Айбат » Илимдеги “плагиат доктор” жана “өзүм билем” жетекчи Аида Токтоматова

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Илимдеги “плагиат доктор” жана “өзүм билем” жетекчи Аида Токтоматова

Токтоматова АидаКыргыз элинде «атың чыкпаса, жер өрттө» деген кеп бар. Анын сыңары кадимки коррупция беренеси боюнча мойнунда кылмыш иши бар экс-спикер Акматбек Келдибековдун жубайы Аида Токтоматованын аты дагы адегенде эле жакшы жагынан чыккан жок. Эгемен Кыргызстандын тарыхында ал «Журналисттердин бардыгын тизелетем» деген «учкул» сөзү менен кала турган болгон. Бирок, биз жаңылыптырбыз, көрсө анын элге белгисиз «эмгектери» дагы толтура экен.

Анын баары бир четинен белгилүү боло баштады. Маселен, бүгүн борбор шаарыбыздагы маалымат агенттиктеринин биринде Аида айым жетектеген репродуктивдүү ден-соолук илимий борборунун кызматкерлери маалымат жыйынын беришип, анын медицина илимдеринин доктору деген жогорку илимий даражаны кандайча алгандыгын шардана кылышты. Эгерде анын күйөөсү Келдибеков пенсионерлердин пенсиясын өзүмдүк кылганды жакшы өздөштүргөн болсо, Токтоматова өзү башка илимпоздордун эмгегин өзүмдүк кылууга маш экен. Жыйынга катышкан акушер-гинеколог Фатима Мукаеванын айтымында Аида айым илимдин докторлугун Эл аралык академиянын Борбор Азиялык филиалынан алган. Бирок ал эмгекти Кыргызстандын жогорку аттестациялык комиссиясы бекиткен эмес. Буга бир нече себептери бар. Биринчиден, Токтоматова жазган докторлук диссертациянын жарымына чукулу башка илимпоздордун материалдарынан алынган. Норма боюнча башка эмгектерден колдонуу илимий иштин 10 пайызынан ашпашы керек.

Мына ушундан улам Токтоматованын эмгегин плагиаттык эмгек катары бааласак болчудай. Бул туурасында Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Вахтель мындай дейт: «Мен бул Токтоматова жазган илимий диссертацияны жасалма деп баалайм. Андыктан ал алдыда боло турган Калифорниядагы аттестациядан баш тартуусун өтүнөм».

Ошондой эле ал Токтоматова иштеген мекеме адам өмүрүн сактай турган жоопкерчиликтүү медициналык мекеме экендигин эске салат. Ырасында эле медицина илими адам өмүрү менен түздөн-түз байланыштуу. Кичинекей бир гана жаңылыштык, адам өмүрүнө коркунуч туудурушу толук мүмкүн. Адам өмүрүн кайра калыбына келтирүү – бул башка бирөөлөрдүн эмгегин уурдап көчүрүп жазып ала тургандай жеңил-желпи иш эмес. Андыктан аталган борбордун кызматкерлеринин Токтоматованын кызмат ордунан кетишин талап кылып жатканы толук жөндүү деп айтсак болот. Бул айтылгандар анын илимий жаатка жасалмалуулук, уурулук негизди салып атканы тууралуу гана болду.

Экинчи жагынан ал «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деген жетекчи болуп жатканында болууда. Ошол эле акушер-гинеколог Фатима Мукаеванын айтымында Аида Токтоматова жетекчи болуп келгени борбордогу тажрыйбалуу, дасыккан профессионал дарыгерлерди эч себептери жок эле жумуштан айдап турган. Кыязы ал дарыгерлерди дагы журналисттерди тизелеткендей тизелетем деп ойлосо керек. Анын жетекчи катары чабалдыгын далилдеген дагы бир факты – бул аталган борбордогу ЭКО бөлүмүнө 17 миллион сомдук жабдууларды сатып алып, бирок ал азыр музейге айланып турганында болууда. Себеби ал жабдуулар менен иштей турган азырынча ал мекемеде адистер жок. Андай адистерди тартууга кыязы Токтоматованын кадыр-баркы дагы жок окшойт. Ошондо 17 миллион сомду жөн гана музейге айлантып койгон жетекчини кандай жетекчи деп айтсак болот?..

Акинай АЙДАРОВА

Айбати гезити №116



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru