Айбат » Аждар Куртов: “Кыргызстандын азыркы бийлиги Акаев менен Бакиевдин режиминен башка”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Аждар Куртов: “Кыргызстандын азыркы бийлиги Акаев менен Бакиевдин режиминен башка”

Аждар Куртов

“Кыргызстандын азыркы бийлиги канчалык сындалса да Акаев менен Бакиевдин режиминен такыр башка жана аларга окшобойт. Канткен күндө да учурдагы бийлик эл үчүн иштеп жатат”, –  мындай оюн “24.kg” порталына орусиялык белгилүү саясат таануучу, Орусиянын стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Аждар Куртов билдирген.

А.Куртов буга карабастан белгилүү факторлор аркылуу Кыргызстанда төңкөрүш жасоо аракети болорун айтат. “Учурда тиешелүү факттардын негизинде, “Кыргызстанда үчүнчү мамлекеттик төңкөрүш даяр болуп калды” деген пикирлер чогулуп калганына карабастан, мен жакынкы жазда боло турган төңкөрүшкө сын көз-караш менен карайм. Бардык мүмкүнчүлүктөр жана аракеттер ишке ашпайт”, – дейт ал.

Анын айтымында, азыркы бийлик өз ишин татыктуу аткарууга жөндөмдүү жана оппозициянын республикадагы реалдуу маселелерди чечүүгө кудурети жетпейт. “Канткен менен мамлекеттеги саясий кырдаалды курчутуп жиберүү коркунучу бар. Себеби, алсыз оппозиция сөзсүз түрдө өз аракеттерин деструктивдүү жолдор менен башташы ыктымал. Өздөрү колунан эч нерсе келбесе же калктын калың катмары колдобосо бийлик үчүн ушундай кадамга барышы мүмкүн”, – дейт ал.

“Кыргызстанда тынчтык болушу коомдун ызы-чууларга карата мамилесинен көз каранды. Эгер эл кан төгүүлөрдү жана трагедиялык окуяларды каалабаса буга жол бербейт. Биздин баамыбызда кыргыз элинде мындай иммунитет бар”, – дейт А.Куртов.

Айбати гезити №116



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru