Айбат » «Президент жана бомж-2» тасмасы үч тилде которулууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » «Президент жана бомж-2» тасмасы үч тилде которулууда

бомжУчурда «Президент жана бомж-2» тасмасы орус, англис, түрк, казак тилдерине которулууда. Тасманын экинчи бөлүгү да биринчисине окшоп көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлмөкчү. Бул туурасында тасманын аткаруучу прдюсери Жаныбек Кубандыков «Супер инфо» гезитинин 12-апрелде чыккан санына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурдагыдан айырмаланып тасма бир катар башка өлкөлөрдө да тартылды. «Астана, Москва, Берлин, Парижде да тартылса, эми ошол шаарларда да коюлат деген ишенимдебиз. Азыр ушул багытта сүйлөшүүлөр жүргүзүлө баштады», – дейт ал.

Ал билдиргендей, 20-апрелде бир катар өлкөлөрдөн өкүлдөр келишип, аталган тасманы көргөнү жатышат.

Эске салсак, «Президент жана бомж-2» тасмасы Бишкектин «Манас», «Октябрь», «Кыргыз киносу», «Россия» кинотеатрларында жана Тарых музейинин залында көрсөтүлүүдө.

13-апрелден тарта Таласта, 17-апрелден Токтогулда, 18-апрелден Кара-Көлдө, 19-апрелден Таш-Көмүрдө, 20-апрелден Майлы-Сууда, 21-апрелден Жалал-Абадда, 23-апрелден Ош шаарында «Ак-Буура», «Семетей» кинотеатрларында жана драма театрында көрсөтүлөт.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru