Айбат » Бириккен оппозициялык кыймылдагылар эмитеден эле эки ача сүйлөй башташканы кандай?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бириккен оппозициялык кыймылдагылар эмитеден эле эки ача сүйлөй башташканы кандай?

оппозицияЭске сала кетсек, кече жакында эле, тактап айтканда 12-февралда Бириккен оппозициялык кыймыл жыйынын өткөрүп, анда алдыдагы жазгы саясый жүрүштөрүн «Атамбаев кетсин!» деген ураандын алдында жасоону чечишкенин маалымдап чыгышкан. Чындыгын айтканда мындай ураанды бийликтеги биринчи адамга карата ичинде ич күптүсү бар Өмүрбек Суваналиев көтөрүп чыгып, аны дагы бир таарынычында чек жок болуп жүргөн Бектур Асанов колдогондугу маалым болгон. Анан жалпы жонунан жыйынга катышкандар бардыгы баш ийкемиш болуп, ушул ураандын алдында чыгабыз дегендей таркашкан эле. Бирок, БОКтун лидери Равшан Жээнбеков маалымат сайттарынын бирине курган маегинде Суваналиев тарабынан сунушталган бул ураан жалпы колдоого алынбагандыгын ачыктап чыкты. Кыязы, жалгыз адамдын таарынычы менен саясый күрөшкө аттануу өздөрү үчүн эле оңтойсуз абалды түзүп коерун түшүнүшкөн окшойт. Равшан мырзанын айтымында алар эми «Кризис жана аны чечүүнүн жолдору» аттуу ураандын алдында саясый жүрүштөрүн жасашат экен. Бирок муну менен эми Суваналиев, Асановдор макул болобу, же баштарын чайкап, Равшан мырзага далыларын салып коебу, көрө жатарбыз. Мына ушунакай, «биригебиз» деп бийликти көксөгөн оппозициячыл саясатчылардын сөздөрү эмитеден эле эки ача чыга баштады. Мындай жүрүш менен булар шайлоого жетпей эле сай-сайлап кетишет окшойт… Баса дагы бир айтып коюучу жагдай бир топко биригебиз деген оппозициячылдар ошол жыйындын жүрүшүндө эле бири-бирин «поктоп» алышты. Башкача айтканда жыйынга катыша албаган Келдибеков менен Мырзакматовду каратып туруп эле капталдата соккондорун көрүп, оозубуз ачылды. Чыңырган калпты айтып эле басып жүргөн «Чындык» партиясынын төрагасы Кубанычбек Кадыров «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматовду кагазга ороп туруп «саткын» деп атады. Ал Мырзакматовдун учурда бийлик менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүп атканын айтып, «ал оппозицияга кошулбай турганына 100 пайыз кепилдик берем» деп билдирди. Эми көрө жатарбыз. Берген кепилдигин аткара алабы, же адатынча танып кетеби? Ал эми Өмүрбек Суваналиев болсо, алыскы өлкөлөрдүн биринен жаңыдан гана кайтып келген Келдибековдун «заара ушатышы башкача болуп калыптыр» дегендей кыйытты. «Ташиевчесинен тескери сийип жибербейби, Келдибеков? Ошону такташтырыш керек» деди ал. Мына ушундайча эмитеден эки ача сүйлөшүп, эмитеден бири-бирине «тескерисинен туруп сийип» баштаган оппозициячылдар канча күнгө чейин чогуу болот экен?..

Айбати гезити №116




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru