Айбат » Ш.Астаркуловдун Кочкор айылынын “Ардактуу атуул” наамын алгандыгына жергиликтүү тургундар нааразы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ш.Астаркуловдун Кочкор айылынын “Ардактуу атуул” наамын алгандыгына жергиликтүү тургундар нааразы

Шаршенбек АстаркуловКочкор районундагы Кочкор айылынын тургуну Насирдин Курманбаевдин 2 жылдан бери жер талашуу боюнча арызын сот карабай, убара кылып келүүдө. Буга чейин Насирдин Курманбаевдин наамында турган үйдүн ордун буга чейин Кочкор райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүндө башка адамдын наамына жазылып калган. «Ошол себептен бул иш боюнча Кочкор райондук сотуна кайрылсам соттун төрагасы Ш.Астаркулов 2 жылдан бери ар кайсы шылтоону айтып карабай келет. Өзүм 75 жашка чыктым, 2-топтогу майыпмын. Эми кары башым менен ушул күнгө чейин сотко кайрылып, эч бир жыйынтык чыгара албай келем. Буга чейин А.Атамбаевге 2015-жылдын 15-январында кайрылган элем. Азырынча эч жооп бериле элек. Бул эмне деген заманда жашап атабыз?», – дейт жабырлануучу Н.Курманбаев.  Кочкор райондук сотунун төрагасы Ш.Астаркуловдун Кочкор айылынын «Ардактуу атуул» наамын алгандыгына жергиликтүү тургундар нааразы.Алардын пикиринде, ушул күнгө чейин элдин көйгөйлүү маселелерин чечүүдө адилетсиз чечим чыгарып келген адамга 2014-жылы Кочкор айылынын ардактуу атуулу наамын тапшырууда эч бир элдин оюн укпасатан жергиликтүү кеңештин депутаттары Ш.Астаркуловго ардактуу атуул наамын ыйгарып коюшкан.Эми азыркы учурда жергиликтүү тургундар Ш.Астаркуловдун бул наамды алышына нааразы болуп, кайтарып алуу үчүн Кочкор айылдык кеңешинин төрагасы А.Аситовго арыз жолдошту.

Убагында Шаршенбек Астаркуловго  экс Акыйкатчы кандай баа берген?

Акыйкатчы Нарында жашы жете элек кызды зордуктаган адам бир жылдан бери жазага тартылбаганын сынга алган жайы бар

Акыйкатчы Турсунбек Акун Нарын облусунун Кочкор районунун Сары-Булак айылында жашы жете элек кызды зордуктаган адам бир жылдан бери жазага тартылбаганын сынга алды. Бул туурасында ал бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирген.

Белгилүү болгондой, бул окуя 2011-жылдын 12-октябрында болгон. Мирлан аттуу адам 15 жаштагы кызды мектептен чыгып бараткан жеринен күч менен машинага салып кетип, Кочкорго барып, зордуктаган. Кыздын атасы издеп жүрүп, 13-октябрда таап, дароо укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок милиция кызматкерлери чара көрүүнүн ордуна, “кызыңыз уят болуп калат” деп ата-энесин жоошутуп, иш козгобоого аракет кылышкан. “Көрсө, баланын ата-энеси түнү менен жүгүрүп, баарынын оозун жаап коюптур”, – дейт кыздын атасы.

Акыйкатчы бул маселе боюнча Президентке кайрыла турганын билдирди. “Анткени Кочкор районунун соту Шаршенбек Астаркулов тараптар жарашты деп, ишти зордуктаган адамдын пайдасына чечип койгон. Мен бул сотту кызматтан алуу өтүнүчүм менен мамлекет башчысына кайрылам”, – дейт Т.Акун.

Ошондой эле ал бул окуя боюнча билим берүү жана илим министри Канат Садыковго кайрылып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Молдош Чакиевди кызматтан алуу талабын кое турганын кошумчалаган.“Бул адам кызды окуучулардын тизмесинен таптакыр чыгарып, Түп районунда окуйт деп жаздырып койгон. Бул акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатат. Ансыз деле кыз окуянын кесепетинен улам окубай калган”, – деди Акыйкатчы.

Анын айтымында, облустук сот гана окуя боюнча оң чечим кабыл алып, зордуктаган адамды издөөгө алган. Ал Россияда жүрүшү мүмкүн экени айтылууда.

Астаркуловду качанкыга чейин кочкорлуктар эркелетет?

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-мартындагы № 87 Жарлыгы.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН  ЖАРЛЫГЫ

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 2-пункттун 3-пунктчасына жана 83-статьясындагы 6-пунктка ылайык токтом кылам:

Астаркулов Шаршенбек Касаболотович жаш курагынын жогорку чегине чейин жергиликтүү соттун судьялыгына;

P.S 2007-жылы Бакиев Курманбектин жарлыгы менен чыккан экен

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru