Айбат » Кыргызстан Борбор Азияда сөз эркиндиги боюнча биринчи турат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызстан Борбор Азияда сөз эркиндиги боюнча биринчи турат

ПрессаКыргызстан сөз эркиндиги боюнча Борбор Азия мамлекеттерин бир топ артка таштады. Мындай маалымат эл аралык “Чек арасыз репортер” уюмунун докладында айтылат. Аталган уюмдун иликтөөлөрүнө ылайык, Кыргызстан дүйнө боюнча 180 мамлекеттин ичинен 88-орунга ээ болгон. Ал эми коңшу Казакстан сөз эркиндиги боюнча 160-орунду камсыз кылса, Тажикстан 116-сапка илинген. “Чек арасыз репортер” уюму Өзбекстан менен Түркмөнстанда бул багыттагы абал оор экенине токтолуп аларды 166 жана 180-орунга койгон. Бул иликтөө укук коргоочулар, талдоочулар, активисттер жана дүйнө жүзүндө иш алып барган 130 кабарчыны сурамжылоонун негизинде чыгарылган.

“Чек арасыз репортер” уюму маалыматында айтылгандай 2014-жылы жалпы эле дүйнө жүзүндө сөз эркиндигин басмырлоо күчөгөн. Ага бир катар террористтик уюмдардын экстремисттик аракеттери да себеп болуптур. Уюмдун маалыматында эң эле эркин өлкөлөр катары Финляндия, Норвегия, Дания, Нидерланды, Швеция мамлекеттери көрсөтүлгөн.

Айбат гезити №115




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru