Айбат » Жумагүл Райымжан кызы, ырчы: “Кичинемде шок кыз элем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумагүл Райымжан кызы, ырчы: “Кичинемде шок кыз элем”

Жумагүл Райымжан кызыАкыркы учурларда “Замандаш” аттуу ыры менен кыргыз жаштарынын сүймөнчүгүнө ээ болгон ырчы кыз Жумагүл Райымжан кызы менен чыгармачылыгы туурасында маектештик.

- Жумагүл, маегибизди сенин чыгармачылыкка аралашып калганыңдан баштасак?

– Чыгармачылыкка бала кезимден эле  аралашып жүрөм, -десем жаңылышпайм. Ошол бала кезимен эле сахнанын артындагы оор турмушту башыман өткөрүп, кыйынчылыгын тартып келем. Бир убакта “ырдабайм”, – деп, башка тармакта иштеп кеткем. Чыгармачылыгым менен жакындан тааныш болуп жүргөн инсандардын сунушу менен кайра ыр чөйрөсүнө аралашуума туура келди. Анын үстүнө, сахнага ырдап чыккандан кийин эч качан аны таштай албайт экенсиң. Сахна- бул оору экен. Кайрадан жаңы ырларды жаздырып, чыгармачылыкка катуу бел байлап кириштим десем болот. Азыр “Мурун эле киришсем болмок экен”, – деп ойлоп калам.

- Ырчылыктан башка дагы кайсы кесиптин ээсисиң?

– Буга чейин Коргоо Министрлигинде аскер кызматында иштедим, учурда Чек ара кызматында аскер кызматында иштейм, албетте чыгармачылыгыма байланыштуу, аскер чиним- прапорщикмин. Андан сырткары Маданият башкармалыгында да эмгектенем.  Өзүм  ОшМУнун “Исскуство” факультетин бүткөм. Менимче ар бир инсан өзүнүн кызыккан нерсеси менен алек болгон жакшы го. Ошондо иштеген ишиңдин өтөөсүнө жетесиң.” Кудай буйруса чыгармачылык менен элиме кызмат кылсам”, – дейм, Башка жумуштарга да чакыруулар болгон, өзүм макул болгон эмесмин.

Жумагүл Райымжан кызы- Аз убакыттын ичинде эл оозуна алындың. Репертуарды тандоодо сынчың ким?

– Чыгармачылыкка киришкенден бери эле өзүмдүн аракетим менен тырышып иштеп жатам. Көп ырчылар сыяктуу мага бирөө жардам берип, колдоо көрсөтө элек. Албетте, ырды тандаарда мыкты обончулардан, акын жана ырчылардан кеп-кеңеш алам. Көп учурларда  “Ушул ырды ырдабайсыңбы?” –  деген жакшы сунуштар менен ырдап калам. Бирок, албетте баарын эле ырдай бербейм, көңүлүмө жагып, үнүмө төп келген, мааниси жакшы ырларды гана ырдайм. Анткени, ар бир ырга канча каражат жумшап, эмгек кыласың. Анан “Эл жакшы кабыл алса экен, ийгиликтүү чыкса экен”, – деген чоң жоопкерчилик болот.

- Репертуарыңда канча ыр бар?

–  Жаңы ырлардан болгондо 20 дай бар. Албетте, бул жакка эски ырларымды кошпогондо.

- Үй-бүлөөң туурасында кеп козгосок?

– Үй-бүлөөдө беш бир туугандын үчүнчүсүмүн, эки уул, үч кызбыз. Атам каза болгон, азыр апамдын өмүрүн тилеп турабыз. Раматылык атам жакшы ырдачу экен, мендеги талант да атам тараптан берилсе керек. Калган бир туугандарым чыгармачылыктан алыс адамдар, башка тармактарда эмгектенишет. Бирок, апам да, туугандарым да менин чыгармачылыгымды колдоп турушат.

- Кичинекей Жумагүлдүн балалык кыялдары кандай эле?

– Бала кезде абдан шок, тентек, башкача кыз элем. Негедир 8-класска келгенимде токтолуп, унчукпаган, токтоо кызга айландым. Жакындарым: “Бала кездегидей эле болбойсуңбу?” – деп айтып калышат. Мени ошондо эле “артист” дешчү.

- Үнүң тунук, кантип багасың?

– Ырчыда Кудай берген үн болуш керек. Үндөр да ар кандай болуп бөлүнөт. Бирок, үндү да жакшы ырдаш үчүн тапташ керек. Убактым болгондо вокалдан сабак алып турам, көп ырдасаң өзүң деле такшалып каласың, ошентсе да ары жактан талант болуш керек го.

- Кооз көйнөктөргө басым жасап жүрөсүң, атайын тикмечиң барбы же өзүң тигесиңби?

– Менин кийим тигүүгө такыр шыгым жок. Ошондуктан жакшы дизайнерлер менен кеңешип кийинем. Өңүн, фасонун, фигурама жарашыгын дизайнерлерге айтам, алар өздөрүнүн сунуштарын айтышат, анан ортодо сонун композиция жаралат. Көбүнчө А. Обозованын, Наилдин колунан жаралган көйнөктөрдү кийем. Акыркы учурда “Айым стайлдын” көйнөктөрүн да кийип калып жүрөм.

- Атаандаштык болмоюнча жылыш болбойт эмеспи. Сен жашоодо атаандаштыкты кандай учурда пайдаланасың?

– Бир адамга атаандашпайм. Табийгатыман үйдө көп отургум келбейт. Дайыма жумуш менен жүрсөм ырахаттанам. Кимдир бирөө үчүн эмес, өзүм үчүн, элиме жаңы чыгармаларды чыгарып, жакшы ырларды ырдап жакшы жаңылыктар менен жүрүүгө бардык күчүмдү жумшайм. Кыскасы, турмуштун агымынан артта калгым келбейт. Кээде отуруп, бекер өткөргөн убакыттарыма өкүнүп калам.

- Биринчи жолу сахнага чыккан күнүң?

– Мектептерде кароо-сынактарда ырдап жүрчүмүн. 7-класста чоң сахнага ырдап, чыгармачылыктагы тушоомду кескем.

- Биринчи ийгилигиң?

– Биринчи ийгилигим да мектептен башталган, жаш таланттар кароо- сынагында ырдап  1-орунду алгам. Кудайга шүгүр ушул убака чейин катышкан сынактарда ийгиликке жетишип келем. Эмгек, аракет кылсаң сөзсүз акырындык менен үзүрүн берет экен.

- Биринчи тапкан маянаң?

– 9-класста  Ош облустук Филармонияга жумушка кирип, 370 сом айлык алгам. Ошондогу кубанганымды сурабаңыз. Кудуңдап, айлыгымды апама көтөрүп баргам.

- Сенин ырларыңды казактар да ырдап жүрүшөт. Албетте бул кубантаарлык нерсе…

– Казак туугандардын менин ырларымды ырдашы чоң ийгилик. Казакстандан байланышып, өзүм жөнүндө маалымат алышып, кыргызча ырым жаңырса, жакшы ойлорун айтышты. Келечек алдыда. Кудай буйруса Кыргызстанда, Казакстанда кызматташып жүрө беребиз.

- Чыгармачылыкта курбуң барбы?

– Чыгармачылыкта курбуларым көп. Ар биринин өзүнчө жакшы жактары бар, баары мен үчүн бирдей курбулар, мамилем жакшы. Көптөн бери мамиле кылган курбуларыңдын мүнөздөрүн деле билип калат экенсиң. Балким артыман сүйлөгөндөрү бардыр. Бирөөгө саткындык кылсаң, сага да бир күнү башыңа келет дегендей, көңүлүмө жакканы менен дос болом. Мусулманчылыкта да достуктун орду чоң. “Акыретте да дос керек”, – дейт. Саткын достордон сактасын, кээде капа болгон учурларда жакын досум менен баарлашсам көңүлүм кыйла көтөрүлөт.

- Чыгармачылыгың жеке жашоого кедергисин тийгизген учурлар болобу?

– Буга чейин “чыгармачылык, ырдайм”, – деп көбүнчө жеке жашоомо убакыт бөлгөн эмесмин. Албетте, азыр жашоо да башкача, биринчи жеке жашоомду алдыга коём.

- Кыргызда сынчылар көп эмеспи. Өзүң тарапка кандай сындарды угуп жүрөсүң?

– “Даяр ашка сынчы көп” дегендей сынды да ар кандай кабыл алам. Кээде туура кабыл алсам, кээде укпай деле коём. Мисалы: ырдоо жагынан профессионал адам айтса, үйрөтсө угам. Стилиме да стилисттер сын айтса угам.  Анан сырттагы ар ким эле айтса уга бербейм. Бирок, өзүмдүн дарегиме азырынча аша чапкан сындарды эшите элекмин.

- Залкарлардын кимисинин ырларын көп ырдайсың?

– Бир эле обончунун ырларын ырдабайм. Сөзү, обону үнүмө дал келсе, жакканын ырдай берем. Бир жерге барып калсам Рыспай Абдыкадыровдун, же Асанкалый Керимбаевдердин  ырларынан ырдап берчи десе, билген ырларынан ырдай берем. Учурда Б.Борбиевдин эски  ырларынан ырдап жүрөм.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru