Айбат » Ушактын уусунан чуусун көп кылган ашпозчу Наргозуев “жаңы киллер” атыкты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ушактын уусунан чуусун көп кылган ашпозчу Наргозуев “жаңы киллер” атыкты

НаргозуевЫраматылык Мелис Эшимканов аркылуу дагы бир ырааматы болгур Медет Садыркулов менен Максим Бакиевге кайта-кайта кирип, Бакиевдик “Ак Жол” партиясынан депутаттык мандатка жетишкен Бегаалы Наргозуев учурда өздүк сайты аркылуу жалаң “жаренный ушактар” менен коомчулукту уулап бүтмөй болду. Жазмакердик ныпым таланты жок, кино тармагына аралашып жүрүп же кыйратып тарткан бир киносу жок бул жигит акыркы учурда Таалай Асанов деген псевдонимге жашынып алып, Суваналиев экөөнө жакпаган кишилердин баарын жамандап, ал тургай кашайган калптарды өрдөккө айландырып учурганды өнөкөткө айлантты.

Бейиши болгур Мелис Эшимканов Өмүрбек Суваналиев экөөнү тааныштырып, окшоштуруп жетелештирип койбогондо азыр Бегаалы мырза эки кабат үйүндө авиа билеттерин сатып тынч оокатын өткөрүп жүрө бермек окшойт. Бегаалы Наргозуев элдин же оппозициянын атынан жалган маалымат тараткыдай деги өзү ким экенин азыр унутуп калса керек. “Кыргыз фильмде” сокур сому жок жүрүп, кийин ишкер Турусбек Мамашев аркылуу бизнеске кирип, алгачкы капиталын авиа бизнестен тапкан. Кытайга, Түркияга авиа билеттерди кымбат сатып, жөнөкөй ишкерлердин жонунан кайыш тилип отуруп, биринчи бизнесин баштаган. Кийин кандайдыр бир жол менен Акаевдердин тегерегиндеги эң жакын адамы Кубанычбек Жумалиевдин көлөкөсү менен “Эсен Эйр” авиа компаниясын түзүп, сырттан келген жараксыз делип иштетүүдөн чыккан самолётторду Кыргызстандын ички каттамдарына кийирип, элдин коопсуздугу менен ойноп, чөнтөгүн кампайтып алган.

Андан тышкары бир эле кыргыз жарандарынын чөнтөгүн какпастан Баткен шаардык аэропорту тарабынын тажик жарандарын Үрүмчүгө, Россияга ташып бизнесин гүлдөтүп, акыры ал кирешесин криминалдык элементтер бууп койгону көпчүлүккө жашыруун. Бизнеси гүлдөбөй, ити чөп жебей калганда Суваналиевди ээрчип, Нарындын тоолорунда аңчылык кылып, азыркы ажо Атамбаевге кирип, Транспорт жана коммуникация министрлиги алдындагы жарандык авиация департаментин сурап кирүү боюнча сөз жүргүзүшөт. Ал тургай ортого да киши салышат. Президенттен “Мен Максим Бакиевдин оту менен кирип, күлү менен чыккандар менен иштешпейм” деген кескин сөзүн уккандан кийин азыркы президентти көрдөн алып жерге, жерден алып көргө уруп жаткан кези.

Эмнеге Наргозуевди президент жанына жакын жуутпайт? Анткени ал бир эле учурда бир нече фронтко ойноп, ал тургай депутат кезинде эле кесиптештеринин баскан тургандарын эң биринчи журналисттерге шыбырап турчу “живой жучок” болгон. Ал гана эмес моралга каршы келген сүрөттөрдү да гезит бетине бастырып, Максим жана Жаныш Бакиевге жата калып кызмат кылганын азыркы саясатчылар унутпаса керек. Ошондон улам эч бир саясатчы ал кишини жанына жакын жуутпай койгондо Суваналиевдин колтугунан баш паанек тапты. Суваналиев даярдап келген калптарды сайтына жазып отуруп азыр ушактын да кунун кетирип жатат. Буга Аида Салянованын өлкөдөн чыга качты деген маалыматы күбө.

Ал эми кудайындай көрүп, Суваналиев президент болот деп, түшүндө акталган таруу жеп жаткан Бегаалы мырзанын досу Түштүктүн жигиттери коррупционер деген маанидеги маегин азыркы саясатчылар не дешет болду экен. Ошол эле отурган жеринде мактап жаткан Мелис Мырзакматовдун тарапкерлери Субаналиев-Наргозуев кылыгын кантип түшүнөт? Азырынча Мырзакматовду подстава кылышып, аны мактап, далыга таптап, каражатын алышып оппозиция обонун созуп жүрүшөт.

Бирок, качанкыга чейин? Антип оппозиция чепкенин жамынбай андан көрө мурда кийин иштетип, ден соолугун талкалаган журналисттериңиздин айлыгын берип, алар жазгандай “көз жашына карабай” убалына калганбы? Бир учурда шынаарлаша калган вице-премьер министр Дамира Ниязалиеванын ишине тоскоолдук жаратпасаңыз кандай болот? Качанкыга чейин “Бизге бирикпегендин баары биздин душман” принцибин тутунасыз. Айтсак, жазсак көп эле быкый-чыкый бар, болгону кагазга убал…

Айбати гезити №116



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru