Айбат » “Кел-кел” келдиби, же Келдибеков келдиби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Кел-кел” келдиби, же Келдибеков келдиби?

Келдибеков АхматбекГерманияга дарыланганы кеткен Акматбек Келдибековдун 10-февралда кайтып келгенин анын адвокаты Татьяна Чильникина расмий билдирди. Бирок, анын келгендиги тууралуу маалымат андан 3-4 күн мурун эле айтылып жүргөн. Кандай болгон күндө дагы анын сөзүнө туруп, кайтып келгенин жигиттик деп эсептеп туралы. Бирок, Германияга кеткен Келдибековдун Малайзиядан учуп келгени түшүнүксүз болуп калды. Эске сала кетсек, Акматбек мырза Кылмыш-Жаза кодексинин үч беренеси боюнча айыпталып, мамлекетке 35 миллион сом зыян келтиргендиги тууралуу айтылган. Бирок боштондукта жүргөндө “Мен мектептин атамы болчумун” дегендердин катарында жүргөн Келдибеков бир заматта эле түсүн өзгөртүп, катуу оорулуу болуп чыга келген. Эптеп сот процессин созуу максатында үстөккө-босток операция жасатып, дарылардын күчү менен уйку-соонун ортосунда айлап жатты. Анын айынан тергөө иштери токтоп, сот процесси жылбай турду. Акыры депутаттардын көмөгү менен дарыланганы Германияга кеткен эле. Бирок, Германияга кеткен Келдибеков Дубайда жүргөнү айтылган. Ал жакта эч кандай дарыланбай эле кадимкисиндей ден сак жүргөн Келдибеков Кыргызстандан Москвага “пошел” болгон туңгуч ажо Аскар Акаев менен жолугушуп, чайлашканы маалымат булактарына чыккан. Алманбет Анапияев менен да жолугушканы тууралуу имиш кептер чыккан. Ошентип катуу эс алган Келдибеков акыры Кыргызстанга келди. Бирок жогоруда айтып өткөнүбүздөй ал Германиядан дагы, Дубайдан дагы эмес Малайзиядан кайтып келди. Кыязы турист болуп кетсе керек. Өзү менен кошо колуна “үч айдан кийин кайра барып дарыланыш керек” деген документин кошо көтөрүп келгенин билдик. Мунусу кайрадан эле кылмыш жоопкерчилигинен качуунун жолун алдын-ала пландаштырып келгенинен кабар бербейби? Ошентсе да аны эми борбор шаарыбыздагы №1- тергөө абагына камоо сунушун Башкы прокуратура Биринчи Май райондук сотуна жолдоду. Райондук сот эми качан, кандай чара көрөрүн көрө жатарбыз. Эгерде бир нече айда эле дүйнөнүн булуң-бурчун кыдырып үлгүргөн Келдибековду Кыргызстанда 10 күн эле бош койсоң, бүгүн Оштон, эртең Баткенден, бүрсүгүнү Таластан көрө берерибиз аштан бышык.

Айбат гезити №115




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru