Айбат » Мен бул кызматка келгени айрым кызматкерлердин, ишканалардын санын кыскарттым, – «Бишкек» ЭЭА директору О.Нусувалиев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Мен бул кызматка келгени айрым кызматкерлердин, ишканалардын санын кыскарттым, – «Бишкек» ЭЭА директору О.Нусувалиев

Орозбек НусувалиевМен бул кызматка келгени айрым кызматкерлердин, ишканалардын санын кыскарттым, деп билдирди «Бишкек» эркин экономикалык аймактын директору Орозбек Нусувалиев  12-февралда анын кызматтан кетишин талап кылган митинг боюнча «Баракелдеге» комментарий берип жатып.

«Жетекчи болуп келгениме 2 жылдан ашты, мен башкаларчылап команда менен келген жокмун, жалгыз келдим. Башкы дирекциянын акчалары жөн эле сарпталып кетчү экен, ар ким өзүнүн тууган-туушкандарын, жек-жааттарын алып келип ишке орноштуруп коюптур. 5-6дан кассир, бухгалтер деп ача беришкен экен. Мен ошондойлордун жана чыгашалуу ишканалардын санын азайттым. Кызматын тийиштүү аткарбаганы үчүн 2012-жылы 44 киши кызматынан бошогон. Алар жооптуу кызматкерлер 50 миңден 100 миң сомго чейин өздөрүнө айлык коюп алышкан экен. Ошолордун баарын тазалаганбыз», – деген Нусувалиев, бүгүнкү митингде айтылган 42 кызматкер себепсиз бошотулган жана 450 миң сом төлөнгөн деген маалыматтар жалган экенин билдирди.

«Бул киши (Ахунбай Кошоев) өзү контрабандист. Эптеп эле «жумурткадан кыр, шыйрактан бөйрөк» чыгарыш керек. Митингге чыккан кайтаруучу балдардын баарына туура эмес маалымат тараткан. Мен мыйзам чегинде иштеп жатам, жана аны далилдөөгө даярмын. Ал эми мыйзам менен маселеси болгондор ушундай ызы-чуу түшүрүп жүрө беришет. Бул биринчи эле пикет эмес, бул жерде уюшкан топтун белгиси болушу мүмкүн», – деди ЭЭА директору.

О.Нусувалиевдин айтымында, кайтаруу кызматкерлердин санын компьютеризацияга өткөрүү менен азайтса болот, бирок антпейт. «Реформанын негизинде, кайтаруу кызматын компьютерлештирип азайтса болот, бирок мен дагы аларды (кайтаруучуларды) ойлоп, жумуштарынан бошоп калбасын деп аракет кылып, мындай системаны көтөргөн жокмун», – деп кошумчалады ал.

Ал маалымдагандай, 2013-жылды ЭЭА 47 млн сом, ал эми 14-жылы 52 млн таза пайда менен чыккан. «Бул жомокто да болгон эмес. Мунун баары мамлекеттин бюджетин сарамжалдуу, үнөмдүү пайдалануу максатында болуп жатат. Быйыл миллиарддан ашык киреше берүүнү пландап жатабыз (2012-жылы мамбюджетке 430 млн сом киреше болгон болсо, 2013-жылы – 662 млн, 2014-жылы – 813 млн менен жабылган)», – деп белгиледи О.Нусувалиев.

Айбат гезити №115



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru