Айбат » 342 объектини менчиктештирген Р.Жээнбеков, 0,1%дык Ө.Суваналиев, бизнесмендердин «душманы» К.Кадыров жана башкалар…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » 342 объектини менчиктештирген Р.Жээнбеков, 0,1%дык Ө.Суваналиев, бизнесмендердин «душманы» К.Кадыров жана башкалар…

Бириккен оппозициялык кыймыл (БОК) 12-февралда жыйынга чогулуп, бир катар маселелерди талкуулашты. Жазында митинг өткөрмөкчү болушту. Күздөгү парламенттик шайлоого бир туунун астында баралы деп күпүлдөштү. БОКтун лидери Равшан Жээнбеков Акматбек Келдибековго гарант болом десе, Кубанычбек Кадыров менен Өмүрбек Суваналиев арасынан «саткындарды» издеп убара болушту. Ал эми экс-губернатор Бектур Асанов митингди Таластан баштайлы десе, экс-«ак жолчу» Бегалы Наргозуев радикалдуу кадамдарга баруу зарылдыгын баса белгилептир. Айтор дешти. «Атамбаев кетсин!» деген ураандын алдында оппозициялык күчтөрдүн кеңири фронту менен күрөштү улантабыз деп кыйкырышты. Эми булардын мындай ураан-чакырыктарынан, ат жүрүштөрүнөн кандай майнап чыгарын убакыт көрсөтөр. Биз ага чейин ысымы аталгандардын айрымдарынын бейнесине саясый боек сүртүп көрөлү дедик.

Жээнбеков, Суваналиев

БОКтун лидери Равшан Жээнбеков 45 жашта. 2 жогорку билими бар, илимдин кандидаты. 1997-жылы президенттин аппаратына катардагы референт болуп жумушка орношуп, президенттин жардамчысы, президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орунбасарлыгына чейин жеткен.

Элдин эсинде калган «эмгектери»: 2001-2004-жылдар аралыгында мамлекеттик мүлк фондун жетектеп, жалпы жонунан 342 объектини текейден арзан баада пулдап, жеке колго өткөрүүгө кол кабыш кылган. Равшан Бабырбековичтин арты менен ондогон бала бакча, төрөткана, оорукана, мектептердин имараты жеке колго өтүп, анын кесепетин алигиче тартып атабыз.

Саясаттагы жүрүштөрүнөн: Туруктуу эмес. 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдында этегине корголотуп жүрүп өстүргөн апчеси Майрам Акаева менен жездеси Аскар Акаевди сатып, оппозицияга ооп кеткен. Кийин санаалашы Курманбек Бакиевге оппозиционер болуп чыга келди. Натыйжада эки жылдан ашуун убакыт океандын ары жагында жашады. Эгер апрель окуясы жүз бербегенде дагы деле Америкалап жүрмөк.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата мекен» партиясынын атынан мандат алып, адатынча «ойнооктугун» карматып Өмүрбек Текебаевге оппонент боло калды. Ошондон бери оппозиция жээгинде, сындагандан бөлөк жарытылуу сунуш айта элек.

Идеал тутканы: АКШ демократиясы. Бирок ички жандүйнөсүндө авторитардык режимди самайт. Буга былтыр кошуна авторитардык өлкөлөрдүн башчыларына жасаган кайрылуусу тирүү мисал.

Кулк-мүнөзү: Өтө куу, адамдарды керек учурда пайдаланып, «кумары» кангандан кийин «тряпкадай» таштап кетүүнү көнүмүшкө айландырган. Бийликке жетиш үчүн мекенин сатып жиберүүдөн да кайра тартпачудай түрү бар.

 

«Секирчээктин» мастери

55 жаштагы милициянын отставкадагы генерал-майору Өмүрбек Суваналиевди кимдер билбейт. 1981-жылы улук оперликтен эмгек жолун баштаган Өмүрбек мырза ички иштер министрлигине чейин жетти.

Карьералык өсүшүнөн: 2005-жылдын 24-мартында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине дайындалган. Ошол эле жылдын 13-майында ички иштер министрлигинин орунбасарлыгына дайындалып, 35 күн өтүп-өтпөй ошол кездеги режимге каршылык иретинде отставкага кеткен. Анын туруксуз позицияны кармаганын ушундан билиңиз: 2005-жылдын ноябрында ИИМдин орунбасарлыгына кайтып барып, бир жылдан кийин министрликтин «эки тизгин, бир чылбырын» колго кармаган.

Элдин эсинде калган «эмгектери»: Дээрлик жок десек жаңылышпайбыз. Анын саясаттагы туруксуздугу 2010-жылкы парламенттик шайлоодо ашкереленди. Алгач «Ата журт» партиясына кирип, андан соң «Республикага» секирип, «айныкейи» кармап кеткенде «Содружествого» өтө качты. Жыйынтыгы нөл, «эки тоонун чөбүн эңсеген эчки арам өлөт» болду. 2011-жылы президенттик шайлоодо 0,1 добуш жыйнай албай уятка калса, 2012-жылдагы Бишкек шаардык кеңешине «Ар-намыстын» желеги астында катышып, маарага акыркылардан болуп келди.

«Жыгылган күрөшкө тойбойт» демекчи, Каршылык көрсөтүү кыймылын (ККК) түзө салып: «Президент бийликти узурпациялап алды, биз ага жол бербешибиз керек» деп айкырып чыкты. Дооматы суу кечкен жок. Тескерисинче, анын биртуугандары мамлекеттик бажы кызматы, салык кызматы сыяктуу жогорку посттордо жетекчинин орунбасарлыгын аркалап жүргөнү ырасталды.

Баса, 2010-жылдагы июнь коогалаңында Оштогу кырдаалды жөнгө салгандын ордуна артын карабай качып баса бергенин ал кездеги президент Роза Отунбаева жар салган. Анын айтымында, Ө.Суваналиев өзүнүн милдетин аткара албай, коркконунан качып баса берген. Ошондой эле өгүнү: «Эмне коррупционерлер түштүктөн эле чыга береби? Эмнеге түндүктөн чыкпайт?» деп элди экиге бөлгөнү коомчулуктун кескин сынына кабылды. Коррупция менен күрөш жерлигине, тууган туушкандыгына карабай тургандыгын Өмүрбек мырза билбейт өңдөнөт. Же ал туулгандан эле жердешчилик «оорусу» менен ооруп келатканбы?

Кулк-мүнөзү: Эмоционалдуу, өзүн гана кыйын сезет. Жада калса оппозициядагы санаалаштарын теңине албайт. Буга БОКтун 12-февралдагы жыйынында: «Акматбек Келдибеков да бийлик менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралу маалымат бар. Ошондуктан ал да өз позициясын элге ачык жарыяласын. Оппозицияга кошулабы же бийлик менен тымызын тил табышып кетеби? Кийин ал да Ташиевчесинен тескери сийип жүрбөсүн?» деп А.Келдибековду «сийгич» атаганы далил.

 

Оргу-баргы, өзүнөн башка мүчөсү жок партия лидери Кадыров

Ысык-Көлдүн кулуну Кубанычбек Кадыров чоң саясатта 2008-жылдан бери жүрөт. 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийин Швейцарияга качып кетүүгө аргасыз болгон.

Элдин эсинде калган «эмгектери»: Жок. Апрель окуясынан кийин аз убакытка ИИМдин орунбасарлыгын аркалап, бир катар бизнесмендерди «сааганы» үчүн кызматтан айдалган. Мына ушуну «эмгек» деп атаганыбыз туура болбой калат го, ыя?

Кулк-мүнөзү: Оргу-баргы. Күпүлдөп сүйлөгөнү Нурлан Мотуевге окшош.

 

Максимге «кызыккан» Наргозуев

«Ак жолдун» убагында Курманбек Бакиевден дагы анын уулу Максим Бакиевди жата калып мактаган Бегалы Наргозуев азыр оппозицияда.

Элдин эсинде калган «эмгектери»: Мурдагы бийлик тушунда «Эсен эйр» авиакомпаниясын түптөп, эпсиз байыды. Карапайым калктын кыйналганын көрүп турса да ханзаада Максим Бакиевге жүгүнө кызмат кылып, аны болочоктогу президент атаганы элдин эсинде алигиче сакталуу.

Парламенттин мурдагы чакырылышында Турдукан Жумабекова, Дамира Ниязалиева сындуу «аялдар отрядын» башкарып, гезиттерге ушак таркатуу жагынан алдына ат салдырган эмес.

Кулк-мүнөзү: Өтө куу. Кан досу Ө.Суваналиевдин жанынан чыкпайт, чамасы, ал президент болуп калса «серый кардиналдыкты» аркалайм деп кыялданып жүргөн го. Бир кемчилиги – «кыз-келинди көргөндө, кереге-уук алдынан жорголоп кирип бармайы» бар.

 

«Жарылайын» деп турган Асанов

Апрель окуясынан кийин Жалал-Абад губернаторлугун аркалап, ээрден шыпырылаары менен оппозиция жээгине өтө качкан Бектур Асановду бири «ата мекенчи» Өмүрбек Текебаевдин «агенти» дешсе, дагы бири Мелисбек Мырзакматовдун «чабарманы» дешет. Кимисини болсо ошонуку болсун, бирок, анын дагы күпүлдөгөн мүнөзү бар. Июнь коогалаңын иликтеген комиссиянын отчету парламентте угулуп атканда Бектур акабыз: «Мен бомба жарам» деди эле, бирок жара албады. Ошондо Алтынбек Сулайманов: «Жарылчудай семирип калыптырсын» деп Асановду «келекелегенин» бүткүл эл уккан. Ошол «жарылчудай» неме БОКтун катарын калыңдатты. Дагы эмнени жараар экен?

Июнь окуясы демек, ошол коогалаңдын алдында кадимки Кадыржан Батыровду жандап чогулуштарга катышып, анын сөзүн кубаттап коштогонун тастыктоочу тасмалар интернетте кенири жайылган. Айрым саясатчылар июнь окуясы үчүн Б.Асановду дагы күнөөлөп чыгышкан. К.Батыров менен кандай маселелерди талкуулаганын так айта албайбыз. Балким өзүнүн абийири ойгонсо бул тууралуу кенен кеп салып берер.

Акинай АЙДАРОВА

Айбати гезити №116



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru