Айбат » КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Абды Сатаров дайындалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Абды Сатаров дайындалды

Абды СатаровКоомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Байкоочу кеңештин мүчөсү Абды Сатаров дайындалды. Мындай чечим  12-февралда Байкоочу кеңештин кезектеги отурумунда маалым болду.

Эске салсак, Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган соң, ал төрагалык ордун таштап, Байкоочу кеңешинин төрагасынын милдетин убактылуу жаш курагы боюнча улуу Тамара Жаманбаева аткарып жаткан.

Абды Сатаров — журналист, КТРКнын башкы директорунун мурдагы орун басары. Журналистика тармагына 1973-жылы келип, ошондон бери НТРК, «Ош-3000», КООРТ, НТС телеканалдарында, «Заман Кыргызстан» эл аралык гезитинде жана «Интерньюс -Кыргызстан» медиа-уюмунда иштеген. Учурда Кыргыз-түрк «Манас» университетинин журналистика кафедрасында мугалим, байланыш факултетинин деканынын орун басары. КТРКнын Байкоочу кеңешине президент тарабынан сунушталган.

Айбат гезити №115




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru