Айбат » Эсенгул Исаков, ЖК депутаты: “Гарем деп өздөрү элди бөлүп жатат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эсенгул Исаков, ЖК депутаты: “Гарем деп өздөрү элди бөлүп жатат”

Эсенгул Исаков- Эсенгул мырза, Каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Өмүрбек Суваналиев оппозициянын жыйынында “партиялардын көбү “Замандаш”, “Ата-Мекен”, “Ар-Намыс”, “Ата-Журт”, “Республика”, “Бир бол”, “Өнүгүү”, “Эмгек”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги” Атамбаев менен сүйлөшүп алышып парламентке келүүгө аракет кылып жатышат.  Ошондуктан булардын баарын Атамбаевдин гареминдеги атамбаевчил партиялар деп ачык эле аташыбыз  зарыл”, – деген оюн билдирген экен. Сиз мындай пикирге кандай жооп айтат элеңиз?

– Муну айтып жаткандар өздөрү гаремди алып жүргөн эркектер болсо керек. Гарем деп жатса өздөрү элди бөлүп жатат. Чынын айтканда Аида Салянованы да ушундай адамдар президентке каршы тукуруп, ары жактан карап турат.

Мунун баары эл арасына алдын ала от жагуу болуп саналат. Мамлекетти уурдап, жеп жүргөндөр кайра бийликке келгиси келип ушундай сөздү айтып жатат. Эгер алар кыйын болсо  “биз мына Акаев, Бакиев маалында чоң кызматтарда отурдук бирок элге эч нерсе кыла албадык, эми шайласаңар бир нерсени кылып беребиз” деп айтып көрсүн. Бирок, антип айта албайт. Жамандабай туруп эмне кылып оңдошубуз керек деп айтпайбы. Биз Карганбек Самаков менен өз алдынча чыгып таза адамдар менен эч кимди жамандабай туруп элдин турмушун жакшыртуу үчүн аракет кылалы деп жатабыз. Ал эми “Ар-Намыс” партиясын бийликтин гареминдеги партия дегенине кошулбаймын. Биздин партияда демократия бар.

- Шайлоонун таза өтпөй турганы тууралуу айтканларына кандай карайсыз?

– Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен калктын биометрикалык маалыматын чогултуу иши жүрүп жатат. Эгер бул аягына чыгып калса шайлоону таза өткөрүүгө өбөлгө болот. Биз ушул багытта ишти илгерилетип, элге жакшы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүбүз зарыл.

Айбати гезити №116




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru