Айбат » Нурбек Токтакунов: “Улутташтыруудан кийин Канада менеджменти кетип, кыргыз менеджменти иштей баштаса, талап-тоноо ошондо башталат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурбек Токтакунов: “Улутташтыруудан кийин Канада менеджменти кетип, кыргыз менеджменти иштей баштаса, талап-тоноо ошондо башталат”

Нурбек Токтакунов- Нурбек мырза, «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу демилгеси дагы деле парламент депутаттары тараптан чыгып калууда. Бул кадамдын Кыргызстан үчүн кандай таасирлери болушу мүмкүн?

– Учурда «Кумтөр» ишканасы канадалык инвесторлордун менеджменти менен иштеп атат. Анын негизинде ал жакта тартип катуу сакталат. Тартип катуу сакталгандан кийин, иш жүрөт, айлык акылар өз убагында берилет. Өндүрүштүн иши бир калыпта, бюджети ачык-айкын болуп келет. Эгерде улутташтыруу кадамынын арты менен алтын кенин иштетүү биздин колго өтсө эмне болот? Бизде коррупция деген мойнубузга чейин оролуп алган, бюджеттин ачык-айкындуулугу жок. Анан даана талап-тоноо ошондо башталат. Ысык-Көлдөгү «Витязь» пансионатынын бүгүнкү күндөгү абалын билесиздер да?.. Ал улутташтырылганга чейин кандай сонун иштеп атты эле? Улутташтырылгандан кийин кандай болуп калды? Абалы өтө начар. Ошол сыяктуу эле азыр биз «Кумтөрдү» улутташтырсак, анда аны да талап-тоноп алып, «Кумтөрсүз» калабыз. Өзүбүздүн эле ууру, коррупционерлерибиз аны жок кылып тынат.

- Айрым саясатчылар ““Кумтөр” улутташтырылса деле анын өндүрүшү калыбынан жазбай иштей берет” деп айтышууда. Бул реалдуу нерсеби?

– Ошол улутташтыруу демилгесин көтөрүп аткандар ушинтип айта беришет. Бирок биздин өзүбүздүн улуттук менеджментибиз кандай экенин жакшы билебиз да? Бардыгы «кыргызча» болот. «Кыргызча» бизнес иштей баштайт. «Кумтөр» коррупциянын чордонуна айланат. Анан акырындык менен жок болот. Азыр ал жакта канада менеджменти иштеп аткан үчүн бюджетибизге акча түшүп атат. Ал акча дагы түшпөй калат. Андыктан мен улутташтырууга каршымын. Бизде азыр бир гана туура жол турат. Ал жанагы 50-50 пайыздагы биргелешкен ишкана түзүү келишимин күчүнө киргизип, иштетүү.

Айбати гезити №116



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru