Айбат » Суйума Сулайманова, “Кекеч” тасмасынын продюсери: “Түштөн жаралган тасма”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Суйума Сулайманова, “Кекеч” тасмасынын продюсери: “Түштөн жаралган тасма”

Суйума Сулайманова12-февралда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында кыргыз режиссёру Эрнест Абдыжапаровдун автобиографиялык “Кекеч” аттуу тасмасынын бет ачар аземи  болуп өттү. Кинонун бет ачарына КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, кино тармагынын өкүлдөрү, режиссёрдун жакындары, тасманын каармандары келишти. Тасма жалпысынан жакшы тартылып көптөгөн көрүүчүлөр кол чаап кабыл алышты.

Тасмада башкы каармандарды Нурак Өмүрбеков, Рахат Божокоева, Алиша Диа, Айнура Чанчарбаева ойношкон. Анда эмесе кинонун продюсери Суйума Сулайманова конокто.

-Саламатсызбы?

– Саламатчылык

- “Кекеч” киносунун тарыхын айтып кетсеңиз?

– Тасманын башаты 1980-жылдарга таандык. Ошондо Эрнест агай түш көргөн экен, түшүнөн улам ойгондум десе кайта эле түшү болуп, ойгонгон сайын жатаканада балдарды көрө бергем деп айтат. Анан чынында түшүнөн ойгонгондо дагы деле уктап жатамго деп ойлоптур. Андан тышкары агай жаш чагында кекечтенген, кекечтиги жактырган адамына сүйүүсүн арнамакты тургай окуганга, достору менен сүйлөшкөнгө чоң тоскоол жараткан. Арадан  35жыл өтүп, Эрнест агай романтикалык, музыкалык, мистикалык, комедиялык, автобиографиялык драмансын жаратып элге тартуулап жатат.

- Бул кинону тартууга канча каражат сарптадыныздар?

– бул тасмага көптөгөн каражат сарпталды,сапатына көбүрөөк көңүл буруп, каражатты аяган жокпуз. Азырынча канча акча коротконубуз белгисиз, болжол менен 40-50 миң доллардын тегереги кетти.

- Тасма кайсы жерлерде тартылды?

– Бул автобиографиялык, музыкалык тасма борборубуз Бишкек шаарында жана анын чет жакаларында тартылды.

- Бул кинонун башка кинолордон айырмачылыгы?

– Мен бул тасманы өзгөчө бир сезимдерге толгон тасма болду деп айтат элем. Анткени, агай бул тасмада өзүнүн ички дүйнөсүн ачты деп эсептейм. Тасма романтикалуу болуп ушундай бир таза сезимдерди көрсөтөт. Ошол эле учурда чоң социалдык көйгөйлөрдү камтыйт. Тасмада автордун көптөгөн классика, джаз, фольклордук жанрларын камтыган музыкалары жаңырат. Анан себеленген комедялык катмары бар.

- Кино тартуу учурунда кандай кыйынчылыктар болду?

– Кыйынчылык  эң биринчи съемкабыз свалка жакта болгон. Жай, ысык, жагымсыз жыт, аркы свалкадан учкан нерселер чаң менен кошо учуп келет экен. Съемка 2 бөлмөлүү времянкада болчу, ичинде съемка, сыртында съемочная группа. Бирок, жалаң позитивдүү адамдар чогулганбызбы айтор ошого карабай, тыныгуу маалында гитараны алып ырдап отурдук. Тасмада Нурак Омурбеков, Рахат Божокоева, Жаныш Майрамбек уулу, Алиша Диа, Айнура Чанчарбаева, Кайрат Мусаевдер ойношту, бири биринен ашкан жөнөкөй, иштерине так, тамашакөй адамдар. Съемочный группабыз болсо көп жылдан бери иштеп бири-бирибизге ширелишип көнүшүп калганбыз. Таарынышсак ошол эле замат элдешип алабыз.

- Эми кандай кинону тартайын деп жатасыңар?

– Азыркы учурда  кыргыздын элине жерине көп эмгек кылып, кыргызга аттын кашкасындай таанымал Шабдан баатыр жөнүндө тарыхый тасманын сценарийин Эрнест Абдыжапаров, Каныбек Иманалиев жазып жатышат. Эң эле жакынкы проектибиз жана эң жоопкерчиликтүү тасма Шабдан Баатыр болот.

Кекеч

Кекеч

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru