөшүнүн 2-этабы Мадали хандын Тайлак баатырды туткундоо үчүн Арап башында турган аскер (500 сарбаз) жиберүүдөн башталган. Тайлак баатыр сарбаздарды Тогузтородогу Бычан жайлоосунда тосуп алып, салгылашта жеңип чыккан. Тайлак баатырдын күрөшүнүн 3-этабы XIX кылымдын 30-жылдарынын аягына тура келет. Мадали хан Түркстан тараптагы казактын Эдиге төрөсү менен келишип, аны көп кошуун менен жабдып, Тайлак баатырга каршы аттанышкан. Эдиге Таласты чаап, Өтмөктү ашып, Суусамырга келет. Тайлак батыр Акталаадагы басыз, чоро урууларынан кол жыйнап, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкечүү деген жеринде беттешет. Бул урушта да Тайлак баатыр жеңип чыккан. XIX кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр жетектеген кыргыз уруулары Чыгыш Түркстандын иштерине да аралаша башташкан. Ушул мезгилдерде Кашкарды башкарып келген кожолордун укум-тукумдарынын Жааңгер кожо Кытай баскынчыларына каршы чечкиндүү аракеттерди баштаган. Бирок анын биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктап, ал кыргыздар арасында баш калкалоого аргасыз болгон. Тайлак баатыр менен Атантай Жааңгердин кыймылына колдоо көрсөткөн. Анткени алар кытай баскынчыларын кыргыз аймактарына өткөрбөөнү көздөшкөн. Кытайдын Синьцзяндагы башкаруучусу Жааңгерди колдогон кыргыздарды талкалап, жетекчилерин кармап келүү үчүн 1825-ж. Баян Бату генерал баштаган 500 кишиден турган аскерин Нарын тарапка жөнөткөн. Алар Тайлак баатыр жокто анын айылын курчоого алып, талап-тоноп, жүздөй адамды өлтүрүшкөн. Бул кабарды уккан Тайлак баатыр коңшу айылдардан шашылыш кол курап, душманды куугунтукка алып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Ойнокжар капчыгайында камоого алып, алардын баарын кырып таштаган. Тайлак баатыр 1838-жылы кокондук тыңчысы ууландырып өлтүргөн. Андан кийин Кокон ханы жортуул жасап, Нарын кыргыздарын кайра каратып, Тайлак баатыр бузган кокондук Куртка сепилин калыбына келтирип, бийлигин чыңаган.

Тайлак баатырдын күмбөзүКыргыздын саяк уруусунун чоро уругунан тараган укумдун мыкты чыкмасы Тайлак баатырдын бир тууганы Атантай экөөнүн жетекчилиги астында Кокон бийлигине, Кытай жортуулчуларына каршы согуштардын байма-бай болуп тургандыгы эл эсинде сакталуу. Мына ошол кандуу кыргындардын башталышындагы жекеме-жекеге чыккан эр сайыштардын натыйжасында Тайлак баатырдын жеңиштерге жетишкендиги жомок болуп айтылып, тагдыры кенже эпостук деңгээлге чейин көтөрүлгөн.

 

Тайлак баатыр

Баатыр тууралуу изилдеп-иликтеп тарыхый-көркөм баян жазган, өмүр акырына чейин улуу инсанды даңазалоо аракетин жасаган жазуучу, маркум Шүкүрбек Бейшеналиевдин айткандары сакталып калган экен:

– Тайлак эл арасында, жазма тарыхыбызда эмес, коңшу элдердин – кытайдын, өзбектин, казактын тарыхында белгилүү адам. Бул жомок эмес, чыныгы тарыхый баатыр. Эл арасында Тайлак жөнүндө укмуштуу ырлар, кошоктор тарап кеткен. Ошондон бир эки сабын келтирип берейин:

 Он тогузунчу кылымдын отузунчу жылдары Теңиртоо койнунун төрү болгон Курткага ал чеп курган. Кокон кандыгынын туура эмес бийлик жүгүзүүсүнө каршы элдик көтөрүлүштүн уюштуручусу, жетекчиси болгон.

Тайлак баатырдын сесинен чочуган бийлик төбөлдөрү ар кандай амалдар менен анын көзүн тазалоо аракеттерин жасаган. 1838-жылы Тайлак баатырды Кокон кандыгынын атайын жөнөткөн тыңчысы Көр Аким табып кебетесинде жүрүп, ыңгайын таап, ууланган наштар менен өлтүрөт. Баатырдын тарыхтагы орду тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Жаныбек Жакыпбеков мындай дейт:

– Кыргыз элинин ичинен чыккан Тайлак баатыр, өзгөчө кыргыз эли үчүн баатырлар доорунун акыркы могикандарынан болуп эсептелет.

 

Ушул эле ойду улап, тарыхчы Арслан Койчиев мындай пикир айтат:

-Тайлак баатыр Теңир тоонун ичин жердеген, мекендеген кыргыз урууларынын башчысы. Теңир тоону жердеген урууларынын орто кылымдардан бери келаткан аристократиялык бүлөсүнүн өкүлү, кландын башкаруучусу деп койсок болот. Ал эми Тайлак баатырдын өзүнүн өмүрү буга чейин Кыргызстандын түштүгү Фергана, Талас жана башка аймактар ошол учурда жаңыдан канат жайып келатканда коңшу элдерин басып алууга умтулган Кокон хандыгына туура келип калды,- дейт тарых илимдеринин кандидаты Арслан Койчиев.

Тарыхтагы улуу ысымдарды эстей жүрүү үчүн Нарын дайрасынын жээгиндеги Куртка айылына Атантай, Тайлакка кош бешик кылып жай казылып, кош күмбөз тургузулган.

 

Тайлак менен кытай согушу

Болжолу 1825-жылдарда жайлоо кезинде бир кабарда 600, бир кабарда 1000 кытай (соңкусун апыртып айтса керек) келип, Нарын өзөнүнөн саяк кыргызы чоро уругунан Тайлактын айылын түн ичинде капылетте жатканда тегеректеп калган. Тайлактын Бөбөтай, бир кабарда Ноорузбай деген жигити үйүнө киргизип койгон Тайлактын Буурул ат деген күлүк атын жетелеп чыгып минип, жөө калган Тайлакты аттын куйругун карматып, сүзө качып, калың кытайды жара качып кутулган (Тайлактын катыны жаш баласын аркасына сала чуркап келе жатканда жигит катындын колунан кытайлар жабышып, баланы жулуп калган кабар бар.) Түн боюнча туш-туштагы саяктын күлүк аттуу баатыр жигиттери жаа тарткан, мышык аткан мергендерин жыйып, кара журттуу айылга калтырбай, абышка, жаш баланы койбостон чогултуп, алардын караанын көрсөтүп, көрүнөө Жерге коюп, андан жасоосун ылгап, айырып чыгып, кытайга көрүнбөй качырып чыгар жерден бугуп, таңдын атышын  күтүп турган. Таң аппак атканда калың кытайдын капкара болуп котолоп айылды басып жатканын көрүп, катын-бала, калган эл-журтту кырып таштаган экен деп, Тайлактап ураан чакырып, бүткүл эр-азаматы урган таштай болуп качырып чыкканда, кытайдын көбү аттарына мине албай, далайын саяктар өлтүрүп жиберген. Тайлак баатыр_эстеликКытайларды айылдын үстүнөн сүрөп чыгып урушуп жатканда саяк Байбагыштын айылында ат семиртүүгө жайлап, Нарындын боюнда Куртка Коргондо жаткан өзүбектин жүз сарбозу, бир кабарда кытай келет деп кооптонуп жаткан аскерине кабар жетип калып, алар согушуп жатканда үстүнөн чыгып, кытайлар чыдай албай качкан. Кыргыздар үч күн согуш кылып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Кароо деген капчыгайга камап алган. Кытайлар түн ичинде арчанын түбүнө от жагып тамак бышырып жатканда, кыргыздар жашынып барып, чекесинен сүйрөп качып, өлтүрүп турган. Күндүз жапырык, түндө туштуштан тегеректеп кыйкырык менен камап алганына чыдай албастан, чап менен өйдө чыга качып, мурун бүткүл кийимдерин өрттөп, анан соң бирин-бири кылычташып өлтүрүшкөн. Өзүн-өзү дагы өлтүргөн. Белине ок тийип, арчада жаткан кытай жаа менен Норузбайды атып жибергенде тийбей калып кытайды өлтүргөн. Ошончолук жүздөгөн кытайдан сарала атчан бир кытай качып кутулган. Кыргыздар кытайдын айыл үстүнөн сууруп чыкканда кытайдан коркуп, Тайлактын үйүнө камалган калың катынкыздын жакшыларын кытайлар бөлүп, жамандарын (өңү сертин) бир башка бөлүп, чекесинең өлтүрө баштаганда кыргыздардын жемирип кирген чагы болгон. Кытайлар .өлтүрө баштаган далай катын-эркек балдарын дамбалдын арасына катып алган. Тайлак 42-жашта өлгөн. Бул согуш тууралуу эл арасындагы ыр:

Туткуй толгон эл деген —

Туйгун Тайлак эр деген.

Майстан толгон эл деген —

Баатыр Тайлак эр деген.

Тайлак минди буурулду —

Тамандары туурулду.

Таталаган кытайлар

Баары бүткүл кырылды.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru