Айбат » Күйүүчү майдын баасы 50 тыйынга кымбаттаса кыйкыргандар 10 сомго арзандаса унчукпайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Күйүүчү майдын баасы 50 тыйынга кымбаттаса кыйкыргандар 10 сомго арзандаса унчукпайт

БензинКечээ, 19-февралда республиканын түндүгүндө АИ-92, АИ-95 жана АИ-98 маркасындагы бензиндин баасы дагы 1 сомго арзандады. Бул тууралуу КРдин нефтетрейдерлер ассоциациясынан маалымдашты.

Ал эми түштүк облустарда АИ-92 бензининин баасы 2 сомго, АИ-95 маркасындагы бензиндин баасы 1 сомго арзандаган. Мындан тышкары Баткен областында АИ-80 маркасындагы бензиндин жана күйүүчү майдын баасы литрине 1 сомго арзандаган.

“2015-жылдын башынан бери 6 сомдон 9,5 сомго чейин арзандаган. Акыркы айларда байкалып жаткан баанын арзандашы Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун мунай өндүрүмдөрүнө карата дүң баасын арзандатып жатканы себеп болууда”, -деп кабарлашты ассоциациядан.

Бензиндин баасы 50 тыйынга кымбаттаганда айрым оппозиционерлер кыйкырып чыгышканын көргөнбүз. Жыл башынан бери күйүүчү май 10 сомго чейин арзандады. Негедир баягы «бакырчактар» тилин жутуп алгансып унчугушпайт. Жок дегенде ушундай жакшы саамалыктарды колдоп коюшпайбы. Же алар кемчиликтен кынтык издеп, ошондон упай топтоону адатка айландырып алышканбы?

Айбати гезити №116




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru