Айбат » Борбор Азияга саясий туңгуюк даярдалып жатат. АКШ эмнени көздөйт?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Борбор Азияга саясий туңгуюк даярдалып жатат. АКШ эмнени көздөйт?

Джеймс Ховард КунстлерАКШнын Украинадагы окуяларга болгон реакциясы туруктуу мүнөздө эмес экени белгилүү болуп калды. Америкалык белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер, азыркы замандагы саясат жана социалдык маселе боюнча адис Джеймс Ховард Кунстлер Вашингтон Украинаны “таштап кетет” деген оюн билдирди.

Америкалык адистин айтымында, учурда Украина каражаты жок, жумушусуздук кулач жайган жана тамак-аш тартыштыгы пайда болгон өлкөгө айланды. Өз ойлорун франциялык La Chrongie Agora маалымат булагына билдирген адис Украианын мындай кырдаалдан чыгарып кетүүсүнө Евро союздун да АКШнын да алы келбесин билдирген. “Булдардын каражаты көп убакытка туруштук бере албайт. Ашып кетсе бир жылда эсеби чыгат”, – деген ал. Джеймс мырза буга Жакынкы Чыгыштагы окуяларды мисал келтирип АКШнын ал жакты колго алуу аракетинен майнап чыкпаган белгилеген. “Украинаны колдоо токтоп баратат. Бул көрүнүш АКШны басмыроо менен барабар. Биз аталган аймактагы тынчтыкты бузгандан башка эч нерсеге жетише албадык”, – дейт адис. Ошондой эле ал акыркы жылдары АКШ тарабынын демилгеленген соода-экономикалык согуш да терс натыйжаларды алып келгенине басым жасаган.

“АКШ банкрот болду. Биз анткорлонуп жатабыз жана бизде ресурс ойлогондон да аз болушу мүмкүн. Биз компьютер аркылуу акча жасап башка өлкөлөрүн банктарын кийинтип жатабыз. Бирок, эреби-кечпи бул акчалар жасалма экени аныкталат. АКШ чындыгында буга чейин бакубат өлкө болгон. Жакынкы жылдары экономиканы коркунучтуу жылдар күтөт”, – дейт ал.

Джеймс Ховард эле мындай ойдо эмес. АКШнын белгилүү экономисти, Р.Рейган президент болуп турганда Каржы министринин экономикалык саясат боюнча жардамчысы катары иштеген Пол Крейг Робертс бир катар маалымат каражаттарына ушундай эле макалаларын жарыялаган. Ал Украинадагы кырдаалга токтолуп, анда АКШ утулуп жатканын белгилген.

Ал арада АКШдагы ири банктардын бири өз каражаттарын Украинадагы экономикалык каатчылыкка бөлүшпөй турганын билдирди. Өз кезегинде украиналык ММКлар АКШнын ири банктары катары эсептелген New York Mellon Украинадагы акцияларын массалык түрдө сатканын жазып чыкты.

 

 Украинадан Кыргызстанга

АКШнын талдоочуларынын ойлорун белгилүү саясий эксперт жана геосаясий тармак боюнча дасыккан адис Марс Сариев жөндүү экенин айтат. Анын айтымында, АКШ бийликтери Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы башаламандыктарды токтотууга күчү жетпестигин көрсөттү. “Андыктан алардын көңүлү Орусия жана Борбор Азия бурулат”, – дейт ал.

Ал белгилегендей, айрым америкалык саясатчылар Украинаны бир канча бөлүккө бөлүп жиберүүгө кызыктар жана аларга экономикасы күчтүү Украина керек эмес. “АКШ Украинаны бир канча трансулуттук корпорацияларга бөлүп жүгөрүүгө кызыктар. Аларга экономикасы күчтүү Украина таптакыр керек эмес. Бул жерде 90-жылдардагы Югославиядагыдай мамлекетти жок кылып жиберүү планы иштеп жатат. Эми кезек Кыргызстан жана биздин аймактагы башка өлкөлөргө келди”, – дейт М.Сариев.

М.Сариевдин айтымында, расмий Вашингтон бекер жеринен эле Ричард Майлзаны Кыргызстанга элчи кылып дайындаган жок. Анын айтымында Ричард  мырза бир катар өлкөлөрдө түстүү ынклаптарды жасоого активдүү катышкан. “Бул киши мыкты аскер, чебер адис жана дүйнөнүн от жанып турган жерлеринде кылдат иштеп өзүн көрсөткөн адам. Аны Борбор Азияга, болгондо да Кыргызстанга жибергени белгилүү. АКШ Бажы биримдиги өнүгүп кетишин эч качан каалабайт. Алар стабилдүүлүктү курчутууга аракет жасайт. Андыктан ар кандай сценарийлердин алдын алуу үчүн Орусия, Казакстан, Беларусия жана Армениянын аналитикалык борборлору менен тыгыз иштешүү керек. Алар менен кырдаалды бирге көзөмөлдөп ар кандай окуяларга каршы пландарды иштеп чыгуу абзел”, – дейт Сариев.

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru