Айбат » Партиялардын шайлоого карай арышы аксап жатабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Партиялардын шайлоого карай арышы аксап жатабы?

убакыт акчаКыргыз бийлиги Жогорку Кеңешке 10 пайыздык барьерди киргизүү демилгесин көтөрүп, мыйзам менен бекемдөө иш-аракети башталганы шайлоо жакындаган сайын саясый партиялардын түн уйкусун ала баштады. Мындай кадам старт алганы айрым партиялар бири-бири менен “никелешип” баш кошушууга өтүштү. Текебаевдин  тузагына илинип калган Бабановдун  “Республика” партиясы Ак үйдүн тосмосуна секире калам деп алаасынан айрылып кала жаздаган Ташиевдин “Ата-Журт” партиясы  “никелешти”. Андан көп өтпөй  “Бүтүн Кыргызстан” менен “Бир Бол” биригип, кечээ жакында кайрадан ажырашты.  Ал эми учурда “Эмгек”, “Өнүгүү” партиялары биригүү ниеттерин билдиргени угулууда. Азыртадан эле шайлоого болгон даярдыктар дуулдап баратышы эмнеден кабар берет?  Шайлоо алдындагы шайтан оюндардын аягы эмне болот? Бул суроолорго жооп издеп көрөлү…

 

“Бүтүн Кыргызстан” + “Бир Бол”:  ажырашуунун артында не турат?

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан” менен “Бир Бол” партиясы ымаласы жакшырып, эч ажырагсыздай  коомчулукта түр көрсөткөн. Андан көп узабай кайрадан ажырашып кетишине бири-биринин идеясы төп келбей калганы айтылууда. Баш кошкондон кийин эле Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстандын” жүз пайыз идеясын колдосоңор биригем деп Алтынбек Сулаймановго тиш кайраган. Ошондон кийин эле  “бирболчулардын” “Бүтүн Кыргызстанга” болгон сүйүүсү сууп, тескери баса баштаган. Бирок, айрымдар бул ойду четке кагып, “Бир Бол”  тиги партияны теңине албай, өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтө баштагандыктан аргасыздан  Адахан Мадумаров жергиликтүү ЖМКлардын бирине жогорудагыдай позициясын билдирген деп ак эткенден, так этишүүдө.

 

“Республика Ата-Журтту” кара булут каптай баштады…

Эмки кезек “Республика Ата-Журтка” келгени калды окшойт. Себеби, “Ата-Журт” партиясы Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго жана Ахматбек Келдибековго таандык болгону коомчулукта белгилүү болсо, эми партиянын ээлери чыга баштады. Жакында эле “Ата-Журттун” чыныгы ээлеримин деп Базарбай Темишов, Талантбек Алмаматов, Сүйүн Кадыров, Клара Тыныбекова дегендер кайрылуу жасап чыгышты.  Алардын айткандарына ишенсек,  партиянын ээлери ушулар экен.  Ташиевдерге 2015-жылга чейин партияга ээлик кылуу вазыйпасы берилгендиктен   быйыл партия жогорудагы кишилерге таандык болушу керектиги айтылат.  Мындай билдирүүлөрдүн артында  Ахматбек Келдибеков турушу  мүмкүн деген жоромолдор чыга баштады.  Келдибековдун планы боюнча ,   “Ата-Журт” партиясында  Ташиевдин  коколой эле башы турат. Артында кадыр-баркка ээ эч кимиси калбай калган.  Эгерде, партия мыйзамдуу ээлерине өтүп кетсе, анда автоматтык түрдө “Ата-Журттан”  Ташиев айрылат. Ташиев үчүн гана бириккен Бабановдун партиясы эмне кылмак, кайрадан ажырашууга  бараары турган иш.  “Республика” партиясында да Бабановдон башка кишиси калбай калган, чачырап ар кимиси ар кайсы партияга кирсе, айрымдары өзүнчө партия ачып кетти.  Лидерлеринен бөлөк эч кимиси жок “Республика Ата-Журт” партиясы кайрадан экиге бөлүнүп кетүү коркунучунда турат.

 

“Өнүгүү”. “Эмгек”.  “Бир Бол”

Партияларда  мындай ажырашуу башталып жатса,  дагы бир эки партия биригүүгө  камданып жатканы угула баштаган.  “Республикадан” качып “Өнүгүү” деген партия түптөп кеткен Бакыт Төрөбаев  Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясына кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр болгону саясий чөйрөдө уу-дууну жарата баштаган. Бирок, көп өтпөй алкымы чоң Бакыт Төрөбаев ЖК депутаттык тизмесинде 120 орун болсо, анын 70 орунун сураптыр.  “Өнүгүүчү” депутаттардан парламентте эки-үчү турат. Алардын деле калкка кадыр-баркы өткөн эмес. Мындай жагдайды эске алган “Эмгек” партиясы Төрөбаевдин талабын четке каккан  өңдөнөт. Себеби, “Эмгек” партиясы курамын жалаң демилгечил жаштардан курады. Андан сырткары Салымбековдун канчалаган иш каналарында канчалаган жумушчулар эмгектенет. Анын үстүндө Аскар мырза саясат жагынан да экономика жагынан да менеджер эмеспи?..  Бирок, баары бир бир партия менен биригүүсү убакыттын талабы болуп турат.   Түштүктө  “Эмгек”, түндүктө “Бир Бол” партиясы күчтүү, демек, эки партия  бириксе элдин колдоосуна ээ болчудай…

Айбати гезити №116




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru