Айбат » Бир-бирине кол сунган Келдибеков-Акаев ортомчулукту катыра аткарып аткан Айтикеев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бир-бирине кол сунган Келдибеков-Акаев ортомчулукту катыра аткарып аткан Айтикеев

Адилет Айтикеев, Аскар АкаевКоррупцияга шектелип камакка алынаары менен “катуу ооруп” калган Акматбек Келдибеков ден-соолугун шылтоолоп Германияга учуп кетип, бирок Дубайда катыра эс алып келгенин абдан жакшы билет эмеспизби? Ал Дубайда да жөн жатпай өзүнө карата козголгон кылмыш иштеринен кантип кутулуп кетүүнүн жолдорун издештиргени маалым болду. Бул багытта ал ортомчулук милдеттерди жакшы аткарып, ошонун арты менен күн көрүп жүргөн журналист чалыш Адилет Айтикеев аркылуу Кыргызстанды коррупциянын сазына малып салып качып кеткен Аскар Акаевге жолукканы тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Малайзиядан кайтып келгенине бир жумадан ашып калган Келдибеков бул маалыматты төгүнгө чыгарган жок. Унчукпагандык макул дегендин белгиси экендиги чын болсо, демек алар Акаев экөөнүн жолукканы дагы чын. Бирок, ал ортодо ортомчулук аркылуу акчага маарып аткан Айтикеев алыскы Маскөөдөн үн салып, “Келдибеков менен Акаев жолуккан эмес” деп бир кыйкырып алды. Ал канчалык кыйкырбасын, чындык деген кашкайып чыга берет турбайбы? Акаев менен Келдибековдун жолугушуусунун бири-бирине кандай пайдасы болушу мүмкүн деген суроо туулат. Экөөнө тең абдан сонун пайдалуу. Биринчиден, Аскар Акаев бүгүнкү бийликтин тушунда Кыргызстанды канчалык сагынып, кусаланбасын кайтып келалбайт. Себеби биринчиден эл алдында эмне деп жооп берем деп коркот. Экинчиден, кандайдыр бир кылмыш иштерин илештирип аламбы деп этияттанат. Демек, ал үчүн Кыргызстанга кызыл килем менен тосуп алып, адегенде аны эл алдында толук актап, колдон келсе көкөлөтө мактап тосуп ала турган бийлик керек. Ал эми Келдибековго болсо мойнуна илинип аткан кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу кажет болуп турат. Ал үчүн Акаев тараптан финансылык колдоо керек болот. Бийликти күч менен басып алууну самап отурушкан оппозициячылдар үчүн Акаев тараптан келе турган финансылык колдоо абадай эле зарыл. Көрдүңүзбү, эки тараптуу кызыкчылыктын шайкеш келип турганын? Ал эми Адилет Айтикеев дегенге акча гана керек. Анан далыга таптап мактоо керек. Ошого эле курсант…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбати гезити №116



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru