Айбат » Пайдалуу кеңеш: тыт, четин, уйгак, чоң бака жалбырак, төө буурчак, чычырканак

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Пайдалуу кеңеш: тыт, четин, уйгак, чоң бака жалбырак, төө буурчак, чычырканак

тытТыт, тыт дарагы

– бийиктиги 15 м-ге чейин чейин тыттар тукумундагы дарак. Кыртышы күрөң, жарылып-жарылып кеткен; жаш бутактары ачык жашыл, ачык күрөң түстө да болот. Жалбырактары кезектүү, жумуртка сымал. Гүлдөрү бир жыныстуу, эки үйлүү. Аталык гүлдөрү 1-2 см болгон машакча, энеликтери кыска сөйкөдөй болот. Мөмөсү жаңгакча, энелик сөйкөсүнөн ширелүү мөмөлөр чыгат. Апрель- майда гүлдөйт. Бардык жерде өстүрүлөт, өзгөчө республиканын түштүгүндө, кээ бир жерлерде жапайысы да бар. Кытай жана Япониядан алынып келинген байыркы өсүмдүк.

Сырье катары бышкан мөмөлөрү жана жалбырактары жыйналат. Мөмөсүндө 90 инверттүү канттар, пектин, боёгуч заттар, С витамини ж.б. бар. Жалбырактарында глюкоза, С витамини, аспарагин кислотасы болот.

Негизги таасири: кандагы кантты төмөндөтөт, заараны айдайт, жогорулаган кан басымды төмөндөтөт, какырыкты жумшартып чыгарат. Жалбырактарын кайнатып ичсе кант диабетине каршы таасир берет. Аны көп убакыт бою колдонсо диабет менен жабыркагандардын абалы оңолуп кетет.

Вьетнамда тыттын жалбырагынан биологиялык стимулятор табылган. Ал кызыл жүгүрүктө, кээ бир тери ооруларында жакшы таасир берет экен. Японияда болсо тыттын гүлдөрүнөн сепкилди жоготуучу бет май жасалат. Кытайда болсо тыттын тамырынын кыртышы кант диабетин, бөйрөктүн жетишсиздигин жана эркектин алсыздыгын дарылоодо колдонулат. Мөмөлөрүнүн ширеси какырыкты жумшартат, ич катыганда да жардам берет.

 

Четин

– бийиктиги 4-15 м болгон роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак. Дары сырьесу катары четиндин бышкан ашы жыйналат. Аны суук түшкөндөн кийин мөмөлөр анча ачуу жана кычкыл болбой калганда жыйнайт. Четинди 40-600 атайын кургаткычтарда кургатат. Жетилип бышкан ашында С витамини көп (60-200мг), каротин, Р, Е витамини, ийлөө заттар, пектин ж.б. бар.

Каротиндин (А провитамини) өлчөмү четинде сабизге караганда абдан көп. Апельсин менен мандаринге салыштырганда Р витамини четинде 10 эсе көп. Ал организмди чыңдайт, ооруларды алдын алууга жардам берет.

Четинден шире чыгарса сонун. Аны гипоациддүү гастритте 1 чай кашыктан берсе жакшы. Кант кошуп да шире алса болот. Ал үчүн 1 кг четиндин ашына 600 г кант кошуп, 4-6 саатка коюп коет. Андан кийин 30 минута кайнатат. Андан чыккан ширени 1 аш кашыктан тамака чейин 3-4 маал берсе болот. Кургак четинден чай: 1 аш кашык кургак четиндин үстүнө 2 стакан кайнак cуу куюп 15 минута кайнатып, демдейт. Чыпкалагандан 1 /4 стакандан 3 маал ичсе болот.

 

уйгакУйгак

– бийиктиги 1,5-1,8 м ге жеткен эки жылдык чөп. Анын топуракка терең батып кеткен жоон тамыры бар. Татаал гүлдүүлөр тукумуна кирет. Уйгак бардык жерлерде өсө берет (жолдун жээгинде, талаада, арыктын жээгинде ж.б.).

Уйгактын тамыры менен жалбырактары колдонулат. Тамырында инулин, протеин, эфир майлары, ийлөө заттары, ж.б. бар. Жалбырактары май –августта жыйналат. Тамыры болсо сентябрь – октябрь айларында казылып алынат. Биринчи жылдагы тамырлар ширелүү, жоон келет. Экинчи жылда болсо өсүмдүк азык заттарын сарптайт да, тамырлары катып, дарылык касиетин жоготот.

Уйгак элдик медицинада кызыл жүгүрүктө, кант диабетинде, бөйрөктө таш пайда болгондо, гастритте колдонулат. Уйгактын тамыры зат алмашууну оңолтот, ичти жумшартат, тердетет. Жаңы жыйналган уйгактын жалбырактарын 5-6 кабат кылып ооруган жерге, куяң болгондо же муундар ооруганда жабыштырса жардам берет.

Колдонулушу: 25г тамырды 250мл кайнак сууга 30 минута кайнатып, чыпкалайт. Аны 1 аш кашыктан 3-4 маал ичсе жарайт. Жалбырактарын жараларга тартып койсо, алар айыгат.

Уйгактын жалбырактарын же тамырын кайнатып, башты жууса чачтар түшпөйт. Ал үчүн уйгактын тамырынан атайын май чыгарылат (“репейное масло”).

 

Чоң бака жалбыракЧоң бака жалбырак

– бака жалбырактуулар тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Тамыры чачыдай жайылган, жалбырагынын узундугу 4-21 см, туурасы 3-14 см, жумуртка сымал. Сабагы кыска, жабырактары тамырына жакын. Майда гүлдөрү сабактын учунда жөнөкөй машакты түзөт. Анын гүлдөрү күрөң. Бака жалбырактын жалбырактары ошондой эле уругу тирилет.

Кыргызстанда баардык жерде (адырларда, арыктын жээгинде, бактын ичинде) таралган.

Химиялык курамында былжырлуу заттар, алкалоиддер, ферменттер, ийлөө заттары,каротин, С витамини, ж.б. бар.

Бака жалбыракты үзгөндөн кийин кургатпай эле жарааттарга, жараларга жабыштырса болот. Кургатылган жалбырактарын чайга окшош демдеп, жөтөлгө каршы, какырыкты жумшартып чыгаруу үчүн колдонулат. Ошондой эле табарсык сезгенгенде,ич өткөндө пайдасы бар. Өзгөчө дизентерияда уругун кайнатып ичсе болот. 10-15 г кургак жалбырактын үстүнө бир стакан кайнак cуу куюп, 30 минута демдеп,чыпкалап бир аш кашыктан күнүнө 5-6 жолу чай катары ичсе болот. Кичине балдарга бал кошуп берсе сонун. Бул демделген чай менен жарааттарды,жараларды тазаласа болот.

 

Төө буурчакФасоль, төө буурчак, ноя

– бир жылдык чанактуулар тукумундагы чөптүү өсүмдүк. Бийиктиги 50см ге жакын, анын сабагы түз же жармашкыч; жалбырактары үчүлүк татаал, башкан жалбырак сабында үч каптал жалбыракчалары болот, жалбырак пласитинкасынын формасы жумуртка сыяктуу. Гүлдөрү ак, мала кызыл же сыя көк, көпөлөк өңдүү типте, узундугу 1-1,5см, жытсыз. Фасоль июнь-июлда гүлдөйт. Мөмөсү – чоң буурчак, тамак катары пайдаланылат. Август-сентябрда жыйналат.

Фасоль (төө буурчак) – кадимки, күнүмдүк тамак. Фасольдун 200-гө жакын түрү бар, анын ичинен 20 түрү эгиллет. Биздин өлкөдө кадимки фасоль белгилүү. Азыркы кезде фасолду республиканын Талас областында көп өстүрөт.

Дарылык максатта бышкан буурчактын жашыл эки капкакчалары менен буурчактын уруктарынын өзү колдонулат.

Кадимки фасолдун (төө буурчактын, ноянын) уругунда организмге керектүү азык заттары: 20-25% белок, 50% ке жакын углевод (негизинен крахмал), 2% ке жакын май, витаминдер, минералдуу туздар, микроэлементтер болот. Фасоль абдан калориялуу, анын 100 граммында 339ккал бар.

Фасолдун белоктору жаныбарлардын белогуна окшош, аны организм оңой кабыл алат. Фасолдун буурчагында ар кандай аминокислоталар, органикалык кислоталар, С,В,В2 , РР, А провитамини, минералдуу туздар (кальций, фосфор, кальций) ж.б. табылган. Фасолдон бышырылган боткосу гастритте, бөйрөктүн сезгенүү ооруларында, подаграда, ошондой эле атеросклероздо, жүрөк ритми бузулганда берилет. Бирок, фасолдон бышырылган тамак аш аш казанда көбүрөөк сакталгандыктан, ичти көптүрөт. Ошондуктан андай тамакты байкап жеш керек.

Фасолдун капкакчаларын жанчып, 1 аш кашыктын үстүнө 2 стакан кайнак суу куюп, 10-15 минута кайнатып, чыпкалап ичсе, заараны айдайт, кант диабетинде кандагы канттын өлчөмүн төмөндөтөт.

 

ЧычырканакЧычырканак, чырганак

– чычырканак 10 м бийиктикке жеткен бадал өсүмдүгү.Жаш өркүндөрү кийин тикенекке айланат. Жалбырактары кезектүү,кыска саптуу үстү кочкул жашыл бозомтук,асты саргыч же ак,күмүштөй жалтырак. Гүлдөрү эки жыныстуу. Майда данектүү мөмөсүнүн түсү кызыл, даамы кычкыл, ширелүү, өзү жумшак,тез жарылат. Тоолу райондордо,көл жана агым cуунун жээгинде,кумдуу,шагылдуу жерде өсөт.

Сырье катары бышкан мөмөлөрү жыйналат. Аны cуук түшкөндө (-15С) күбүп алат. Химиялык составында аскорбин кислотасы, флавоноиддер, В1, В2 витамини ж.б. заттар бар.

Мөмөсүндө чычырканак майы 8%-ке,уругунда 12%-ке жетет. Майында Е витамини (токоферол), каротин көп, аминокислоталар, стеариндер, каныкпаган май кислоталары бар. Ширесин сыгып алгандан кийин калдыктары кургатылып, аны өсүмдүк майына чылап койсо, чычырканак майы чыгат. Бул май жараларды айыктыруучу, ооруну басаңдатуучу касиетке ээ. Ошондуктан, ар кайсы жара ооруларын дарылоодо колдонулат. Чычырканактын ашы – поливитаминдүү продукт, андан варенье, желе, шарап чыгарылат.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru